Данилевский Николай Яковлевич

Википедия дан

Данилевский Николай Яковлевич [4(16).12. 1822, Ливенский уезди, Орлов губерниясы, Остров кыштагы – 7(19).11.1885, Тифлис (азыркы Тбилиси)] – орус философу, биологу, публицисти, панславизм идеологу. Данилевский баарына бештен белгилүү: байыркы орто кылым жана жаңы тарых болуп бөлүнгөн бирдиктүү дүйнөлүк тарых деген концепцияны четке каккан. Ал «Россия жана Европа» аттуу китебинде (1869) биология организмдер сыяктуу өз бет алдынча обочолонуп өсүп-өнүгүүчү «маданий-тарыхый типтер» (цивилизациялар) деген теориясын киргизген. Бул теория кийин О.Шпенглердин жана А.Тойнбинин локалдык (аймактык) цивилизациялар деп аталган концепцияларына негиз болгон. Ар бир тип өзүнүн жаралуу, телчигүү, гүлдөө жана соолуп-өчүү доорлорун басып өтөт. Данилевский өз китебинде маданий-тарыхый жактан өнүгүүнүн 10 тибин: египет, кытай, байыркы семит (ассирия-вавилон-финикия-халдей), индия, иран, еврей, грек, рим, жаңы семит (араб), европа (роман-герман) цивилизацияларын атаган. Анын пикири боюнча тарыхта жаңыдан жаралып жаткан 11-маданий-тарыхый тип – славян цивилизациясы. Ал буга чейинки цивилизациялардан алда канча жогору турат жана келечектүү деп эсептеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия