Бийликтин негизги функциялары

Википедия дан

Бийликтин негизги функциялары: коомдун социалдык уюмдашуусун, анын экономикалык, саясий, идеологиялык стабилдүүлүгүн колдоо; башка социалдык жана саясий субъектилерге карата коомдун (мамлекеттин) көз каранды эместигин камсыз кылуу.

Жалпысынан алганда бийлик коомдук тутумдун уюмдалышы менен иретин, жагымдуу абалын көзөмөлдөө функциясын аткарат. Бийликке жетекчиликтин (башкаруунун) ар кандай формалары мүнөздүү: чечимдер, көрсөтмөлөр, буйруктар ж.б. Коомдук тутум канчалык өнүккөн болсо, бийликтин уюштурулушу ошончолук татаал болот. Алсак, мамлекеттик бийлик мамлекеттик мекемелердин бүтүндөй тутумунан турат. Бийлик мажбурлоону талап кылгандыктан, ал анык ишке ашыруу каражаттарына да ээ болууга тийиш. Мажбурлоо нравалык талап (авторитетин бийлиги), саясий императив же зомбулук формасында болушу мүмкүн. Бийлик социалдык уюмдашуунун институционалдык учуру болгондуктан аны күч колдонуп үстөмдүк кылуу (мажбурлоо) менен алмаштырууга болбойт. Азыркы мамлекеттик бийликтин түзүмү индустриалдык цивилизациянын түзүлүү доорунда калыптанган. XIX к. феодалдык мамлекет доорунда үстөмдүк кылган мамлекеттик бийликтин жеке-укуктук мүнөзүнүн ордуна анын ачык мүнөзү биротоло бекиген; бул бийликтин чектери орнотулган жекече жана саясий укуктар), бийликтин функциялары ар түрдүү мекемелердин ортосунда бөлүнгөн. Көп учурларда мамлекеттик бийликтин негизги функциялары эле эмес, анын ишмердигинин ар кандай түрлөрү жана ыкмалары да бийлик деп аталат (каржы маселеси боюнча мамлекеттин ишмердүүлүгү - каржы бийлиги). Мамлекеттик органдардын ишмердигинин ыкмалары кеңешме, чечим чыгаруу, аткаруу - кеңешүүчү бийлик, чечим чыгаруучу бийлик, аткаруучу бийлик түшүнүктөрүнүн пайда болушуна алып келет.

Бийликтин жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү түшүнүгү анын ачык-укуктук түшүндүрмөсүнөн айырмаланып турат. Жарандык укук боюнча бийлик - бул заттардын жана инсандардын үстүнөн болгон тикелей үстөмдүк. Менчик укугу мындай үстөмдүккө мисал боло алат. Жарандык-улуттук мамилелер индивиддик бийлик катары, ар бир адам, биринен-бири көз карандысыз, кандайдыр бир бүтүндүн: коомдун, мамлекеттин бийлигине баш ийген ачык укуктун каршысы, инсандын үстөмдүк чөйрөсү катары мүнөздөлүшү мүмкүн. Бийлик тартипке чакыруучу жана жазалоочу болуп да айырмаланат. Тартипке чакыруучу бийлик - бул ишмердүүлүктүн тигил же бул чөйрөсүндө белгиленген эрежени бузгандыгы үчүн тартипке чакыруу укугу, адамдарды ушул бийликке баш ийүүгө, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга чакыруу.

Тартипке чакыруу бийлик мазмуну көзөмөлдөө милдеттери, тартиптин белгиленген эрежелерин бузгандарды жоопкерчиликке тартуу укугу менен да мүнөздөлөт. Жазалоочу бийлик - бул кылмышы үчүн жазалоочу-аныктоочу укуктук тартипти талап кылган, демек, өзүнүн нормалдуу жазалоосун камсыз кылуу чараларды талап кылган мамлекеттин өзүнүн маңызынан улам келип чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б.

ISBN 978-9967-27-790-8