Классика (адабиятта)
Классика (адабиятта) (латынча classicus — үлгүлүү, мыкты) — искусство менен адабияттын улуттук жана дүйнөлүк маданият үчүн туруктуу баалуулукка ээ болгон, адам баласына бийик эстетикалык таасир берүүчү рухий зарылдык деңгээлинен түшпөгөн чыгармалары (мисалы, Фирдоуси «Шахнаме», Ж. Баласагуни «Кут алчу билим», А. С. Пушкин «Евгений Онегин» ж. б.).
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9