Төгүндөө укугу

Википедия дан

Төгүндөө укугу – жарандын же уюмдун жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) редакцияларынан ошол ЖМК тараткан, чындыкка жатпаган жана алардын абийирине жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү талап кылуу укугу. Ушундай эле укукка эгер ал өзү төгүндөөнү талап кыла албаса жарандын мыйзамдуу өкүлдөрү да ээ болушат. Эгер ЖМК редакциясында өзү тараткан маалыматтардын чындыгынын далилдери болбосо, аларды ошол ЖМКда төгүндөөгө милдеттүү. Төгүндөө же жооп атайын рубрика алдында, болбосо ошол төгүндөлүп жаткан маалымат басылган бетте, ошондой тамга менен жарыяланат; газеталарда – төгүндөө талабы келип түшкөндөн кийин бир айдан кечиктирбестен, башка мезгилдүү басылмаларда – кезектеги чыгарылышында жарыяланат. ЖМК кабарды төгүндөөдөн баш тарткан учурда кызыктар адам сотко кайрылууга укуктуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]