Эдмунд Гуссерль

Википедия дан
Эдмунд Гуссерль
Эдмунд Гуссерль


Эдмунд Гуссерль (1859—1938) — немец философу, феноменологиянын негиздөөчүсү. Моравияда, Проснитцде туулган.
Математиканы Берлинде, андан кийин психологияны Брентано менен чогуу Венада окуп-үйрөнөт. 1887-жылы Берлинде приват-доцент (штатсыз доцент) болуп иштейт. 1900-жылы Геттингенде философиянын профессору болуп дайындалат, андан кийин 1916-жылы Фрейбург-в-Брейсгауга профессор болуп которулуп келет да, ал жерде 1929-жылга чейин сабак берет. Ал өмүрүнүн акырына чейин, өзүнүн ата-тегинин еврей болгондугуна байланыштуу тынчсыздануулардан жана ар кандай чектөөлөрдөн азап чегип өтөт.
XIX кылымда жана андан мурда да «феноменология» термини эң эле ар түрдүү мааниге ээ болгон. Бул терминди Гуссерль колдоно баштаган мезгилден тартып, XX кылымдын башынан бери карай термин философияны түзүүнүн феноменологиялык усулу катарында жана белгилүү бир теманы окуп үйрөнүүнүн ар кандай баяндап- түшүндүрүүчү усулу катары колдонула баштайт. Гуссерлинин феноменологиясына Вена университетиндеги анын устаты, Франц Брентанонун олуттуу даражада таасири тийген.
Гуссерль өзүн адам билимин негиздөөгө арнаганын айтып, муну «архимед чекити» деп атаган. Философ, дейт ал, бардык нерсени өзүнөн өзү белгилүү нерсе катарында кабыл ала бербөөгө тийиш, ал өзү иштеп жаткандарды ар дайым ыргытып таштап салууга жана бардыгын кайрадан баштоого даяр болууга тийиш. Өзүнүн айткан кеңештерине ылайык аракет кылып, ал Фрегенин өзүнүн математикалык түшүнүктөрдү психологиялык терминдер менен талдоого жасаган алгачкы аракеттерине берген сынына өтө көңүл коюу менен мамиле жасайт жана логика менен математиканы тажрыйбага таптакыр көз каранды болбогон жана ошондуктан психологиядан таптакыр айырмалана турган илимдер катарында түшүнүү керек деген корутундуга келет. Ал «таза феноменологияны» — субьектинин өз аң-сезиминин мазмунун изилдөөгө негизделе турган процедураны өнүктүрөт. Анын усулу тышкы себептер жана алардын мазмунунун жыйынтыгы жөнүндөгү баардык божомолдорду алып таштоону (исключить) талап кылат. Бул усулдун максаты — менталдык актылардын негизги жаратылышын аныктоо жана муну менен адам билимдеринин булагы болгон акыйкаттарды аныктоо болуп саналат.
XX кылымдын башында «Логикалык изилдөөлөрдүн» (1900—01) эки томун жарыялап, мында ал философиялык изилдөөлөрдүн негизги обьектиси — илимий билимдер экенин аныктайт. Ал илим жөнүндөгү илимди түзүүгө умтулат. Таанымдын обьективдүүлүгү жөнүндөгү маселени аныктоо — тааным теориясынын башкы проблемасы мына ушул. Ал мындай деп жазат: «Биздин дүйнөдө өз багытыбызды таап турганыбыз, бизге нерселердин келечекте эмне болорун алдын ала көрө билүүгө, өткөндөрдү эске түшүрүп калыбына келтирүүгө мүмкүндүк бере турган формула катарындагы мыйзамдарга ээ болуп турганыбыз философторго жетишсиз. Философ «нерселер», «окуялар», «жаратылыш мыйзамдары» жана дагы ушу сыяктуулардын маңызы эмне экенин аныктагысы келет. Эгерде илим теорияны өзүнүн проблемасын системалуу түрдө ишке ашыруу үчүн түзө турган бөлсө, философ ал теориянын маңызы эмне, жалпы эле теорияны пайда кыла турган нерсе эмне деген жана башка ушуга окшогон суроолорду берет. Философиялык изилдөөлөр гана табиятты изилдөөчүнүн жана математиктин илимий иштерин толуктап, таза жана чыныгы теориялык таанымды ишке ашыра алат» [Логикалык изилдөөлөр. 1-т. 222-6.]. Гуссерль философияны «ырааттуу илим» катарында түзүүгө умтулган.
Гуссерль бул маселелер жөнүндө ачык түшүнүккө ээ болуу үчүн ал «феноменологиялык усул» деп эсептегенди колдонуу зарыл дейт. Ал, философия — илимий таанымдын логикасы, илим жөнүндөгү өзүнчө бир илим — илим окуусу болууга тийиш дегенге негизденет. Ал эми илим дегенибиз акыйкаттарды өзүндө камтып турган билимдерди изилдеп-үйрөнүүгө багытталгандыктан: акыйкат дегенибиз эмне? — деген суроо пайда болот. Гуссерль акыйкатты недир бир абсолют катарында, недир бир «өзүнөн өзү эле» чындык болгон нерсе катарында аныктайт, «акыйкат, аны өзүнүн ой жүгүртүүсүндө адамдарбы же желмогуздарбы, периштелерби же кудайларбы, кимиси кабыл алып жатпасын, бирдей окшош» [Логикалык изилдөөлөр». 1-т. 101-6.].
Гуссерль акыйкатты аныктоо үчүн феноменологиялык талдоо талап кылынат деп эсептейт, бул талдоо, жалпы эле ойлом жана тааным дегенибиз эмне жана феноменология байланышып турган түрлөр жана формалар дегенибиз эмне, аны предметтик мамилесине кандай имманенттик структуралар мүнөздүү деген суроолорду ойлонуштуруп кароо дегенди билдирет. Мына ошентип, Гуссерль аң-сезим, таза аң-сезим жөнүндөгү окууну, б.а. таанымдын, ойломдун маңызы, акыйкат жана башкалар жөнүндөгү илим окуусун, өзүнчө бир өбөлгө маанисиндеги илим окуусун түзүүгө умтулган. Гуссерль бизди курчап турган дүйнөнүн жашап турганынан шек санабайт. Муну ал «табийгый жобо» деп атайт, бул жобо обьективдүү дүйнө жашап турганына, биздин материалдык процесстердин жүрүшүн сүрөттөй аларыбызга, башкача айтканда өз тажрыйбабызга ээ боло аларыбызга түздөн-түз ишенерибизди билдире турган жобо. Ал мындай деп жазат: «дүйнөнүн жана өз алдынча мааниге ээ болгон акыйкаттардын, биздин таанып-билүү аракеттерибиздин ортосунда гармония жашап турат. Биздин таанымыбыздын дүйнөнүн нак өзүнө багытталып турары шексиз нерсе. Эгерде тааным ушундай амалда иштесе, анда биздин тажрыйбабыз да өз каражаттары менен ушул эле милдетти ишке ашыра алат. Андай болгондо бир гана маанидеги формада көрүнө турган дүйнө да обьективдүү укуктуулукка ээ боло алат, ал өзүнөн өзү түшүнүктүү болуп турган нерсенин өзү болуп чыгат»
Биздин алгачкы дүйнө көз карашыбыз, дейт Гуссерль, дүйнө «мейкиндикте чексиз тарап турат жана ал мезгилде да өнүгүп турат жана чексиз өнүгө берет» деп эсептей турган табийгый көз карашка негизденет. Дүйнөдөгү бардык нерселер, алар менен чогуу кимдир-бирөө же жок бар болуп турганына карабастан жашап, бар болуп тура берет.
Мезгил танабында карала турган дүйнө сыяктуу эле эки багытында эң чексиз болгон горизонт да жашап турат.
Ал гана эмес, такай менин көз алдымда турган бул дүйнө, дейт Гуссерль, фактылардын гана дүйнөсү эмес, ал ошондой эле аны аныктап (белгилеп) тура турган баалуулуктардын да дүйнөсү жана алар дүйнөнүн фактуалдуулугу катарында түздөн түз берилген баалуулуктар. Бул табийгый дүйнө кандайдыр мааниде «катышып турган» (бар болуп турган) дүйнө катарында кала берет, а түгүл, эгерде мен өз көңүлүмдү айрым бир башка сферага (чөйрөгө), мисалы арифметика жана санга топтоштурсам да жана ошентип «арифметикалык көз карашты» кабыл алган болсом да ал дүйнө катышып тура берет. Мен математика жөнүндө ой жүгүрткөндө табийгый көз караш «эми акт катарында менин аң-сезимим үчүн негиз болуп саналат, бирок ал ичкерисинде арифметикалык дүйнө өзүнүн акыйкатын жана өз ордун таба ала турган төгөрөк сфера эмес». Эки дүйнө, табийгый да, арифметикалык да дүйнө катышып турат, экөө тең мендеги мен, эго менен байланышкан, бирок алар бири-биринен айырмаланат. Тажрыйбанын структурасынын бул тиби, дейт Гуссерль, ар ким үчүн бир эле нерсе. Анын мазмуну ар бир адам үчүн өзгөрүлүп турат, анткени «ар кимдин өз орду бар, ал ушул орундан бар болуп турган нерселерди көрүп турат жана ар ким ошого ылайык нерселердин ар түрдүү көрүнүштөрүн пайдаланат». Ошол эле убакта биз өзүбүз таандык болгон обьективдүү мейкиндик — убакыт дүйнөсү жөнүндө жалпы түшүнүккө ээбиз. Мен сунуш кылган нерсе, дейт Гуссерль,— бул бардык теориялардан мурда жүрө турган табийгый нукура түрдө тартылган сүрөт» — бул биз дүйнөнүн бетине чийип салып жаткан жана өзүбүз байланышып турган жолдордун жалпы сүрөттөлүп жазылышы, ал эми спецификалык мазмун болсо — табийгый көз карашты туткан илимдердин изилдөө обьектиси.
Бирок, Гуссерлинин максаты табийгый көз карашты «феноменологиялык редукциялоо» болгон. Бул — нерселерди «кашаага алуу» жолу менен, же биз табийгый көз караштан мамиле кыла турган обьектилердин жана нерселердин жалпылыгына биздин ишенимибизди этибарга албоо жана мунун ордуна — көңүлдү башыбыздан кечирип жаткандарга буруу аркылуу ишке ашырылат. Нерселерди «кашаага алуу» дегенибиз — биздин алардын бар болуп жашап турганынан шек санаганыбызды билдирбейт, кайта биздин алардан бөлүнүп турганыбызды билдирет, «кашаага алуу» дегенибиз ой жүгүртүүдөн белгилүү түрдө өзүн тыюу болот. Бул «кашаага алууну», же өзүн тыюуну, Гуссерль, эпохе (Ерochе) деген термин менен атайт. Гуссерль мындай деп жазат: «Мен муну иштеп жатканда толук эркин түрдө аракет кыла аламын, мындай учурда мен софист болгон күндө да жашап турган дүйнөнү танбаймын, мен а түгүл скептиктер айткандай ал дүйнөнүн бар болуп турганынан, анын менин жанымда катышып тургандыгынан шек санабаймын. Бирок мен жөн гана феноменологиялык эпохени ишке ашырамын, бул мейкиндик — убакытта жашоого тийиштүү болгон кандайдыр бир ой жүгүртүүдөн эркин болууга мүмкүндүк берет». Редукциянын биринчи этабы мына ушунда турат.
Феноменологиялык редукциянын экинчи этабы «кашаага алуу» процедурасы ишке ашкандан кийин кала турган структураны сүрөттөп жазууда турат. Бул ал аң-сезимдин «психикалык жашоону чектеп», менталдык кабылдоолор үчүн мүмкүнчүлүк бере турган структуралары менен формалары. Алар аң-сезим үчүн кандай көрүнсө так ошондой сүрөттөлүүгө тийиш.
Мына ошентип, феноменологиялык редукциянын жардамы аркылуу феноменологиялык аң-сезим, же Гуссерль атагандай таза аң-сезим пайда болот. Анын айырмалуу өзгөчөлүгү, Гуссерль эсептегендей, аң-сезимдин ички мыйзамченемдүүлүгү, анын иш-аракетинин принциптери жана механизмдери катарында көрүнө турган белгилүү бир маңыздык структуралар. Муну менен феноменолог, аң-сезимдин бул ички механизмдерин изилдеп келип, коомдун өнүгүшүнүн дал ушул мезгилинин бардык мүнөздүү белгилерин четте, тарыхый мезгилдин тышында калтырат.
Аң-сезимди маңыздардын жыйындысы катарында карап, Гуссерль аны агым, бузулгус бир бүтүндүк катарында түшүнөт. Аң-сезим баштан кечирип жаткандардын агымы түрүндө, феномендер агымдын элементтери катарында көрүнөт. Ошондуктан баштан кечирип жаткандардын (переживаний) агымынын структурасы жөнүндөгү окуу феноменология деп аталат. Феномендер аң-сезимдин агымынын, баштан кечирип жаткандардын агымынын элементтери катарында, өз алдынча жана татаал структурага ээ болгон белгилүү бир бүтүндүк болуп саналат. Феноменди бир бүтүндүк катарында түшүнүү аны интуициянын жардамы менен кармап калган учурда гана пайда болот. Буга жетишүү үчүн аны тышынан сүрөттөп көрсөтпөстөн, аны «баштан кечирүү керек», башкача айтканда аң-сезим агымына тикелей аралашып кетүү керек. Бул учурда маңызды интуитивдүү түрдө, түздөн-түз, нагыз ой-кыялда көрүп-байкоого болот. Феноменологиялык усул аң-сезимдин агымы менен түздөн түз куюулушуп кетүүдө турат.
Гуссерль үчүн маанилүү нерсе психикалык феномендерди мүнөздөөчү интенционализм түшүнүгү болуп саналат. Бул түшүнүк орто кылымдык схоластардан кабыл алынып, Брентано тарабынан (формулировкаланган) аныктама берилген. Гуссерлдин ою боюнча, аң-сезим предметке багытталгандыгы менен мүнөздөлөт. Ал ар качан бир нерсеге багытталып турат, «о... аң-сезими» болуп саналат. Аң-сезимдин мамилеси предметке эмес, аң-сезимдин өзүнө байланыштуу, башкача айтканда аң-сезимдин багытталышы анын тиби менен аныкталат, мисалы, кабылдоо бир нерсенин кабылданып жатканын, ойлом ой жүгүртүлүп жаткан нерселерди аныктайт, жек көрүү сезими жек көрүлгөн нерсени аныктайт. Интенционалдуулуктагы башкы нерсе — аң-сезимдин обьектиге карата мамилеси. Бул интенционалдуулук «обьект бар болуп турабы, же ал ойдон чыгарылганбы же сандырак кеппи», буга карабастан аң-сезимдин, баштан кечирилип жаткандардын (переживания) актыларында дайыма катышып турат.
Гуссерль интенционалдуулук түшүнүгүн ар түрдүү аспектилерде карайт. Ал аң-сезимдин предметтик аспектисин бөлүп көрсөтүп, аны ноэма деп атайт. Аң-сезимдин бул предметтик аспектиси аң-сезимдин предметинин өзүнө дал келбейт. «Менин аң-сезимимдин дарагы» дүйнөнүн предмети болгон дарак менен бирдей эмес. Жеке бир предметти кабылдоо бир катар кабылдоолордун жыйындысынан турат, алар аң-сезимдин өзүнүн активдүү синтездештирүү иш-аракети аркылуу бир бүтүндүккө бириктирилет да, предметти бир бүтүн нерсе катарында кабылдоону камсыз кылат».
Интенционалдык талдоодо, предметтик аспектилерден башка да, аң-сезимдин актысынын өзү да тигил же бул формада катышып турат, ал ноэсис (Noesis) деп аталып, аң-сезимдин интенционалдык предметинин бар болуп турушунун жолу катарында каралат. Ноэма менен ноэсистин биримдиги аң-сезимдин синтездештирүүчү аракети аркылуу аныкталат, мында предметтин бир бүтүндүгү аң-сезимдин бир бүтүндүгү менен камсыз кылынат. Гуссерлдин акыркы китеби — «Европалык илимдердин кризиси жана трансценденталдык феноменология» деп аталат, бул китептин негизи 1935-жылы эле салынса да, толук түрдө 1956-жылы гана жарыяланат. Азыркы илимдин кризиси эмнеден көрүнөт деген маселени талдап караштырып, Гуссерль, азыркы илим эң маанилүү турмуштук суроо-талаптарга жооп бере албайт, анткени ал турмушта чоң мааниге ээ болгон проблемаларды, атап айтканда, адам баласынын жашоо-турмушунун мааниси жана маанисиздиги жөнүндөгү маселени четте калтырат. Гуссерлинин пикири боюнча, илим ушунчалык өзгөргөндүктөн, илим идеясын жана философиянын өзүн позитивисттик чектөөгө алып келип такады, бул философия үчүн жаңылыш болду. Мунун баары универсалдык философияга болгон ишенимдин жоголгондугунан улам ушундай болуп отурат. Кризисти жеңүүдө аракеттеги мээ болуп саналган философияга чоң үмүт жүктөйт, анткени, анын пикиринче, европалык руханий дүйнөнүн абалы философиянын ырааттуу өнүгүп, иштешине байланыштуу болот.
Гуссерль философиянын жана илимдин адамзаттын практикалык тажрыйбасынын фундаменталдык сфералары менен байланышы жөнүндөгү маселени туура коёт. Бул байланышты далилдөө үчүн Гуссерль «турмуштук дүйнө» деген түшүнүктү киргизет, муну ал баардыгына белгилүү, көзгө көрүнүп турган, анык болгон сфера катарында түшүнөт. Ал мындай деп жазат: турмуштук дүйнө дегенибиз — «бул ишенимдердин жыйындысы, бул ишенимдерге ишенүү менен мамиле жасашат жана бул ишенимдер сөзсүз маанилүү болгон жана илимий негиздөөлөрдүн бардык талаптарына ылайык практикалык апробациядан өткөн ишенимдер. Гуссерлинин айтканы боюнча, турмуштук дүйнө дегенибиз бул жөнөкөй ой-пикирлер дүйнөсүнүн — Доханын эле өзү, андан башка эмес, буга салт боюнча жек көрүү менен мамиле жасашкан. Эми болсо Гуссерль «турмуштук дүйнөнү» ар кандай обьективдүү таанымдын негизи деп тааныйт. Турмуштук дүйнө ар кандай чыныгы жана мүмкүн болуучу практиканын өзүнчө бир өбөлгөсү, горизонту катарында чыгат. Турмуштук дүйнө ар кандай тажрыйбадан жана илимий таанымдан биринчи турат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine