Грузин ашканасы

Википедия дан

Грузин ашканасы — Дүйнөгө эң таанымал ашканалардын бири. Коңшу жайгашкан өлкөлөрдүн (Түркия жана Иран) таасиринен улам Батыш жана Чыгыш Грузиянын ашканалары бири-биринен айырмаланып турат. Алсак батыш Грузияда жүгөрү унунан жасалган нан жана куш эттери көп колдонулса, Чыгыш Грузияда буудай унунан жасалган нанга жана уй, кой этине басым жасалат.

Жалпысынан алганда грузин ашканасы тамактарына сарымсак, көк чөптөрдү (ашкөк, укроп, шпинат, жалбыз), хмели-сунели, аджика сыяктуу ачуу татымалдарды көп кошкондугу жана жашылчаларды (баклажан, кызылча, капуста) кеңири пайдалангандыгы менен айырмаланат. Ошондой эле бул ашканада сыр, жаңгактын түрлөрү, төө буурчак кеңири колдонулат. Алсак, сырдын 250дөн ашык түрүн жолуктурууга болот. Грузин ашканасындагы тамактардын дээрлик көпчүлүгү майга куурулуп же болбосо отко какталып бышырылат.

Таттуу азыктарга токтолсок, бул ашканада таттуулар көп деле жасалбайт. Анын ордуна ар кандай мөмө-жемиштер, мөмө ширелери, кактары, жаңгактын түрлөрү, бал пайдаланылат.