Өлдү

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—4 киши.
Оюн аянтчада өткөрүлөт.
Оюнда колдонуучу аспаптар- чүкөлөр.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Диаметри 3—5 м. келген тегерек сызылат. Тегеректин ортосуна оюнчулар 5тен чүкөлөрдү бир катар кылып тизишкенден кийин оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде бирден тегеректин сыртында турушуп абалак менен тегеректин ортосунда тизилген чүкөлөрдү атып алганга аракеттенишет. Эгерде кезектеги оюнчу абалак менен ортодогу чүкөгө тийип эле кетсе, ал чүкө «өлтүрүлгөн» болот. Ал оюнчу «өлтүрүлгөн» чүкөнү утуп алгандан кийин калган чүкөлөрдү жаңылып калгыча абалак менен урууга мүмкүндүк бар. Эгерде жаңылыш калса, оюндун кезеги кийинкисине өтөт. Казынадагы чүкөлөр «өлтүрүлүп» бүткөндөн кийин, оюнчулар кайрадан чүкөлөрдү чогулушуп оюнду алар каалаган убакытка чейин уланта беришет. Кеп чүкөлөрдү «өлтүрүп» утуп алган оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга, «өлтүрүлгөн» чүкөлөрдү алууга болбойт.

Педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, мээлөөгө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]