Цушима

Википедия дан
Tsushima спутник сүрөтү

Цушима - Корей кысыгындагы аралдар тобу; Япониянын аймагы.

Жалпы аянты 700 км2дей. Негизги аралдары: Камидзима жана Симодзима. Рельефинде дөңсөөлөр жана жапыз тоолор (бийиктиги 649 мге чейин) басымдуулук кылат. Жээктери терең тилмеленген. Жазы жалбырактуу токой жана шалбаа өсөт. Шалы, дан эгиндери, картөшкө эгилет. Балык кармалат. Аралда Цусима ш. бар. 1905-ж. орус-япон согушунун учурунда Ц-да япон флоту менен орус эскадрасы салгылашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4