Үч бурчтук

Википедия дан

Үч бурчтук - бир түз сызыкта жатпаган үч чекитти (Үч бурчтуктун чокулары) туташтырган үч кесиндиден (Үч бурчтуктун жактары) турган геометриялык фигура.

Үч бурчтуктун ар бир жагы калган эки жагынын суммасынан кыска, айырмасынан узун. Каалаган бир жагы негиз деп алынса, анда калган эки жагы каптал жактары деп алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4