Ыр өлчөмү

Википедия дан

Ыр өлчөмү - ырдын аягына чейин сакталган ыргактын формасы.

Ыр өлчөмү басымчыл (силлабикалык) ыр түзүлүшүндө муун саны (8, 11 муундуу), муунчул (тоникалык) ыр түзүлүшүндө басым саны (3, 4 басымдуу) метрикалык же басымчыл-муунчул ыр түзүлүшүндө стопа саны (3 стопалуу дактиль) менен аныкталат. Ыргак элементтеринин бири - муун. Муундардын топтолушу стопаны түзөт. Стопа үндөгү тыныгуу боюнча бөлүнбөстөн, ырдагы үндүн белгилүү тартип менен жайгашуусуна, ыргактык толкунга баш иет. 7-8 муундан турган кыргыз ырлары салттуу 5-3 же 4-3 бирдей муун өлчөмдөгү жана аралаш муун өлчөмдөгү ырлар деп ажырайт. Биринчисин саптары 3-5 же 6-15 муундуу, экинчисин 5-11 муундуу ырлар түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4