Википедия:Сомо/Чомой баатыр

Википедия дан

Чомой баатыр- [болжол менен 1792, Суусамыр өрөөнү 1834, азыркы Кызыл Ой кыштагы, Чар жайлоосу. (Айрым маалыматтар боюнча Жумгал өрөөнү, азыркы Көк өй кыштагы)]ХIХ кылымдын 1-жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири өкүлү.

Өмүр таржымалы[булагын түзөтүү]

Тайлак баатырдын ишенимдүү кеңешчиси жана чоролорунун бири. Чомой жаш кезинде эле атасы Айдар өлүп, аталаш тууганы Ниязга апасы Шекерди алмакка нике кыйдырмак болгондо, Шекер балдарын (Чомой, Канай) алып төркүнү бугуларга Ысык-Көлгө качып кетет. Чомой таякелеринде он беш жашына чейин турат. Өтө шок болуп өсөт. Апасы Шекер баласына аяр мамиле жасап, тачкелерине да жаман айттырбай чоңойтот. Кийин Чомой, Канай эр жетип, Текеске (Кытайга) чейин барып, үйүр үйүр жылкы айдап келип барып, таякелеринен ыраазычылык алып, кичи мекенинине көчүп кетет. Өз элине келгенден кийин, ал Кетмен-Төбөгө барып, Кемпир баатыр экөө Сатыке баатырдын кол алдында болуа, Кокон баскынчыларына каршы күрөшөт. Ал жерде Сатыке баатыр жеңилгенден кийин Чарга(Кызыл Ой) келип, андан Кочкорго өтүп, бир аз туруп, андан Кеминге келип, кайра Чүйдөн Кара-Балтага барып, Ашмарага көчүп келет. Чүйгө келгенден кийин, казактын баатыры Төрөгелди бейкут жаткан айылды чаап, Чомойдун энеси Шекрди баш кылып төөгө таңып, туткундап алып кетип жатканда, Чомойго кабар жетип, Төрөгелдини атынан түшүрө чаап, энесин жана туткундаган элди куткарып алат. Ушундан кийин анын баатырдыгы эл арасында тез тарайт. Солто - сарыбагыштын уруулук чабыштарында Чомой баатыр Таластык кушчу уруусунун баатыры Бүргө экөө Канай бийди колдоп, ушул чабышта чөн эрдик көрсөтөт. Натыйжада Чүй, Кемин өрөөнү бүт солтолордун колуна өткөн. Канай бий Чомойдун эжеси Кумүштү токолдукка алган. Кокон хандыгынын бийлигин тааныгысы келбеген Чомой баатырды колго түшүрүүнү көздөп, Ташкендин кушбеги анын артынан түшөт. Чомой Таластын көкүрөк жагындагы жетиген уруусу менен канатташ конот. Жетиген менен Саяк бир тууган "Жетиген насилиңер боюнча саяксыңар, мындан ары чогуу жашап бир эле болуп жүрөлүк" - деп, Чомой баатыр Сур коен деген күлүгүн минип эки элге башчылык кылат. Чомойдун артынан түшкөн Ташкендик Муратаалы кушбеги (кол башчы деген мааниде) кыпчак эки миңдей колу менен жайдын толук кезинде, Суусамырда конуш алган Чомойдун айылына кол салат. Анда Чомой аз эле колун чакан топко бөлүштүрүп, жоонун туш тарабынан чабуул коёт да, аларды кирип турган Суусамыр суусунун тик жардуу кемерин көздөй сүрөт, камайт.