Тегеренмей

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө, сахнада өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кичинекей тегерек жана ал тегеректин бир жагына кетчү 3—4 м. түз сызык сызылат. Андан кийин оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден тегерекке чыгышып бир жагын көздөй тегеренишет. Белгилүү жолу тегеренишип бүтүрүшкөндөн кийин, сызыкта түз басууга аракеттенишет. Андан кийин оюнчулар экинчи жагын көздөй тегеренишет. Ошентип оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Тегеренип бүткөндөн кийин, сызыкта түз баскан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шерик тегеретмей.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Терекке жакын турууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, токтоп кайра аракеттенүүгө, тегеренүүнүн тездигин акырындатууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда кыймыл» дары башкарууга, чыдамкайлыкка, коюлган максатка жетүү үчүн ынтыгууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]