Шпинат

Википедия дан

Шпинат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шпинат - бийиктиги 25-50 сантиметрге чейин өскен бир жылдык чеп. Аталган чөптү кулинарияда колдонуу максатында алгач персиялыктар өстүрүшкөн. Перс тилинен которгондо "жашыл кол" дегенди түшүндүрөт. Кийин бул өлкеден Кытайга тараган. Бүгүнкү күнде да шпинат өстүрүү боюнча Кытай алдыңкы орунда турат.

Пайдалуу жактары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шпинаттын курамынан В1, В2, Д, С,Р, РР, К витаминдерин, микроэлементтерди, органикалык кычкылдарды, белок жана каротинди табууга болот. Курамындагы белоктун өлчөму жагынан буурчак менен төө буурчактан кийинки орунда турат. 100 грамм шпинаттын энергетикалык баалуулугу 23 килокалория. Аз калориялуу азык болгондуктан диета кармоодо салмак таштоодо колдонууга болот.

Фолий кычкылына жана Е витаминине бай болгондуктан эрте бырыш түшүүдөн сактайт жана кош бойлуу кезде түйүлдүктүн жакшы верчушуне таасир берил, бойдон түшүүнүн алдын алат

Курамындагы кальций сөөктөрдүн жана тиштердин бекем болушун шарттаса, хлорофилл менен темир кандын сапатын жакшыртып, анемияга каршы тура алат.

Шпинаттын курамында йод, сапонин заты көп болгондуктан иммунитетти бекемдеп, организмде зат алмашууну жакшыртып, онкологиялык оорулардын алдын алат. Мындан сырткары кандагы канттын өлчөмүн түшүрүүдө эң мыкты жардамчы болуп саналат.