Григорий жылсанагы

Wikipedia дан
Григорий жылсанагынын киргизилиши. Рим папасы Григорий XIIIнүн Рим шаарындагы Ыйык Петр сыйынуу жайындагы мүрзөсүндө чегилген барельеф.

Григорий жылсанагыубакытты өлчөө системаларынын бири. Ал Жердин Күндү айланышынын циклин эсептөөгө негизделген. Мында Жер планетасы Күндү 365,2425 күн-түн ичинде айланаары негиз кылып кабыл алынган. Бул жылсанакта 400 жыл ичинде 97 жылдын феврал (бирдин айы) 29 күндөн турат, калган жылдары бул ай 28 күндөн турат деп кабыл алынган.

Григорий жылсанагы (аны кыргызча “григориандык календар” деп да белгилешчү) алгачкы жолу Рим папасы Григорий XIII тарабынан католиктер негизги калк болгон өлкөлөрдө 1582-жылдын 4-октябрында мурдагы Юлий жылсанагынын (юлиандык календардын) ордуна киргизилген. 1582-жылы 4-октябрдан кийинки күндү дароо 15-октябр деп жарыялашкан.


Григорий жылсанагынын түзүлүшү[оңдоо]

1918-жылдын 26-январындагы «Орусияда Григорий жылсанагын киргизүү тууралуу декрет».

Григорий жылсанагында бир жыл 365,2425 күн-түндөн турат деп кабыл алынган.

Негизинен, кыска жыл – 365 күндөн, узак жыл (орусча “високосный”) – 366 күндөн турган.

Айтмакчы, эски тарыхый даталар 1582-жылдын 4-октябрына чейинки учур үчүн Юлий жылсанагына ылайык гана жазылат, ал эми бул датадан кийин болсо – Григорий жылсанагына өткөн калктар атайын жадыбал аркылуу датаны жаңы жылсанакка алмаштырып алышат.


Кыскача тарыхый таржымакалы[оңдоо]

Өбөлгөлөр[оңдоо]

Юлий календары акырындап Күндү Жердин айланышынын мөөнөтүн так эмес чагылдыра баштаган, себеби кээ бир күндөр эске алынбагандыктан, көн менен түн теңелген жазгы учур менен юлийлик жылсанактын ортосунда айырма чыга баштаган.

Астрономдор Христофор Клавий менен Алоизий Лилий Рим папасынын буйругуна ылайык календарлык реформаны жүзөгө ашыруунун камылгаларын уюштурушкан.

Өлкөлөрдүн Григорий жылсанагына өтүү мезгилдери (жадыбал)[оңдоо]

Юлий жылсанагынын акыркы күнү Григорий жылсанагынын алгачкы күнү Мамлекеттер жана аймактар
1582-жылдын 4-октябры 1582-жылдын 15-октябры Испания, Италия, Португалия, Речь Посполитая (курамына Улуу Литва княздыгы жана Польша падышалыгы кирген федералдык мамлекет)
1582-жылдын 9-декабры 1582-жылдын 20-декабры Франция, Лотарингия герцогдугу
1582-жылдын 21-декабры 1583-жылдын 1-январы Голландия, Брабант, Фландрия, Бельгия
1584-жылдын 11-январы 1584-жылдын 22-январы Швейцария (Люцерн, Ури, Швиц, Цуг, Брайсгаудагы Фрайбург, Золотурн кантондору)
1584-жылдын 12-январы 1584-жылдын 23-январы Силезия
1587-жылдын 21-октябры 1587-жылдын 1-ноябры Венгрия (Мажарстан)
1700-жылдын 31-декабры 1701-жылдын 12-январы Швейцария (Цюрих, Берн, Базель, Женева)
1752-жылдын 2-сентябры 1752-жылдын 14-сентябры Улуу Британия жана анын оторчулугундагы аймактар
1753-жылдын 17-февралы 1753-жылдын 1-марты Швеция (анын ичинде Финляндия)
1867-жылдын 5-октябры 1867-жылдын 18-октябры Аляска
1873-жылдын 1-январы Жапония
1911-жылдын 20-ноябры Кытай
1912-жылдын декабры (бештин айы) Албания
1916-жылдын 31-марты 1916-жылдын 14-апрели Болгария
1917-жылдын 15-февралы 1917-жылдын 1-марты Түркия
1918-жылдын 31-январы 1918-жылдын 14-февралы Советтик Орусия, анын ичинде Кыргызстан; эгемен Эстония
1924-жылдын 9-марты 1924-жылдын 23-марты Грекия



Мүчөлдүк жыл санактын кыскача таржымакалы[оңдоо]

Дүйнө элдеринин оригиналдуу жана атаандаш жыл санак системаларынын бири – Евразиянын чыгышындагы кыргыз, түрк, монгол, тибет, кытай ж.б. чыгыш элдеринде колдонулуп келген он эки жаныбардын атына негизделген мүчөлдүк жыл санак системасы.

Ал дагы – күн календарына негизделген.

Кыргыз элинин уламыштарынын биринде анын келип чыгуу себеби төмөндөгүдөй баяндалат: чыгып келаткан күндү биринчи көргөн жандын атынан жыл эсеби башталат дегенди угуп, таң аткыча уктабай чыгыш тарапты карап турган төөдөн акылдуулук кылып, анын төбөсүнө (кулагына) чыгып алган чычкан таңкы күндү биринчи көргөндүктөн, жыл эсеби анын атынан аталып калган; буга ачууланган төө жыл эсебине таптакыр кирбей койгон имиш.

Махмуд Кашгари (Барскани) болсо 11-кылымдагы теңир-тоолук түрк калктарынын жомогун өзүнүн “Түрк тилдеринин сөз жыйнагы” (1072-1077) эмгегинде чагылдырып калган. Анда жыл санактын келип чыгышы Иле дарыясынан чубап өткөн жаныбарлардын ирээти менен байланыштырылат.

Чыгыштын башка калктарында да бул жыл санактын пайда болушу тууралуу ар кыл кызыктуу жомоктор, уламыштар бар.

Мүчөлдү түзө турган жалпы жыл аталыштары[оңдоо]

Жыл сүрүүнүн 12 жылдык циклинин биринчи жылы “чычкан”, экинчиси “уй”, үчүнчүсү “барс”, төртүнчүсү “коён”, бешинчиси “улуу” (кытайча “лу” – “ажыдаар”), алтынчысы “жылан”, жетинчиси “жылкы”, сегизинчиси “кой”, тогузунчусу “мечин” (“маймыл”), онунчусу “тоок”, он биринчиси “ит”, он экинчиси “доңуз” деп аталат.

Кыскача адабият тизмеси[оңдоо]

  • Календарь // Кыргыз Совет Энциклопедиясы / Башкы редактор Б.Ө.Орузбаева. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1978. – Том 3. Ирик – Лактар. – Б. 92. -
  • Кыргыздар. Он томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Учкун, 2004. - Т. 1-10. - ISBN 9967-413-89-1.
  • Кыргыздар. Он төрт томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Бийиктик, 2011. - Т. 1-14. - ISBN 978-9967-13-792-9. (Китептин жарыкка чыгышына демөөрчү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карганбек Самаков.
    * Кыргыздардын улуттук маданияты: Тарых. Маданият. Мурас. Салт-нарк. Боордоштордун маданияты / Түз.: К.Жусупов, Ж.Бакашова, К.Иманалиев, М.К.Өмүрбай уулу; Редактору академик Абдыганы Эркебаев. - Б.: 2012. - 972 б. - ISBN 978-9967-26-570-7.
  • Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын “Дивану лугати-т-турк” сөз жыйнагы: (1072-1077). Жооптуу редактор Өмүркул Караев. – Бишкек: Кыргызстан, 1997. – 169 бет, сүрөт, карта. - (ISBN 5-655-01222-7)
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Кыргыз тарыхы: Энциклопедия / Жооптуу редактор А.Асанканов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2003. – 464 б.: сүрөт. – ISBN 5-89750-150-5.



Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]