Аэрологиялык приборлор

Википедия дан

Аэрологиялык приборлор - атмосферанын жогорку катмарындагы абанын басымын, ылдамдыгын, температурасын, нымдуулугун, булуттарды, күндүн радиациясын, атмосферанын турбуленттүүлүгүн, озон менен аэрозолдун топтолушун, радиациясын, атмосферанын потенциялын жана башкаларын өлчөө үчүн колдонулуучу приборлор. Негизги аэрологиялык приборлор - метеорограф, радиозонд, самолётко орнотулган метеорологиялык лабороториялардын жардамы менен ченелет. Атмосферанын 100 км жана андан бийик катмарларындагы абанын температурасын, басымын, тыгыздыгын өлчөө үчүн метеорологиялык ракеталар, өтө кең мейкиндиктеги атмосфераны изилдөө үчүн метеорологиялык спутниктер пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1