Тит Лукреций Кар

Википедия дан

Тит Лукреций Кар (Х.Т.ч. 99—55-ж.ченде) — байыркы рим философу, өзүнүн латын тилинде жазылган «Нерселердин табияты жөнүндө» деген философиялык поэмасы менен атагы чыккан. Анын өмүрү жөнүндө эч нерсе белгисиз.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

De rerum natura, 1570

«Нерселердин табияты жөнүндөгү» чыгарма мазмуну боюнча эпикуреизмдин толук энциклопедиясы болуп саналат. Ал гана эмес поэмада бүткүл антик атомистикасынын толук сүрөтү берилет. Баяндоонун көркөмдүк формасы Лукрецийдин бардык философиялык жоболоруна кошумча аргументацияларды берет. Адамга философия зарыл керек, ал ага бейпилдикте жашоого негиз берет дегенге таянат Лукреций. Милдет адам бактысынын душмандарына — өлүм коркунучуна, кыямат кайымдагы жаза коркунучуна жана кудайлардан коркууга, алардын адамдын жашоо-турмушуна кийлигишүүсүнө каршы туруу. Эгерде адам дүйнөдөгү өзүнүн чыныгы ордун, өзүнүн чыныгы жаратылышын билсе, бул коркунучтарга каршы турууга болот, бул үчүн билим, философия талап кылынат. Эгер адам өзүн курчап турган дүйнөнүн жана өзүнүн жаратылышынын сырын билсе коркунуч- тардан кутула алат. Бирок жаратылышты билүү — куру максат эмес, ал бейпилдикте жашоого жетишүү үчүн маанилүү деп эсептейт Лукреций. Жаратылышты изилдеп-үйрөнүү этика-бакыт жөнүндөгү окуу менен аяктоого тийиш.

Жаратылыш жөнүндөгү окуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лукрецийдин поэмасында көбүрөөк иштелип чыккан бөлүгү кантсе да жаратылыш жөнүндөгү окуу. Лукреций эч нерсе жок нерседен бар болбойт, бар нерсе жок болбойт дегенден келип чыгат. Нерселер аларды кураштырып түзүп турган элементтерге ажырап бөлүнөт. Дүйнөдө телолор менен мейкиндиктер гана бар. Телолор алардын касиеттерин мүнөздөйт, ал касиеттерди телолордон бөлүүгө болбойт. Телолор же жөнөкөй же татаал болот. Жөнөкөй телолор — материянын андан ары бөлүнбөй турган бөлүкчөлөрү. Бөлүкчөлөрдүн чексиз бөлүнө беришине Лукреций жол койбойт. Лукреций атомдук концепцияны баяндаган болсо да ал «атом» деген сөздү пайдаланган эмес, аны «телочо», «урук» жана у.с. аталыштар менен алмаштырган.

Атомдор тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атомдор нерселердин түпнегизи катары көзгө көрүнбөйт, туюк болот, тыкыздыкка жана салмакка ээ, фигуралары жана көлөмү, алган орду жана саны (биригип тургандыгы) боюнча айырмаланышат. Алар телолорго гана мүнөздүү болгон касиеттерге жана сапаттарга ээ эмес. Телолордун касиети атомдордун формаларына, алардын санына жана алып турган ордуна байланыштуу. Атомдордун формасы ар түрдүү болот. Эпикурдун окуусуна ылайык Лукреций атомдордун кыймылынын уч түрүн айырмалайт, алар: 1) салмагына байланыштуу түз сызык боюнча кетүүчү кыймыл: 2) өзүнөн өзү кыйшайып кетүүчү кыймыл: 3) түрткүдөн пайда болуучу кыймыл. Лукреций дүйнөнүн пайда болушун да атомдордун ички кыйшаю кыймылы менен түшүндүргөн, Лукрецийдин пикири боюнча, дүйнө кудайлардын эч кандай кийлигишүүсүз эле жаралган. Бул нерселердин табыяты, — деп жазган ал,— эч кандай теңирликтин эрки менен биз үчүн жаралган эмес» [Лукреций.» Нерселердин табыяты жөнүндө». V. 198—199].
Лукрецийдин пикири боюнча, жаратылышта чексиз өзгөрүүлөр жүрүп, дүйнөлөр пайда болуп, кайра өлүп жок болуп турат. Мейкиндик чексиз болгондой эле Аалам да чексиз. Лукреций жашоо «түпнегизден» өзүнөн өзү келип пайда болгон деп эсептейт. Организмдер белгилүү бир тартипте, атап айтканда, алгач өсүмдүктөр, жаныбарлар, андан кийин адамдар пайда болгон. Лукреций жандын көчүшү жөнүндөгү окууну танган, ал дененин, жандын, духтун ажырагыс байланышын ырастаган. Ал өлүм коркунучуна да каршы чыккан, өлүм — бул азап чегүүдөн кутулуу, ал эми өлүм коркунучу адамдардын жаратылыш мыйзамдарын билбегендиктен улам пайда болот деп эсептеген.
Тааным жөнүндөгү окуусунда Лукреций, сезим кабылдоосу таанымга чындык жөнүндө обьективдүү билимдерди бере алат дегенге таянат. Туюмдарды ал предметтерден агылып келүүчү образдар катарында түшүнөт.

Жаратылыш кубулуштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лукреций, Эпикурдай эле жаратылыш кубулуштарын түшүндүрүүнүн көп түрдүү болушуна жол берип гана тим болбостон, аны зарыл деп да эсептеген. Ар бир кубулуш эң эле ар түрдүүчө түшүндүрүлүшү жана берилген ар бир түшүнүк толук алгылыктуу болушу мүмкүн. Лукреций өзүнүн бул пикирин ырастоо үчүн Эпикур келтирген мисалды кайталайт. Күн сайын жаңы Күн пайда болуп турат жана асманда мурдагы эле Күн кайрадан пайда болуп турат деп айтылса эки учурда тең туура болушу мүмкүн. Ай төгөрөк жана ал Күндүн нурунан чагылышып жарык болуп турат же Ай өзүнүн нуру менен жарык болуп турат деп айтылса бул эки пикир да бирдей туура болушу мүмкүн. Лукреций дүйнөнүн таанып-билине тургандыгына ишенсе да, илимдин өз заманындагы абалынан улам белгилүү бир так жооп берүүгө болбойт деп эсептеген.
Коомдун түшүнүү маселесинде ал бардыгын табийгый жол менен түшүндүрүүгө аракеттенет. Алгачкы адамдар жарым-жарты жапайычылык абалда жашашкан жана материалдык маданияттын өнүгүшү гана коомдун пайда болушуна алып келет. Эпикурдай эле ал да коом — бул адамдардын өз ара макулдашууларынын продуктусу деп эсептейт.

Этикалык көз карашы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лукрецийдин этикалык көз карашы Эпикурдун бактылуу жашоо-турмуш принциптерине окшош, мындай жашоо-турмушта бакыт тааным аркылуу жетишилет. Бирок Лукреций этикалык концепцияга недир бир жаңылык киргизет. Эгерде Эпикур үчүн турмуш — бул билинбей өтө бере турган жашоо болсо, Лукреций, тескерисинче, өз өмүрүндө активдүү коомдук иштерди жүргүзөт. Ал теория жүзүндө бейпилдикти бактылуу адамдын максаты катарында бааласа да, коомдогу социалдык тартиптин бузулушуна алып келе турган бардык көрүнүштөргө каршы чыккан. Мисалы ал ак сөөк рим коомунда адеп-ахлактык жактан бузулушунун көрүнүштөрүн өтө кескин түрдө айыптаган.