Фотосүрөттүн тарыхы
Ар кайсы өлкөлөрдүн илимпоздору жана ойлоп табуучулары камера-обскурадагы сурөттүн химиялык жактан сакталышы боюнча атайын максатка багытталган ишти XVIII кылымда гана жүргүзө башташкан. Бүткүл дүйнөгө таанымал болгон франциялык окумуштуулар Жозеф Нисефор Ньепс (1765-1833), Луи-Жак Манде Дагер (1787-1851) жана англиялык Вильям Фокс Генри Тальбот (1800- 1877) ийгиликтерге жетишишкен.
Франциялык окумуштуу «күн нурунун сүрөтүн» эң алгачкылардан болуп сактап калган. Ал жарык тийген жерлери катып калган асфальтты пайдалануу касиеттерине таянган. Асфальттын жарык тийбеген жана катыбаган жерлери лаванда майы, же керосиндин жардамы менен жуулуп кетчү. 1826-жылы Ньепс камера-обскуранын жардамы аркылуу жука асфальт менен капталган металл пластинкасына өзүнүн устаканасынын терезеден көрүнүшүн тартып алган.
Бул сүрөттү ал гелиография – «күн нурунун сүрөтү» деп атаган. Экспозиция 8 саатка созулган. Сүрөт бир топ төмөнкү сапатта болгондуктан, сүрөттө чагылдырылган жерди аныктоо кыйла оор болгон. Бирок бул сүрөттөн фотография башталган.
1835-жылы англиялык окумуштуу Вильям Фокс Генри Тальбот да күн нурун сактап калган. Бул болсо анын үйүнүн торлонгон терезесинин сүрөтү болгон. Тальбот хлорлонгон күмүшкө сиңдирилген кагаз колдонгон. Процесс бир саатка созулган. Ошентип, Тальбот дүйнөдө алгачкылардан болуп, негативди ойлоп тапкан. Ага жогорудагы эле ыкманы колдонуу менен жасалган жарык сезгич кагазды коюу менен биринчи болуп позитивдүү сүрөт жасаган. Өзүнүн бул ыкмасын калотипия, башкача айтканда, «сулуулук» деп атаган. Тальбот сүрөттөрдү тираждоо мүмкүнчүлүгүн далилдеп, фотографиянын келечеги менен сулуулук дүйнөсүн байланыштырган.
Ньепс менен катар француз сүрөтчүсү, атактуу париж диорамасынын автору Дагер да камера-обскурадагы сүрөттү сактап калуу ыкмасынын үстүндө иштеген. «Күн нурунун сүрөттөрү» менен иштөөнүн натыйжасында аларды сактап калуу жолун табуу жɵнүндɵ ойлонгон. Дагератиптүү камера үчүн объектив ойлоп тапкан Дагер Шарль Шевалье деген оптиктен Ньепстин дагы да болсо үмүттөндүргөн алгачкы натыйжалары жөнүндө угат. Көп өтпөй Дагер Ньепс менен бул иштин үстүндө биргелешип иштөө туурасында келишим түзөт. Тилекке каршы, 1833-жылы Ньепс дүйнөдөн кайтат. Дагер башталган ишти улантып, 1837-жылы сүрөттү жарык сезгич күмүш пластинкага сактап калуу ыкмасын ойлоп табат. </ref>
Дагер дүйнөдө алгачкылардан болуп салыштырмалуу түрдө жогорку сапаттагы сүрөт чыгарат. Ал живопись жана скульптуранын чыгармаларынан турган татаал натюрмортту тарткан. Бул сүрөттү Дагер кийинчерээк Луврдагы музейдин сактоочусу де Кайэге өткөрүп берет. Автор күмүш пластинканы камераобскурада 30 мүнөткө чейин жарыктандырган соң, караңгы бөлмөгө алып кирип, ысытылган сымаптын буусуна кармап турган. Ошентип, сүрөттү тамакка салынуучу туздун эритмесинин жардамы аркылуу сактап калган. Сүрөттө жарык менен катар көлөкөнүн деталдары да жакшы иштелип чыкан. Бул ыкмасын Дагер – дагеротипия деп атап, өзүнүн ал жɵнүндɵгү аныктамасын жана түшүндүрмөсүн Париж Илимдер Академиясынын секретары Доменик-Франсуа Арагого тапшырган. 1839-жылдын 19 августагы Академиянын жыйынында Араго5 илимий кеңешке Дагердин таң калычтуу ачылышы туурасында салтанаттуу түрдө билдирип, «мындан кийин күндүн нуру айланачөйрөнүн сүрөтчүсү болуп калмакчы» деп билдирет. Окумуштуулар бул жаңылыкты чоң кубаныч менен кабыл алышып, ушул күндү фотографиянын туулган күнү катары тарыхка киргизишкен.
Ошол эле жылдын август айында Араго Академиянын атынан франциялык парламенттин депутаттар палатасында сөз сүйлөп, фотография элдин жетишкендиги болуп эсептелинүүсү туурасында чечим чыгарылат. Ал эми Дагер жана Ньепстин мураскорлоруна мындай ачылыш үчүн өмүр бою төлөнүүчү пенсия ыйгарылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин басылмалары: 218 Окуу китептер тизмеси: 63 М. МУСАЕВ ФОТОГРАФИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ (Бишкек-2017)
Дагер, Луи<ref>https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%94%D0%B0%D0%B3%D0%B5%D1%80,_%D0%9B%D1%83%D0%B8