Аскар Акаев

Википедия дан
Акаев, Аскар Акаевич‎»‎ барагынан багытталды)
Акаев Аскар Акаевич
Акаев Аскар Акаевич
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти
27-октябрь 1990-жылы — 11-апрель 2005-жылы
Андан мурунку: Шайланган
Андан кийинки: Курманбек Бакиев
 
Дини: Атеист
Туулган жери: Кызыл-Байрак айылы, Чүй областы, Кыргызстан, СССР
Атасы: Акай Токоев
Апасы: Асель-апа
Балдары: уулдары: Айдар жана Илим
кыздары: Бермет жана Саадат
Партиясы: Алга, Кыргызстан!
Билими: Санкт-Петербург Улуттук маалымат технологиялары, механика жана оптика изилдөө университети
Илимий даражасы: Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын академиги
Кесиби: инженер-математик

Аскар Акаевич Акаев (Жетинин айынын (ноябрдын) 10унда, 1944-жылы, Чуй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында туулган) - кыргыз мамлекеттик жана саясат ишмери, илимпоз. 1990-2005 - Кыргыз Республикасынын (1990-жылдын ноябрына чейин Кыргыз ССРдин) президенти. Орусия Илимдер Академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү; Нью-Йорк Илимий Академиянын мүчөсү. 2005-жылдын 24-мартындагы Жоогазын төңкөрүлүшүнөн кийин чет өлкөгө чыгып кеткен.

Өмүр баяны

1944-жылы Жетинин айынын (ноябрдын) 10унда мурдагы Кыргыз ССРинин Кемин өрөөнүндөгү Кызыл-Байрак айылында (азыркы Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Кызыл-Байрак айылында) туулган.
1968-жылы - Ленинград Так Механика жана Оптика Институтун ардактуу бүтүп аспирантурага тапшырды.
1980-жылы - Мөскөө Инженер-Физика Институтунда доктор диссертациасын жактады.
1984-жылы - Кыргызстандын Илимий Академиясын мүчө-корреспонденты болуп шайланылды. Ошол эле жылы Кыргыз ССРдин Илимий Академиясынын академиги болот. Аскар Акаев - профессор, Орусыя Илимий Академиясынын ардактуу доктор жана чет өлкөлүк мүчөсү. 7 ойлоп чыгаруусунун, 43 макаланын, 150 чамалуу илимий иштердин ээси. 20 талапкер жана 3 илимий докторлорду даярдаган. Анын 7 окуучусу бир канча премиялардын лауреаттары болуп калышкан. Голография тармагындагы эң зор адистердин биринин, Юрий Денисюктун, пикири боюнча - Аскар Акаев "эки тармактын аштышкан жеринде (оптика жана компьютер технология), өз заманын алдыга кетип, укмуш натыйжаларга жетише алды".
1990-жылы Тогуздун айынын (октябрь) 27си - Кыргыз ССРинин президенти болуп шайланды.
1991-жылы Тогуздун айында (шайлоо учурунда) жана 1994-жылы (референдумда) - президенттик укуктары ырасталган

1995-жылы Бештин айынын (декабрь) 24 - президенттин экинчи мөөнөтүнө шайланылган. Шайлоочулардын 70 пайыздан жогору колдошту.
2005-жылы Жалган курандын айынын (март) 24 - элдик толкундоолор ыңкылапка өсүп жетип, анын натыйжасында ал Кыргызстандан качып чыгууга аргасыз болду.
2005-жылы Чын курандын айынын (апрелдин) 5 - өзүнүн президенттик кызматтан кеткени тууралуу ырасмий арыз жазды.Анткени ал өз элин,жерин талап тоноп ,уурдаган. 2005-жылы Чын курандын айынын (апрель) 11 - Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңеши президенттин алып таштоосун мыйзам түрүндө кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын ТИМдин (тышкы иштердин министирлигинин) маалыматтары боюнча Аскар Акаев ММУда (Мөскөө Мамлекеттик Университетинде) кыйын системалардын математика изилдөө, И.Р.Пригожин атындагы, Институтунун башкы илимий эмгектеш катары профессор болуп иштеп жүрөт.
2006-жылы Бугу айы - маалыматты оптикалык жолу менен иштеп чыгуу тармагындагы көрүнүктү изилдөөлөр үчүн Орусыя Илимий Академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү катары шайланылды.
2009-жылы - "Дүйнөлүк динамикасын системалык анализи жана математикалык модельдөө" програмасынын Орусыя Илимий Академиясынын президиумунун координатору.

Аскар Акаев жана үй-бүлөсү

Жетинин айынын (ноябрь) 10 1944-жылы Кыргыз ССРинин Кемин өрөөнүндөгү Кызыл-Байрак айылындагы колхозниктин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Улуту боюнча кыргыз (атасы - кыргыз, апасы - Улуу Жузундан чыккан казак, Казакстандын президентинин, Нурсултан Абишевич Назарбаевдин кыйыр тууганы - бабасы боюнча эжеси). Беш биртуугандын ичинде Аскар эң кенжеси болгон. Акаевдин үй-бүлөсү сарыбагыш уруусунан чыгат.

Аскар Акаевдин аялы, Майрам, балалык жана энеликти колдогон, "Мээрим" аттуу, Эл аралык кайыр-садагага арналган фондтун, "SOS - Кыргызстандын бала айылдары" аттуу Эл аралык фондунун, Кыргызстандагы ЮНЕСКО мектеп жана клубтардын Ассоциациянын президенттин орун басары болуп иштеген.

Аскар Акаевдин улуу уулу, Айдар, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызына, Алияга, үйлөнгөн бирок кийин ажырашкан (1999-2001). АКШыдагы Мэпиленд Университетинде окуган. 2005-жылы Жалган куран айынында парламентке шайлоосунда биринчи турунан өттү.

Акаевдин улуу кызы, Бермет, бир канча жыл Швецарияда жашап жүргөн. Ал жакта БУУ (ООН) түзүлүшүндө, Европа үчүн Үнөм (Экономика) комиссиясында, иштеп жүргөн. Акыркы жылдарында апасынын кайрымдуулук акцияларында катышып жүргөн.

Акаевдин кичүү кызы, Саадат, АКШыда университетти бүтүргөн.

Акаевдин кичүү баласы, Илим, 2007-жылы АКШыдгы Жорж Вашингтон атындагы Университетин бүтүрүп, "Каржы" кесиби боюнча бакалавр наамына ээ болду. Окууну бүтүргөндөн кийин Мөскөө калаасына көчтү. Башында "ЕЭС России" Орусыя Акционердик Коомунда иштеп, кийинчерек Лукойл компаниясына өтүп кетти.

Эмгектери

Адабият

  • У. А. Асанов, А. З. Жуманазарова, Т. Чоротегин. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био- библиографический свод / Ответственный редактор У. А. Асанов. – Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии. 2002. – 544 барак, ill., map. (ISBN 5-89750-142-4)

Интернеттеги шилтемелер