1-март
| Февраль – Март – Апрель | ||||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
| 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
| 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
| 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 |
| 29 | 30 | 31 | ||||
1–март – Григорий күн барагы боюнча жылдын 60–күнү (толук жылдарда – 61–күнү). Жылдын аягына чейин 305 күн бар.
Окуялар
86 б.з.ч. – Луций Корнелий Сулла, Рим республикасынын аскеринин башында Афинага кирип тиран Аристионду кубалап жиберген.
1325 – Москва Русьтун чиркөө борбору болуп калды. Москва князы Иван Калита митрополит Петрду резиденциясын Владимирден Москвага которууга ынандырды.
1562 – Франциянын Васси жергесинде 23 гугенот Франсуа де Гиздин жетекчилигинин алдында католиктер тарабынын өлтүрүлгөн, Франциядагы дин согушунун башталышы болуп калган.
1564 – Иван Федеровдун «Апостолл» аттуу биринчи басмадан чыккан орус китеби жарык көрдү.
1565 – Бразилияда португалиялык колония Рио–де–Жанейро негизделди.
1638 – Түндүк Америкага Швециядан биринчи тургундар келишкен.
1790 – Кошмо Штаттарында биринчи калкты каттоого уруксат берилди.
1803 – Огайо АКШнын 17–штаты болду.
1815 – Наполеон Элбадагы сүргүндөн кийин Францияга кайтып келди.
1845 – Президент Жон Тайлер АКШ Техас республикасын кошуу укугун ыйгарган мыйзам долбооруна кол койду.
1847 – Мичиган штаты формалдуу түрдө өлүм жазасын жойду.
1867 – Небраска АКШнын 37–штаты болду, Ланкастер Линкольн деп аталып штаттын борбору болду.
1869 – Дмитрий Менделеев атомдук салмагы жана химиялык окшоштугунун негизинде элементтердин системасынын жадыбалын түздү.
1872 – Йеллоустон улуттук сейил багы дүйнөдөгү биринчи улуттук паркы болуп калды.
1880 – биринчи ири Сен Готард темир жол туннелинин курулушу аяктады.
1886 – Сингапурда англис–кытай мектеби епископ Уильямом Олдман тарабынан ачылды.
1893 – Никола Тесла Сент–Луис, Миссуриде радионун биринчи коомдук бет ачарын тартуулады.
1896 – Анри Беккерел радиоактивдүүлүктүн ачылышын жасады.
1901 – Австралия аскери түзүлдү.
1912 – учуп бараткан учактан парашют менен Алберт Берри биринчи секирүү жасады.
1914 – Кытай Республикасы Дүйнөлүк почта биримдигине кошулду.
1919 – советтик милицияга караштуу сот экспертизасынын институту түзүлдү.
1920 – Бурят АССРи уюшулду.
1927 – Италиянын банкы улутташтырылды.
1928 – америкалык дарыгер Герберт Эванс алтынчы витаминди ачып, F витамини деп атаган.
1932 – Фрунзеде биринчи полиграфиялык бирикме уюшулган.
1941 – W47NV (азыр WSM–FM деп таанылган) Нашвилл, Теннессиде иштей баштаган. АКШдагы биринчи FM –радио.
1946 – Англиянын мамлекеттик банкы улутташтырылды.
1947 – Эл аралык валюта фонду каржы операцияларын жүргүзө баштады.
1953 – Иосиф Сталин инсульттан жыгылган.
1954 – 15 мегатонналык Castle Bravo водороддук бомбанын өзөктүк сыноосу. Тынч океанда Бикини атоллунда жардырылган.
1956 – Эл аралык аба транспортунун ассоциациясы Эл аралык граждандык авиация уюму үчүн радиотелефония долбоорун аяктады.
1961 – АКШ президенти Жон Кеннеди Тынчтык корпусун түздү.
1961 – Уганда өзүн өзү башкарууга өтүп биринчи шайлоо өткөрдү.
1966 – «Венера –3» советтик автоматтык планеталар аралык станция дүйнөдөгү башка планетага конгон биринчи космос кемеси болду.
1966 – Сирияда Баас партиясы бийликке келди.
1970 – Родезия Улуу Британиядан көз карандысыздыгын жарыялады.
1974 – Уотергейт чатагы.
1976 – Улуу Британиянын парламенти жол кыймылынын жаңы жоболорун кабыл алды, аларга ылайык коопсуздук кемерин колдунуу милдеттендирилди.
1977 – Киевде украиналык ойчул Григорий Сковородага эстелик ачылды.
1989 – АКШ адабий жана көркөм чыгармаларды коргоо боюнча Берн макулдашуусунун мүчөсү болду.
1991 – Украинадагы Донбасс кенинин шахтерлору биринчи ирет саясий талап коюшту, Михаил Горбачевдун кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.
1994 – Грузиянын парламенти КМШ курамына кирүү тууралуу документти бекитти.
1995 – Yahoo! корпорация катары катталды.
1996 – Россия Федерациясынын коргоо министрлигинин «Свободный» космодрому уюшулду.
2002 – Афганистанга америкалык басып кирүү: Чыгыш Афганистанда Анаконда операциясы башталды.
2002 – экологиялык спутник Envisat 9,5 тонналык пайдалуу жүк менен Жердин үстүндөгү 800–километрдик орбитага 11–учуруусунда ийгиликтүү жетти.
2002 – песето, Испаниянын расмий акча бирдиги, колдонуудан чыгып еврого алмаштырылды.
2004 – Мохаммед Баар ал–Улоум Ирактын президенти болду.
2006 – англис тилиндеги Уикипедияга миллионунчу макала киргизилди.
2011– Стив Жобс жаңы Ipad 2 сунуштады.
Төрөлгөндөр
40 – Мартиал, латын акын (102-ж. к.ж.).
1445 – Сандро Ботичелли, италиялык сүрөтчү (1510-ж. к.ж.).
1547 – Рудолф Гоклениус, немис философ (1628–ж. к.ж.).
1597 – Жан–Чарлз де ла Фай, фламандиялык математик (1652–ж. к.ж.).
1611 – Джон Пэлл, англис математик (1685–ж. к.ж.).
1683 – Тсангянг Гятсо, 6–Далай–лама (1706-ж. к.ж.).
1732 – Уильям Кашинг, америкалык укукчу (1810-ж. к.ж.).
1760 – Франсуа Николас Леонард Базот, француз революционер (1794-ж. к.ж.).
1810 – Фредерик Шопен, полшалык композитор жана пианист (1849-ж. к.ж.).
1812 – Август Пугин, англис архитектор (1852-ж. к.ж.).
1817 – Жиованни Дюпре, италиялык айкелчи (1882-ж. к.ж.).
1837 – Уильям Дин Хоуэллс, америкалык жазуучу, тарыхчы жана саясий ишмер (1920–ж. к.ж.).
1842 – Николас Гизис, грек сүрөтчү (1901-ж. к.ж.).
1848 – Август Сент-Гауденс, америкалык айкелчи (1907-ж. к.ж.).
1852 – Теофил Делкассе, француз мамлекеттик ишмер (1923-ж. к.ж.).
1858 – Жорж Симмел, немис социолог жана философ (1918–ж. к.ж.).
1863 – Александр Головин, орус сүрөтчү (1930-ж. к.ж.).
1871 – Бен Харни, америкалык рэгтайм композитору жана пианист (1938-ж. к.ж.).
1880 – Джайлс Литтон Стрэчи, британиялык жазуучу (1932-ж. к.ж.).
1886 – Оскар Кокошка, австриялык сүрөтчү жана акын (1980-ж. к.ж.).
1888 – Эварт Эстилл, англис крикет оюнчусу (1948-ж. к.ж.).
1889 – Ватсужи Тетсуро, жапон философ (1960–ж. к.ж.).
1892 – Рюноске Акутагава, жапон жазуучу (1927–ж. к.ж.).
1896 – Димитрис Митропоулос, грек дирижер жана композитор (1960-ж. к.ж.).
1896 – Морис Силер, немис жазуучу жана өндүрүшчү (1942-ж. к.ж.).
1904 – Пол Хартман, америкалык актер (1973-ж. к.ж.).
1904 – Глэн Миллер, америкалык джаз–оркестр жетекчиси (1944-ж. к.ж.).
1905 – Дорис Хэйр, уэлстик актриса (2000-ж. к.ж.).
1906 – Камилла Спира, немис актриса (1997-ж. к.ж.).
1906 – Фам Ван Донг, вьетнамдык саясий ишмер (2000-ж. к.ж.).
1910 – Арчер Жон Портер Мартин, англис химик, Нобел сыйлыгынын лауреаты (2002–ж. к.ж.).
1910 – Дэвид Нивен, англис актер (1983-ж. к.ж.).
1911 – Рина Кетти, француз ырчы (1996-ж. к.ж.).
1912 – Борис Черток, орус ракета конструктору (2011–ж. к.ж.).
1914 – Гарри Карей, америкалык спорт комментатору (1998-ж. к.ж.).
1914 – Ральф Эллисон, америкалык жазуучу (1994-ж. к.ж.).
1915 – Малак Карш, канадалык фотосүрөтчү (2001-ж. к.ж.).
1917 – Роберт Лоуэлл, америкалык акын (1977-ж. к.ж.).
1918 – Роджер Делгадо, англис актер (1973-ж. к.ж.).
1918 – Глэдис Нун Спэлмен, америкалык саясий ишмер (1988-ж. к.ж.).
1920 – Бентли Макса, канадалык хоккейчи (1984-ж. к.ж.).
1921 – Джек Клейтон, британиялык режиссер (1995-ж. к.ж.).
1921 – Ричард Уилбур, америкалык акын.
1922 – Уильям Гейнс, америкалык басмакана жетекчиси (1992-ж. к.ж.).
1922 – Итжак Рабин, израилдик мамлекеттик ишмер, Нобел сыйлыгынын лауреаты мира (1995-ж. к.ж.).
1923 – Петер Кушка, венгриялык жазуучу жана редактор (1999-ж. к.ж.).
1924 – Дик Слэйтон, америкалык астронавт (1993–ж. к.ж.).
1926 – Роберт Клэри, француз актер.
1926 – Чезаре Данова, америкалык актер (1992-ж. к.ж.).
1926 – Пит Розилл, америкалык кесипкөй спорт жетекчиси (1996-ж. к.ж.).
1926 – Аллан Стэнли, канадалык хоккейчи.
1927 – Гарри Белафонте, америкалык актер жана музыкант.
1927 – Роберт Борк, америкалык укук илимпозу.
1928 – Сеймур Паперт, түштүк африкалык математик.
1928 – Жак Риветт, француз режиссер.
1929 – Жоржи Марков, болгариялык диссидент (1978-ж. к.ж.).
1930 – Гастон Ненчини, италиялык велосипедист (1980-ж. к.ж.).
1934 – Жан–Мишел Фолон, белгиялык сүрөтчү (2005-ж. к.ж.).
1934 – Жоан Хакетт, америкалык актриса (1983-ж. к.ж.).
1935 – Роберт Конрад, америкалык актер.
1936 – Моник Бегин, француз–канадалык саясий ишмер.
1936 – Жан–Эдерн Хэллиер, француз жазуучу (1997-ж. к.ж.).
1937 – Жед Аллан, америкалык актер.
1939 – Лео Брауер, кубалык композитор жана гитарист.
1940 – Роберт Гроссмен, америкалык сүрөтчү.
1941 – Жу Хйун, түштүк кореялык актер.
1941 – Донни Уолш, америкалык баскетбол машыктыруучусу жана жетекчи.
1943 – Хосе Энгел Ирибар, испаниялык футболист.
1943 – Акинори Накаяма, жапон гимнаст.
1943 – Ричард Х. Прайс, америкалык физик.
1943 – Рашид Санаев, орус физик.
1943 – Ча Като, жапон куудул жана актер.
1944 – Джон Брикс, америкалык саясий ишмер.
1944 – Майк д'Або, англис ырчы (Manfred Mann).
1944 – Роджер Дэлтри, англис музыкант.
1945 – Дирк Бенедикт, америкалык актер.
1946 – Элвин Бэти, америкалык футбол оюнчусу.
1946 – Жерри Боулет, француз–канадалык ырчы (1990-ж. к.ж.).
1947 – Алан Тик, канадалык актер жана акын.
1952 – Стивен Бернс, америкалык жазуучу.
1952 – Жерри Нилсен, америкалык дарыгер (2009–ж. к.ж.).
1952 – Мартин O'Нейл, түндүк ирландиялык футболист жана жетекчи.
1952 – Брайен Уинтерс, америкалык баскетбол оюнчусу жана машыктыруучу.
1954 – Кэтрин Бах, америкалык актриса.
1954 – Рон Говард, америкалык актер жана директор.
1956 – Тимоти Дели, америкалык актер.
1956 – Далиа Грибаускайте, литвалык саясий ишмер.
1957 – Питер Атанс, америкалык альпинист.
1958 – Ник Кершау, англис музыкант.
1958 – Чосей Коматсу, жапон дирижер.
1958 – Бертран Пиккард, швейцариялык учкуч жана психиатр.
1958 – Асылбек Өзүбеков, кыргыз актер жана ырчы.
1959 – Ник Гриффин, британиялык саясий ишмер.
1959 – Диаманто Манолакоу, грек саясий ишмер.
1960 – Уильям Беннетт, англис музыкант.
1962 – Марк Гарднер, америкалык бейсбол оюнчусу.
1962 – Мелани Мур, америкалык актриса.
1963 – Томас Андерс, «Modern Talking» тобунун солисти, немис ырчы.
1963 – Морис Бенард, америкалык актер.
1963 – Рон Френсис, канадалык хоккейчи.
1963 – Рассел Вонг, америкалык актер.
1964 – Пол Ли Гуэн, француз футбол жетекчиси.
1965 – Стюарт Эллиотт, канадалык жокей.
1966 – Зак Шнайдер, америкалык киноөндүрүшчү.
1967 – Елена Афанасьева, орус атлет.
1967 – Джордж Идс, америкалык актер.
1969 – Хавьер Бардем, испаниялык актер.
1969 – Йозеф Забо, венгриялык суу сүзүүчү.
1970 – Джейсон В Брок, америкалык жазуучу.
1973 – Джек Девенпорт, англис актер.
1973 – Антон Гунн, америкалык саясий ишмер.
1973 – Риан Пик, канадалык гитарист (Nickelback).
1973 – Карло Рисурт, голландиялык ди–джей.
1973 – Крис Уеббер, америкалык баскетбол оюнчусу.
1974 – Стивен Девис, америкалык футбол оюнчусу.
1974 – Марк–Пол Госселаар, америкалык актер.
1974 – Шейн Харвуд, австралиялык крикет оюнчусу.
1975 – Франческо Мацариол, италиялык регби оюнчусу.
1976 – Дейв Малкофф, америкалык телерепортер.
1977 – Эстер Канадас, испаниялык актриса жана модель.
1978 – Йенсен Аклс, америкалык актер.
1978 – Алисия Ли Уиллис, америкалык актриса.
1980 – Шахид Африди, пакистандык крикет оюнчусу.
1980 – Женнаро Брасиглиано, француз футболист.
1980 – Сержан Гүвен Ышык, түрк футболист.
1980 – Абдур Реман, пакистандык крикет оюнчусу.
1980 – Жими Траоре, малилик футболист.
1980 – Анна Семенович, «Блестящие» тобунун солисти.
1981 – Анаа Хикманн, бразилиялык супермодель.
1981 – Адам Ла Воргна, америкалык актер.
1982 – Шалва Дидебашвили, немис регби оюнчусу.
1982 – Хуан Мануэл Ортис, испаниялык футболист.
1983 – Дэниел Карвалхо, бразилиялык футболист.
1983 – Крис Хакетт, англис футболист.
1983 – Блейк Хоуксворт, канадалык бейсбол оюнчусу.
1984 – Мора Наима, америкалык модель.
1984 – Александр Стин, швециялык хоккейчи.
1985 – Андреас Оттл, немис футболист.
1986 – Джонатан Спектор, америкалык футболист.
1987 – Сэмми, америкалык ырчы.
1988 – Тревор Кахилл, америкалык бейсбол оюнчусу.
1988 – Фредди Смит, америкалык актер.
1989 – Анжо Бухман, немис регби оюнчусу.
1989 – Соня Китчелл, америкалык ырчы.
1989 – Даниэлла Моне, америкалык актриса.
1989 – Карлос Вела, мексикалык футболист.
1990 – Гарри Эден, англис актер.
1994 – Жастин Бибер, канадалык ырчы, поп–жылдыз.
Көз жумгандар
317 – Валериус Валенс, Рим императору.
589 – Ыйык Дэвид, Уэлстин ыйык коргоочусу (500-ж. т.).
1131 – Венгриянын королу Стивен II (1101-ж. т.).
1320 – Буанту Каган, Юан монгол династиясынын императору (1286-ж. т.).
1510 – Франциско де Алмеида, португалиялык жоокер жана изилдөөчү.
1536 – Бернардо Акколти, италиялык акын (1465-ж. т.).
1620 – Томас Кэмпион, англис акын жана композитор (1567-ж. т.).
1633 – Джордж Герберт, англис акын жана чечен (1593-ж. т.).
1643 – Жироламо Фрескобалди, италиялык композитор (1583-ж. т.).
1661 – Ричард Зоуч, англис укукчу (1590-ж. т.).
1697 – Франческо Реди, италиялык дарыгер (1626–ж. т.).
1706 – Гейно Генрих Граф вон Флемминг, немис фельдмаршал жана Берлиндин губернатору (1632-ж. т.).
1757 – Эдвард Мур, англис жазуучу (1712-ж. т.).
1768 – Германн Сэмюэль Реймарус, немис философ жана жазуучу (1694–ж. т.).
1773 – Луиджи Ванвителли, италиялык архитектор (1700–ж. т.).
1777 – Георг Кристоф Вагенсейл, австриялык композитор (1715-ж. т.).
1817 – Жиакомо Куаренги, италиялык архитектор (1744–ж. т.).
1841 – Клод Виктор-Перрин дюк де Беллуно, француз маршал (1764-ж. т.).
1862 – Питер Барлоу, англис математик (1776–ж. т.).
1875 – Тристан Корбиер, француз акын (1845-ж. т.).
1879 – Йахим Хиир, швейцариялык саясий ишмер (1825-ж. т.).
1882 – Теодор Куллак, немис пианист, композитор, окутуучу (1818-ж. т.).
1884 – Исаак Тодхантер, англис математик (1820–ж. т.).
1898 – Джордж Брюс Мэллсон, Индияда англис мамлекеттик кызматчы, жазуучу (1825-ж. т.).
1906 – Хосе Мариа де Переда, испаниялык роман жазуучусу (1833-ж. т.).
1911 – Якобс Хенрикус ван ‘т Хофф, голландиялык химик, Нобел сыйлыгынын лауреаты (1852–ж. т.).
1912 – Джордж Гроссмит, англис актер жана куудул (1847-ж. т.).
1920 – Джозеф Трампелдор, орус сионист (1880-ж. т.).
1922 – Рафаел Moreno Аранзади, испаниялык футболист (1892-ж. т.).
1932 – Франк Тишемахер, америкалык джаз кларнетист (1906-ж. т.).
1933 – Уладзимир Зилка, белорус акын (1900-ж. т.).
1936 – Михаил Кузьмин, орус жазуучу (1871-ж. т.).
1938 – Габриэл Д'Аннунцио, италиялык жазуучу, баатыр, жана саясий ишмер (1863-ж. т.).
1940 – Антон Хансен Таммсааре, эстониялык жазуучу (1878-ж. т.).
1943 – Александр Йерсин, швейцариялык дарыгер (1863–ж. т.).
1952 – Мариано Азуэла, мексикалык роман жазуучусу (1873-ж. т.).
1966 – Фриц Хоутерманс, немис физик (1903–ж. т.).
1974 – Бобби Тиммонс, америкалык джаз пианист (1935-ж. т.).
1976 – Жан Мартинон, француз дирижер жана композитор (1910-ж. т.).
1979 – Мустафа Барзани, күрд саясий ишмер (1903-ж. т.).
1980 – Вилгелмина, нидерландия–америкалык модель (1940-ж. т.).
1980 – Дикси Дин, англис футболист (1907-ж. т.).
1982 – Франк Саргесон, жаңы зеландиялык жазуучу (1903-ж. т.).
1984 – Джекки Куган, америкалык актер (1914-ж. т.).
1984 – Роланд Калвер, британиялык актер (1900-ж. т.).
1988 – Джо Бэссер, америкалык куудул жана актер (1907 -ж. т.).
1989 – Васантдада Патил, индиялык саясий ишмер (1917).
1991 – Эдвин Х. Лэнд, америкалык илимпоз жана ойлоп табуучу, «Полароид» корпорациясынын негиздөочүсү. (1909–ж. т.).
1995 – Жоржис Ж. Ф. Колер, немис биолог, Нобел сыйлыгынын лауреаты (1946–ж. т.).
1995 – Владислав Листьев, орус тележурналист (1956).
2001 – Генри Вэйд, америкалык адвокат (1914).
2004 – Миан Гулам Жилани, пакистандык генерал (1914).
2006 – Гарри Браун, америкалык саясий ишмер жана жазуучу (1933).
2006 – Жонни Жексон, америкалык музыкант (1951).
2006 – Питер Осгуд, англис футболист (1947).
2006 – Джек Уайлд, британиялык актер (1952).
Майрамдар
Баңгиликке жана биңги ишкердүүлүккө каршы күрөшүү эл аралык күнү.
Бүткүл дүйнөлүк атуулдук коргоо күнү.
Босния жана Герцеговина – Көз карандысыздык күнү. Югославия Социалисттик Федеративдүү Республикасынан көз карандысыздык күнү 1992–жылдан бери белгилене баштаган.
Исландия – сыра күнү. 1989–жылы сырага тыйуунун алып салганына байланыштуу белгилене баштаган.
Маршалл аралдары – Эскерүү күнү.
Панама – Конституция күнү.
Парагвай – Баатырлар күнү.
Россия – криминалист адистеринин күнү.
Россия – мышыктар күнү.
Түштүк Корея – Көз карандысыздык кыймылынын күнү (Samiljeol; 삼일절).
Швейцария – Республика күнү.