Жакарта

Отурукташкан жай
Жакарта
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Индонезия
Координаттар 6°10′ ю. ш. 106°48′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 5 район
Губернатор Басуки Чахая Пурнама
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1527
Мурунку аталышы Сунда Келапа, Джаякарта, Батавия
Аянты 664 км²
Борборунун бийиктиги 8 м
Климатынын түрү экватордук
Убакыт аралыгы UTC+7
Калкы
Калкы 9 607 787 адам (2010)
Жыштыгы 14469,56 адам/км²
Агломерация 25 267 156
Этнохороним жакарталык, жаарталыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +62 21
Расмий сайты http://www.jakarta.go.id/
Жакарта (Индонезия)

Жакарта (инд. Jakarta, жав. Jakarta) — Индонезиянын борбор шаары. Жава аралынын түндүк-батышында, бухтадагы майда аралдарда чачыранды жайгашкан. Провинция статусуна теңдеш өзгөчө борбордук район. Калкы 8,6 млн (2007). Агломерациясы менен 18,2 млн. Агломерациядагы ири шаарлары: Бекаси, Тангеранг, Депок, Богор. Жакарта Батыш Ява провинциясынын округдары менен Жаботабек мегалополисин (калкы 23 млн; 2007) түзөт. Жолдор тоому. Ява деңизиндеги башкы порту Танжунг-Приок (жылына 20 млн т жүк ташылат). Эл аралык аэропорту бар. Жакартада 100дөн ашык ЖОЖ (анын ичинен университеттер жана башка), илимий изилдөө институттары, китепканалар, музейлер, театрлар, улуттук галерея бар. Машина жана кеме куруу (ремонттоо), электроника, химия, целлюлоза-кагаз, нефть ажыратуу, тигүү, тамак-аш, текстиль, металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Банктар көп. Жакартанын агломерациясы Түштүк-Чыгыш Азиядагы автомобиль өнөр жайынын башкы борбору [негизинен автомобиль жыйноо; жылына 300 миңге жакын; ири заводдору: «Astra Interntional» («Toyota», «Honda», «Daihatsu», «BMW», «Nissan»), «Indomobil» («Nissan», «Volvo», «Masda» жана башка)].

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жакартанын ордунда 5-кылымда эле тургун жай болгон деп божомолдонот. 1527-жылы султан Бантама ал жерде португалиялыктарды жеңгенде ошол жердеги Сунда-Келапа кыштагын Бантамага кошуп, Жаякерта («Улуу жеңиштин шаары» дегенди түшүндүрөт) атайт. Шаар 17-кылымдын башында голланддар тарабынан талкаланган. 1619-жылы ушул эле жерге алар тарабынан Батавия чеби курулган. Анын айланасына түшкөн шаар да 1621-жылы Батавия аталган. 1945-жылы 17августта Индонезия көз каранды эместикке ээ болгон. 1949-жылдан Батавия Жакарта аталган. Шаардын тарыхый борборунда голландиялык архитектуранын көптөгөн белгилери байкалат. Каналдар, 1718-кылымдагы үйлөр, Пенанг дарбазасы, эски чиркөөлөр (17-кылымга таандык), ратуша сакталган. Истикляль (1984) жана Нурул-Худа (2000) мечиттери курулган. Жакартада Азия жана Африка өлкөлөрүнүн кинофестивалы, Азия (1962), Түштүк-Чыгыш Азия (1979, 1987, 1997) оюндары өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5