Бамбук
Бамбуктан жакшы кайырмак can жасоого болот: жеңил, ийилчээк, бекем! Узундугу көп кабат үйдүн тогузунчу кабатына жеткен, түбүнүн жоондугу 30 см болгон “кайырмак сапты” элестетип көргүлөчү! Андай кайырмак сап болбойт дешинер мүмкүн. Албетте болбойт. Бирок эгер жомоктогу алп дөө өзүнө ылайык кайырмак сап издесе аны табуу кы- йынга турмак эмес. Анткени кээ бир бамбуктар 40 м бийиктикке чейин өсөт.
Бамбук нымдуу, ысык өлкөлордүн өсүмдүгү. Көп учурда ал киши өтө алгыс калың чытырманды пайда кылат. Сөңгөктөрү бири бирине ушунчалык жакын тургандыктан мындай токойду аралап өтүш кыйын. Бул чытырмандар бир нече күн мурун эч нерсе оспөгөн ээн жерде да пайда болуп калышы мүмкүн. Кавказда бамбук бир сутканын ичинде 75 сантиметрге, ал эми өз мекени Вьетнамда эки метрге чейин өсөт. Бамбук чарбада кеңири колдонулат: андан үй, көпүрө, суу түтүк куруп, мебель, кагаз жасашат. Ал эми жаш бутактары тамак-ашка пайдаланылат.