Байташ

Википедия дан

Байташ, башка ысымы Муса Сатук Буура-хан уулу - Каракагандар мамлекетинин экинчи каганы. Атасы Сатук Буура-хан өлгөндөн кийин такка отурган (955-жыл).

Анын бийлигинин тушунда, 960-жылы, Караханийлер (Каракагандар) мамлекети ислам динин расмий (мамлекеттик) дин катары жарыялаган.

Ошол кезде Кара кагандардын ордосу Кыргызстандын Чүй өрөөнүндөгү Баласагун (Баласагын) шаарында жайгашкан.

Бул шаардын чалдыбары азыркы тапта Бурана катары маалым.


Пайдаланылган адабияттар:

1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.