Ажы, урук

Википедия дан

Ажы (ар. حاج (Хадж) — 1. Мекеге барып, кудайга сыйынып, зыярат кылып кайткан же Меке жолунда каза тапкан мусулмандардын ардактуу наамы жана ушундай наамы бар адам; 2. Мекеге болуучу ушундай зыяратчылык. Ажыга баруу.[1]) — найман, солто, сары багыш урууларынын курамдарындагы уруктар.[2] Ислам дининин таасири менен келип чыккан. Антропоэтнонимдин параллелдери казак, түркмөн, кара калпактардын уруулук курамдарында бар.[3]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев О. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. — Бишкек: КТМУ, 2003. -265 6. ISBN 9967-21-621-2
  1. КТТС, 29
  2. Абрамзон, 105
  3. Жданко, 1950, 37; Жанузаков, 1982, 164; Атаниязов, 1988, 14