Ибн ал-Хэйсам

Wikipedia дан
Ибни Хейсем
Ibn al-Haytham.png
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Ибни Хейсем
Туулган жылы: 965-жыл
Туулган жери: Басра
Каза болгон жылы 1039
Каза болгон жери Каир
Ишмердүүлүгү: улуу физик, астроном, математик, инженер

Ибни Хейсем (965 – 1039) - улуу физик, астроном, математик жана инженер.

Өмүр таржымалы[оңдоо]

Батышта ал Эль Хазен деген ат менен таанылган. Таалим-тарбияны Багдад менен Каирде алган. Өзүнөн мурда жашап кеткен Эль Кинди, Рази, Хунейн, Фергани, Баттани, Бозжани өңдүү белгилүү аалымдардын математика, астрономия, медицина жана философия чыгармалары менен оозанып, чоңойгон.
Багдаддан чыккан аалым: «Египеттин түштүк жагындагы бийик тоолор Нил дарыясына «жан бергенин» эшиттим. Эгер Египетте болгонумда Нилдин күчүн колдонууга бир амаларга таап, дарыя ташкындаганда да, суусу тартылганда да адам баласына кызмат кылдырар элем», – деген экен.

Оптика[оңдоо]

Оптика нурлары жөнүндөгү илимий изилдөөлөр Ибни Хейсемдин атын чыгарган. Азыр фотоаппаратта колдонулган жана фотоаппараттын табылышына себеп болгон элементтер Ибни Хейсемдин ачылышы. Күн тутулууда кылымдар бою колдонулуп келген ыкма Ибни Хейсемдин негиздерине таянат.
Профессор И.Х.Измирлинин айтымына караганда Ибни Хейсем Жердин тартылуу күчүн табуусу жана буга байланыштуу изилдөө иштери менен Ньютонго жол баштаган. Ал эми заттардын түшүүсүнө тиешелүү иштери менен Галилеого жол башчы болгон.
Ибни Хейсем жарык нурунун суу жана аба өңдүү тунук заттардан өтүүдө сынгандыгына изилдөө жүргүзүп, көрүнүштү чоңойтууга ыңгайлаштырылган аспаптардын ачылышына кадам таштаган. Рожер Бейкон, Витело жана башка батыш илимпоздору 3 кылымдан кийин микроскоп менен телескопту Ибни Хейсемдин чыгармаларына таянып тапкан.
Ошондой эле Ибни Хейсем чагылдыруунун экинчи законун, башкача айтканда түшкөн нур, нормаль жана чагылган нур бир тегиздикте жатышарын тапкан. Анын нурдун сынышына байланыштуу ачылыштары да абдан оригиналдуу. Алардын эң маанилүүсү нурдун ылдамдыгынын ачылышы. Француз математиги Ферматтын (1601–1665) принцибине анын окшогону көңүл бурарлык.
Көрүү алгач ирет адам көзүнөн чыккан нурлар менен эмес, көзгө келип түшкөн нурлар аркылуу болот деген теориясын ортого салган Ибни Хейсем Батламус менен Оклиддин пикирлерин бул ачылышы менен жокко чыгарган. Анын пикири бонча көз заттарды жарыктын жардамы менен кабыл алат. Ал көз системасы көрүү борбору экендигин жана көз менен кабылданган маалымат көрүү нервдери аркылуу мээге жетерин далилдеп чыккан. Ибни Хейсем эки көз бир затты кандай көрөрүн өз тажрыйбалары менен түшүндүргөн.
Мындан тышкары Ибни Хейсем Ай менен Күндүн горизонтто чоң болуп көрүнүшү, атмосферанын таасиринен келгенин айткан. Күн горизонттон 19ока батканында нурлардын сынууга учураганын билдирген. Ошондой эле атмосферанын оордугу, тыгыздыгы менен алардын заттарынын оордугуна таасир берүүсүндөгү байланышты тапкан.

Астрономия[оңдоо]

Ибни Хейсем астрономия илиминде да изилдөөлөрдү жасаган. Ал Айдын өзү нур чачпаганын, андан чыккан жарык Күндөн таралып топтолгон нурлар жана жылуулук экенин, башкача айтканда Күндөн таралган нурлар менен жылуулуктун чагылдыруусу экенин айтып келген.
Айдын нур, ал эми Күндүн жарык жана жылуулук чачкан чырак экенин айткан. Чырак нур чачат. Демек, Күн жылуулук менен жарык берет, ал эми Ай аны күзгүдөй гана чагылдырып турат.

Чыгармалары[оңдоо]

1. «Китаб-үл Меназир» китебинин колжазмалары Истамбулдун Фатих, Топкапы Сарай жана Аясофья китепканаларында «Китаб-үл Меназир» 600 жыл бою Европанын илим дүйнөсүндө, айрыкча нур менен шоолага байланыштуу теория жана эсеп жагынан булак китеп катары колдонулуп келген.
13-кылымда бул китеп изилденген. Витело аттуу илимпоз бул темага кайрылып, Ибни Хейсем китебинде жазган натыйжалардан алыс кете алган эмес. Бул китеп 1948-ж. Хайдарабадда басылып чыккан.
2. «Китаб-үл Азлал» – «Көлөкөлөр китеби» Ай жана Күн тутулуусу жөнүндө жазылган.
3. «Китап фи Мейара’л Мухрика» жалын чыгаруучу күзгүлөр китеби. Ибни Хейсем бул китебинде байыркы грек аалымдары токтолгон багытта кеңири көлөмдүү маалымат берген. Герард де Кремона тарабынан алгач ирет европа тилине которулган бул китеп 1542-ж. басылып чыккан.
Ибни Хейсем бул үч ири китебинен сырткары астрономия багытында да бир топ чыгарма жараткан. Э.Видеманн бул китептер жөнүндө макала жазып, бир тобун немис тилине которгон. Ибни Хейсемдин китептери латын жана европа тилдерине да жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов