Эркин маданият кыймылы

Википедия дан

Эркин маданият кыймылы (англ. free-culture movement) – жаратуучу иштерди ачык же акысыз контент катары, интернеттин же ММКнын башка формалары аркылуу жайылтууга жана өзгөртүүгө өбөлгө түзгөн коомдук кыймыл.

Бул кыймыл ашыкча чектөөчү автордук укуктарга каршы чыгат. Кыймылдын мүчөлөрү мындай укуктардын тапкычтыкка тоскоол болгондугун айтышат. Алар бул системди "уруксат сурап алуучу маданият" деп аташат.

Creative Commons – ар кандай шарттар астында бөлүшүү же өзгөртүү уруксаттамалар менен камсыз кылуучу жана Creative Commons аркылуу уруксаттама берилген ар кандай иштердин онлайн издөөсүн сунуш кылуучу Лоуренс Лессиг тарабынан демилге берилген уюм.

Эркин маданият кыймылы жана анын идеялар менен ачык бөлүшүү баалуулугу акысыз жана ачык программалык камсыздоо кыймылына ылайык келет. Азыркы мезгилде бул термин көптөгөн башка кыймылдарды да билдирет, алардын ичинде: ачык мүмкүндүк алуу (англ. open access (OA)), ремикстер маданияты (англ. remix culture), хакерлер маданияты (англ. hacker culture), билим берүү кыймылына мүмкүндүк алуу (англ. access to knowledge movement), ачык маалыматтар аркылуу үйрөнүү (англ. Open Source Learning), копилефт кыймылы (англ. copyleft movement) жана коомдук домен кыймылы (англ. public domain movement).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]