Алмурут

Википедия дан

Алмурут, кертме[1] (лат. Pyrus, L. 1753) - роза гүлдүүлөр тукумундагы мөмө дарак; тун 60ка жакын түрү бар.

КМШда алмуруттун 30, анын ичинде Кыргызстанда (негизинен Арстанбапта) 18 түрү кезигет. Алмурут жапайы ж-а өстүрүлүүчү болуп бөлүнөт. Жапайы алмурут Түштүк Европа, Кавказ, Орто Азия, Ыраакы Чыгыш, Кытайда өсөт. Алмуруттун өстүрүлмө түрү жапайы түрүнө караганда мөмөсү чоң, жумшак, ширелүү. Өстүрүлмө түрү КМШда Крым, Украина, Кавказ, Борбордук Азия өлкөлөрүндө, Молдовада, Казакстанда, Кыргызстандын Ош областында, Талас, Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө өстүрүлөт.

Алмурут дарагынын бийикт. 4-20 мге чейин жетет. Гүлү ак же мала кызыл. Мөмөсү сүйрү же тоголок, ширелүү, жашыл, кызгылт, сары түстө, салм. 800 гга чейин жетет. Жалбырагы сүйрү, тамыры туз, жерге терең кирет. Кыям, компот, повидло жасалат. Мөмөсүндө 80% суу, 10,4% турдуу кант, 0,3% к-та, 0,03% боёк заттар 2,6% клетчатка, 0,4% азот ж-а А, Б, С витаминдери бар. Алмурут дарагы жылуу, ачык жерде жакшы өсүп, кургакчылыкка, суукка анча бышымсыз. Алмуруттун бир түп дарагынан 1 т дай түшүм алынат. Көчөтүнөн өстүрүлөт.

Кыргызстанда алмуруттун 8 сорту: токой мөлмөлү, клапп сонуну, Вильяме ж. б. өстүрүлөт.
Зыянкечтери: Алмурут кенеси, Алмурут канталасы, Алмурут мөмө жегичи; илдеттери: Алмурут котуру, чаңгыл кебер, цитроспороз.

Алмуруттун ар кандай сорттору

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Биология (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-002-4
  1. Мамыт Барскооний атабыздын "Диван Лугат Ат-Түрк" сөздүгү