Электр дроссели

Википедия дан

Электр дроссели, электр чектегич электр-техникалык приборлордун жана радиотүзүлүштөрдүн (түзөткүчтөр, радио кабылдагычтар, радио бергичтер) индукция катушкасы; ал ар кандай жыштыктагы электр сигналдарын бөлүү же чектөө, туруктуу токту пульсациялоону четтетүү үчүн ток күчүн жөнгө салат.

Электр техникада жана радио техникада бир нечеден жүздөгөн миллиард герцке чейинки жыштыктуу өзгөрмө ток пайдаланылат. Төмөнкү жыштыктагы Электр дроссели бир оромолуу электр трансформаторуна окшош. Изоляцияланган зымдан көп оромолуу жасалган Электр дросселинин орому болот тактачалардан турган өзөккө оролот жана чоң индукциялуулукка ээ. Мындай Электр дроссели ором аркылуу өтүүчү токтун ар кандай өзгөрүүлөрүнө күчтүү таасир этет: анын өсүшүнө тоскоолдук кылат жана тескерисинче ток кичирейип кеткенде көбөйтүп, бир калыпта кармайт. Жогорку жыштыктагы Электр дроссели да бар. Алар жогорку жыштыктагы ток өтүүчү электр тизмектеринде иштөө үчүн колдонулат. Жогорку жыштыктагы Электр дроссели бир катмарлуу же көп катмарлуу чыгырык түрүндө, көбүнчө өзөгү жок жасалат. Алар жогорку жыштыктагы ток үчүн чоң каршылык көрсөтүү жөндөмүнө ээ жана төмөнкү жыштыктагы токту өткөрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4