Альберт Келнер

Википедия дан
Альберт Келнер
Туулган жылы:

7 сентябрь 1912-жыл

Туулган жери:

Филадельфия, АКШ

Каза болгон жылы:

29 июль 1994-жыл

Каза болгон жери:

Массачусетс,АКШ

Өлкө:

АКШ

Илимий чөйрөсү:

микробиология

Иштеген жери:

Пенсильвания университети

Колд-Спринг-Харбордогу лаборатория

Гарвард университети

Брандейс университети

Альма-матер:

Түндүк Каролина штатынын университети

Пенсильвания университети

Белгилүү болгондугу:

фотореактивациянын ачуучусу

Белгилүү болгондугу:

фотореактивациянын ачуучусу

Сыйлыктары


Финзен атындагы алтын медаль (1964)

Альберт Келнер (англ. Albert Kelner, 1912–1994) — фотореактивацияны ачкан америкалык микробиолог.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы сүрөттөр
Альберт Кельнер[1]
Nichols Building (фото 1957 года) — Келнер иштеген Колд-Спринг-Харбор лабораториясынын имараттарынын бирин[2]

Балалыгы жана жаш чагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Альберт Келлнер Филадельфияда төрөлгөн. Бала кезинде ал сөөктүн кургак учугу менен жабырганан жана натыйжасында аксак болуп калган. Тез-тез ооруканага жатsg тургандыгы, билим алуусуна тоскоол болгон.

Бирок, Келнер билимин өз алдынча изилдөө аркылуу толтурган. Бул ага Пенсильвания университетинен окуу үчүн стипендия алууга мүмкүндүк берген жана Келнердин үй-бүлөсү жакыр болгондуна байланыштуу чоң кошумча болгон .

Альберт Келнер Аделин Усвальдга үйлөнгөн (Аделин таанышкандан бир айдан кийин ага үйлөнүүнү сунуштаган ) жана алар өмүр бою бирге жашашып, үч балалуу болушкан - Роберт аттуу уулу, Маргарет жана Кэрол аттуу кызыдары [3] .

Келнер Пенсильвания университетин бүтүрүп, 1942-жылы Түндүк Каролина университетинде магистр даражасын алган.

Кийинки жылы Пенсильвания университетинде бактериология боюнча PhD докторлук даражасын алган жана ушул эле университетте ишин уланткан. Ал табигый каучук алуунун үстүндө менен алектенген, андан кийин ошол убакта активдүү өнүгүп жаткан антибиотиктерди иштеп чыгуу тармагында иш алып барып, Hayden Chemical Corporation мекемесинин кеңешчиси болгон [3] .

Фотореактивациянын ачылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1946-жылы Келлнерди Милислав Демерец Колд-Спринг-Харборго иштөөгө чакырат. Ал жерде Вернон Брайсон менен бирге радиация менен мутацияланган бактерияларды колдонуу менен антибиотиктерди өндүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдешет .

Ичеги таякчалары (Escherichia coli) жана Streptomyces griseusти мутагендик ультрафиолетменен нурландыруудан кийин организмдердин кандайдыр бир байкалбаган мыйзамдардын ченеминде жакшы же начар өсө аларын аныктайт. Рентген нурлары менен нурлануусу мутацияларды ишенимдүү жол менен алууга мүмкүндүк берген, бирок Келнер ультрафиолет нурлары менен изилдөөнү улантууну чечкен. Ал нурланган бактериялардын жашоо жөндөмдүүлүгүнүн айырмасын ар кандай температуралардын таасири менен түшүндүрүүгө болот деп эсептеген.

Бирок, 1948-жылдын сентябрында, көптөгөн эксперименттер жана маалыматтарды талдоодон кийин, радиацияланган өсүмдүктөргө күн нурунун таасири аныктоочу фактор экенин аныктаган.

Фотореактивация ушундайча ачылган — биринчи ДНКны калыбына келтирүү механизми табылган. Ошол убакта генетикалык маалыматтын алып жүрүүчүсү катары ДНКнын ролу али аныктала элек болгонуна карабастан, Келнер мутагендик нурлануудан жабыркаган микроорганизм клеткаларынын тукум куучулук себептерин калыбына келтирүүгө жарык нурлар таасир тийгизет деген туура жыйынтыкка келген.

Ал 1949-жылы өзүнүн жыйынтыктарын кагазга басып, жарыка чыгарган .

Фотореактивацияны ошол эле учурда Ренато Дулбекко да ачкан жана бул ачылыштардан келип чыккан талаш-тартыштар Сальвадор Луриянын аракеттеринин аркасында тынчыган. Лурия, Дулбекконун жарыялоого даяр макаласында Келнер жөнүндө эскерүүнү сунуштап, ошол эле учурда Дулбеконун жана Келнердин ачылыштары чындап эле бири-биринен көз карандысыз экендигине ынандырган .

Колд Спринг Харбордо иштеп жүргөндө Келлнер эки антибиотикти алган, аларды актинорубин жана лавендулин деп атаган. Келнер ультрофилет нурларынын таасирин изилдөөгө көп убакыт бөлүп, антибиотиктерди изилдөөгө азыраак убакыт бөлгөнүнүн себебинен улам 1949-жылдын жазында Колд Спринг Харбордон жумуштан кетишине алып келген .

Андан аркы өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Келнер 1955-жыл

Фотореактивациянын ачылышы Келнерге кандайдыр бир деңгелдеги бир атактуулукту алып келип 1964-жылы Финзен алтын медалы менен сыйланган ). 1950-жылдары Келнер ракты дарылоодо фотореактивацияны колдонууга болот деген болжол менен ультрафиолет нурларынын шишиктерге тийгизген таасирин изилген .

Бирок, чындыгында, азыркы илимге белгилүү болгондой, адамдын денесинин клеткаларында фотореактивациялоо механизми жок .

1960-жылдардан баштап Келнер дээрлик эч кандай изилдөөлөрүн жарыялаган эмес. Жалпысынан алганда илимий журналдарда 20дан ашык макалалары жарык көргөн [4] .

Колд Спринг Харбордон кийин Гарвард университетинин биологиялык лабораторияларында иштеген.

1951-жылдын сентябрынан баштап Брандейс университетинде [5] иштеп, кийинки отуз жыл бою ал жерде биологиянын ар кандай багыттарынан сабак берген, 1956-жылы уюштурулган биология факультетинин окутуучулар курамына кирген .

1960-жылы Америка микробиология коомунун (ал кезде Америкалык бактериологдор коомунун) Түндүк-чыгыш бөлүмүнүн президенти болгон .

1981-жылы пенсияга чыккан.

1994-жылы жүрөгүнө операция жасалгандан кийинки кошумча оорунун себебинен каза болуп, Уолтемдегы Бет-Израйел көрүстөнүнө коюлган [3] [6] .

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. [E. C. Friedberg. A history of the DNA repair and mutagenesis field: I. The discovery of enzymatic photoreactivation // DNA Repair. — 2015. — Vol. 33. — P. 35—42. — doi:10.1016/j.dnarep.2015.06.007]
  2. Nichols Building. Cold Spring Harbor Laboratory(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 7 -декабрь (бештин айы) 2017.
  3. 3.0 3.1 3.2 Template error: argument title is required.
  4. Страница Альберта Кельнера в закрытой библиографической базе данных Scopus.
  5. Brandeis Names 25 as Teachers (16 -сентябрь (аяк оона) 1951).
  6. sethpearl. Albert Kelner (1912-1994). BillionGraves(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы) (9 Апрель 2016). Текшерилген күнү 12 -декабрь (бештин айы) 2017.