Дооронбек Садырбаев

Википедия дан
Дооронбек Садырбаев
Туулган датасы:

13 -февраль 1939(1939-02-13) (85 жаш)

Туулган жери:

Бирлик колхозу, Ноокен району, (Ош) Жалал-Абад облусу, СССР

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Кесиби:

кинорежиссёр, жазуучу, саясатчы

Сыйлыктары:
3- даражадагы «Манас» орени
3- даражадагы «Манас» орени
IMDb:

ID 1119526

Садырбаев, Дооронбек (13-февраль, 1939-жыл, Апыртан - 28-май, 2008-жыл, Бишкек ш.) - кыргыз кинорежиссеру,жазуучусу, саясий жана коомдук ишмери. Өлгөндөн кийин ага Кыргыз Эл Баатыры наамы (2008) ыйгарылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дооронбек Садырбаев почта маркасында

Дооронбек Садырбаев азыркы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы "Бирлик" колхозунда) 1939-жылы 13-февралда туулган. Атасы "Бирлик" колхозунун төрагасы болуп иштеген. Ал 14 жашка чыкканда атасы 45 жашында оорудан каза болгон.

Дооронбек Садырбаев ошол айылда 7-класска чейин окуган. 7-классты бүткөндөн кийин райондун борборундагы №1-орто мектебине кирип, 1957-жылы орто мектепти аяктаган.

Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун бүтүргөн. Дооронбек Садырбаев 70тен ашуун даректүү тасмалардын, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Анын 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Студент кезинен эле режиссердук жана кино өнөрү менен "ооруп" калган.

4-курстан мединститутту таштап, жаңы ачылган Кыргыз сыналгысына режиссердук ишке орношкон. Муратбек Рыскулов, Жамал Сейдакматова, Бакен Кыдыкеева сыяктуу устаттар менен чогуу көптөгөн көркөм тасмаларды кыргызчага которууга катышкан, диктор катары тексттерди окуган.

Дубляжда (тасмаларды которууда) Вячеслав Тихонов, Кирилл Лавров сыяктуу орусиялык "лөктөрдүн" үнүнүн котормосун Доке окуп жүрчү экен. Анын эскергенине караганда, бул иш ага дурус маяна табууга мүмкүндүк берип, чыгармачыл эркиндик алууга өбөлгө түзгөн.

Ал режиссердук кылган даңазалуу "Махабат дастаны" тасмасы 1983-жылы тартылган жана кыргыз көрөрмандарынын жылуу баасына арзыган.

Бул тасма жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" романындагы бир окуяга негизделип тартылган.

Ал өз замандаштары Төлөмүш Океев жана Болот Шамшиевдин кыргыз кино өнөрүндөгү улуу көчүн андан ары уланткандардын бири болду.

Пост-советтик коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1992-93-жылдары Чеченстанда, Иракта, Грузияда болгон. Жохар Дудаев, Гамсахурдия сыяктуу саясатчылар менен маек куруп, кийинчерээк алар тууралуу макалаларын кыргыз тилинде жарыялаган.

Түркияда да "Ихлас фильм продакшн" кино студиясында иштеп, үйрөнчүктөргө кино өнөрү боюнча сабак берген учурлары болду.

Кийинчерээк эл-жерине кайтып келип, 1994-жылдан 1995-жылга караган кышта оппозициячыл саясатчы катары шайлоого катышып, жеңишке жетишти.


Депутаттык ишмердиги. Өмүрүнүн акыркы мезгили[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1995-жылдан тартып көзү өткөнчө ал Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты (1995-2008) болгон.

Дооронбек Садырбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өзгөчө жигердүү депутаты болгон.

Ал депутат кезинде калыс сөзү, оппозициячыл маанайы менен айырмаланган.

21-кылымдын башында Кыргызстанда бир катар оппозициячыл нааразылык жыйындарын уюштурууга катышкан.

2004-жылы ноябрда “Ата журт” деген оппозициялык кыймыл түзгөн (анын уюштуруучуларынын бири - оппозициячыл депутат Адахан Мадумаров жана мурдагы элчи, мурдагы тышкы иштер министри жана өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева болгон).

2005-жылкы 24-марттагы элдик ыңкылапты колдогон коомдук ишмерлерден болгон.

2008-жылы 28-майда алтымыш тогуз жашында оорунун айынан Бишкек шаарында каза тапкан.

Анын ооруга чалдыккан себебин мурдагы К.Бакиевдин режимин кескин сындаган ишмердиги менен байланыштырган, тымызын уу берилген деген сыяктуу жоромолдор бар.

Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Эскерүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Д.Садырбаевдин ысымы Бишкектеги мурдагы Бах көчөсүнө берилген.

2008-жылы ага (өлгөндөн кийин) Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.

Эмгектеринин котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын айрым юмордук аңгемелери (маселен, "Сатин көйнөк" - «Ситцевый бумеранг» аңгемеси) 30дан ашуун тилге которулган.

Кыргыз акыны Алыкул Осмонов туралуу кинороманы Москвада орус тилинде чыккан.

1916-жылкы кыргыз көтөрүлүшү жана 1990-жылкы Оштогу улуттар аралык кагылышуу тууралуу эскерүүлөр камтылган даректүү тасма (орусча "Песня памяти")даярдаган.


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]