Устара
Устара — «Мурундарын карасаң, Айбалтанын сабындай. Муруттарын карасаң, Устаранын кабындай» («Манас»), Бул — атайын чач алуучу бычактын бир түрү. Муну жасоодо усталар курч темирден (ак курч, кара курч) жердигин тандап, чоктонтуп табы менен сугарып, аны бүлөөгө бүлөп курчутуп алышкан. Кыргыз устарасынын сабы катуу жыгачтан тандалат да, түп уңгусу иймейиңки болот. Мунун мизи менен сырты балык сымал эндүү келет да, темири жана сабы үшкүлөнүп, астына жука темир коюлуп, эки тарабы биротоло бекитилип, бүктөп коюуга, мизин ачууга шартташкан. Кээде устаранын уңгусундагы илмекейи өзүнчө шакекчеге чыйратылган жиптен же кайыштан боо тагылат да, ал кереге башына же мыкка илинген. Чеберлер устарага көндөн (кол булгаары), кап (тыш), же жыгачтан куту жасашкан.