Осмонова Сайнабүбү Керим кызы

Википедия дан

Осмонова Сайнабүбү Керим кызы Вычмачы-тикмечи, саймачы. 1958-ж. Нарын районундагы Дөбөлү айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Нарын шаарындагы филиалын уюштуруучулардын бири. Филиалдын көркөм буюм-белектерин бычып тигет. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Сайнабүбүнүн узчулугу баш кийим тигүүдө баамдалат. Анын «балдар калпагында» төрт талаасы чырашталып, «жигит калпагында» эки талаасында «мүйүз оюмдары» көчөт болуп түшүп, «жаштык калпагында» тынчтыктын белгиси катарында эки көгүчкөн символдоштура берилет. Калпактар көркөм кеңештерден өтүп, көп нускаланып, жайма базарларга, дүкөндөргө чыгып, кардарларын дайыма таап турат.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1987 ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Ак калпагынын көркөм үлгүлөрү үчүн «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Ардак грамотасы; 1990 ж. Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү. Ак калпак үлгүлөрү менен катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0