Табияттын бүткүл дүйнөлүк фонду

Википедия дан

Табияттын бүткүл дүйнөлүк фонду (англисче World Widt Fund for Nature, WWF) – эл аралык коомдук ири уюм. Бул фонддун негизги максаты жапайы жаныбарлар менен табигый комплекстерди сактоо. 1961-жылы уюшулган. Жылына 1200дөн ашык экологиялык долбоорлорду (100дөн ашык өлкөдө) өлкөлөрдүн, кайрымдуулук фонддордун жана жеке адамдардын (5 млндой) финансылык жардамы аркылуу жүргүзөт. Ошондой эле токойлордун биотүрдүүлүгүн сактоо, деңиз ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана деңиздин фаунасы менен флорасын коргоо, климатты булгап, анын өзгөрүшүнө таасирин тийгизген ар кандай заттарга каршы иш-чаралар көрүү боюнча иштерди жүзөгө ашырат. Өзгөрүп жаткан айлана-чөйрөнүн экосистеманын ыңгайлуу шарттарын издейт. Ал өз учурунда калыбына келүүчү энергия булактарын колдонууга, сейрек кездешчү жаныбарларды (жолборс, чоң панда, керик, пил, адам сымал маймылдар, кээ бир таш бакалардын түрлөрүн жана тиб сыяктуулар ж. б.) коргоого алган өзгөчө аймактарды (корук, улуттук парк, резерват ж. б.) сактоого көмөктөшөт. Бул уюм Кыргызстанда 1996-жылы ишке киришип, 2009-жылы Борбордук Теңир-Тоонун сырттарында экологиялык түйүндүн үлгүсүн түзө баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]