Эжеке бээ саа (carpodacus)

Википедия дан

Эжеке бээ саа (carpodacus) - куштардын мукурлар тукумундагы уруусу.

Дене уз. 15-20 см, эркеги кызыл, ургаачысы бозомтук түстө. 21 түрү Борбордук Азиянын тоолорунда, Америкада, Европада, КМШ өлкөлөрүндө 5 түрү, Чыгыш Сибирде, Орто Азияда, Казакстан, Кавказда 3 түрү бадал арасында, токой четинде, түздүктөн бийик тоого чейин таралган. Кыргызстандын бардык жеринде кезигет, келгин куш. 3-4 жумурткасын 13-14 күн басып чыгарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4