Самара Каримова

Википедия дан
Каримова Самара‎»‎ барагынан багытталды)
Самара Каримова
Толук ысымы

Каримова Самара Эрмековна

Туулган датасы

10 -апрель 1991(1991-04-10) (32 жаш)

Туулган жери

Өзгөрүш, Лейлек району, Ош облусу, Кыргыз ССРи

Өлкө

 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы, актриса

Аспаптары

Комуз

Жанрлары

Фольклор, поп

Активдүү жылдары

2013 — азыркы учурда

Сыйлыктары

"Супер-Инфо" "2014-жылдын супер дебюту"

Super.kg: ID 1017

Самара Каримовакыргызстандык ырчы жана актриса, ишкер. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2017). "Самара" театралдык тобунун жетекчиси.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Өзгөрүш айылында төрөлгөн. 1998-жылы Наргозу Батыров атындагы мектепке кирип, 2009-жылы кыргыз-түрк Манас университетинин актрисалык бөлүмүнө тапшырган. Анда 2 жыл окуп, турмушка чыкканына байланыштуу Ош шаарына которулган. 2010-жылдан тарта Султан Ибраимов атындагы Ош драма театрынын актрисасы, жеке ырчы. Ырчы айымдын атасы Эрмек Каримов аккордеондо ойноп, көптөгөн тилде обон созот. Кесиби боюнча орус тили жана адабиятынан мугалим. Апасы Разия Шарипова Кыргыз Республикасынын ардактуу медициналык кызматкери. Самара сегиз бир туугандын жетинчиси. Бактыгүл, Сайрагүл, Айнагүл, Миргүл, Алымкан, Уулжан деген алты эжеси жана өзүнөн кийин Сагынбек аттуу иниси бар. Улуу эжелеринин бардыгы турмуш жолунда, ар кайсы тармакта эмгектенишет. Сагынбек — чыгармачыл адам, аккордеондо, улуттук аспаптарда кол ойнотуп, ырдайт.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2012-жылы республиканын 7 дубанында, чоң шаарларда, Бишкек, Ош шаарында бир нече жолу жеке концерт тери аншлаг менен берген;
  • 2014-жылы "Күзгү романс" спектаклинде башкы ролду ойногон;
  • 2018-жылы "Илек-Илек" спектаклинде башкы ролду жараткан;
  • 2018-жылы - 23 сериялуу "Акшоола " телесериалында башкы каармандык образын аткарган;
  • 2019- жылы "Сен экөөбүз" тасмасында башкы каарман;
  • 2019-жылы Орусиянын Кремль сарайынын чоң залында "От сердца Азии к Миру" аталышындагы жеке концертин койгон;
  • 2019- жылы Өзбекстандын Ташкент шаарында "Маданият - достукка чакырат" аталышындагы жеке концертин койгон;
  • 2019-жылы Өзбекстандын Манас кыргыз шаарчасында 5000ден ашык көрүүчүлөргө жеке концертин койгон;

Дискографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. "Эстетпечи"
  2. "Баргым келет апама"
  3. "Өзүңдү күтүп жүрөм"
  4. "Энекем"
  5. "Мен гана билем баркыңды"
  6. "Жүрөккө жүрөк сыр берет"
  7. "Кыздын ыры"
  8. "Неге минтип жүрөмүн?"
  9. "Жүрөк вальсы"
  10. "Сагынуу"
  11. "Айтсаң боло"
  12. "Жайлоодо"
  13. "Уктатпачы мени, жазгы жаан"
  14. "Кайра келчи, каркырам"
  15. "Ак булут"
  16. "Баргым келет апама"
  17. "Кыз узатуу"
  18. "Билбедиң жүрөгүмдөгүнү"
  19. "Ойлодуң бекен мени сен?"
  20. "Үч чындык"
  21. "Жаз"
  22. "Жеңиш күнү"
  23. "Ошол да тоолук кыргызбы?"
  24. "Алча гүлү"
  25. "Жүрөктү кетпе жаралап (folk version)"
  26. "Сени ойлосом..."
  27. "Ала-Тоо "
  28. "Күтмөкмүн (folk version)"
  29. "Апакем (folk version)"
  30. "Баары сендей"
  31. "Өрүкзарга кетели"
  32. "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам"
  33. "Периштем"
  34. "Ак кайың"
  35. "Сагынганда атамды"
  36. "Ак куулар сени сагынар"
  37. "Жаңы жыл"
  38. "Ай тумар"
  39. "Жалбырагым дирилдек"
  40. "Эсиңдеби?"
  41. "Бакытка тунуп турам "
  42. "Оо, Жараткан, сактай көр! "
  43. "Ыраазымын жолуктурган тагдырыма"
  44. "Курбулар"
  45. "Эстелик"
  46. "Хуторянка "
  47. "Назар күн"
  48. "Сүлүктү"
  49. "Миллион алых роз"
  50. "Попурри (Indian)"
  51. "Кызыл гүл" (Чырмаш Төрөбеков менен)
  52. "Касиетин эми билдим"
  53. "Тамашалуу ыр"
  54. "Бакытка тунуп турам"
  55. "Издейм сени"
  56. "Жүзүм кыз"
  57. "Булбул"
  58. "Жийде бурак"
  59. "Жаңы жылды тосолу"
  60. "Чиле"
  61. "Көрүнүп койсоң болбойбу?"
  62. "Алдаба куру бекер сөзүң менен"
  63. "Мотор кайык"
  64. "Белес"
  65. "Келсеңчи"
  66. "Жашайм шүгүр кудай деп"
  67. "Сакманчы болуп барсамбы?"
  68. "Кызыл гүл"
  69. "Жалжалым"
  70. "Кимдерге экен?"
  71. "Кызган мени" (Алтынай Нарбаева менен)

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Кыргызча аталышы Түпнуска аталышы Каармандык ролу
2018 с Акшоола[1] Акшоола Акшоола
2019 т Сен экөөбүз Сен экөөбүз Жийде
20212023 с Кадырхан[1] өзб. Qodirxon Кыргызстандык ишкер аял

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылы музыкант, Ош драма театрынын жетекчиси Асан Мансуровго турмушка чыгып, үч балалуу болушкан. Улуусу Барсбек 2012-жылы, кызы Даткайым 2013-жылы, кичүү улуу Алихан 2015-жылы төрөлгөн. Өмүрлүк жарынан 23 жаш кичүү. Жолдошу Асан Мансуровдун Самара менен таанышкандыгы тууралуу минтип айтканы бар:

«Ош драма театрынын жетекчиси болуп иштеп турган кезим. Курманжан датканын 200 жылдыгына карата Бишкекке фестивалга келгенбиз. Ошол фестивалды көргөнү Самара да келиптир. Жаныма келип "Асан аке сиз болосузбу, мен Самарамын. Аяш атаңыздын кызымын" деп өзүн тааныштырган. Алгач таанышканда, албетте, жубайым болуп каларын билген эмесмин. Баары буйруктан экен, минтип чыгармачылыктын артынан экөөбүз түтүн булатып калдык.»

Сыйлыктары жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча Самара Каримова "2014-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон.
  • 2014-жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык конкурстун баш байгесин утуп алган. Т.Турсунбаева, М.Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты.
  • Таттыбүбү Турсунбаева атындагы эл аралык сыйлыктын ээси;
  • Ош шаардык мэриясынын жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган;
  • Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасынын эсси, "Маданияттын мыкты кызматкери";
  • Кыргызстан аялдар конгрессинин "Мыкты айым" медалынын лауреаты.
  • Лейлек районунун "Ардактуу атуулу"
  • Кытай Эл Республикасынын 70 жылдыгын майрамдоого жана Кыргызстан менен Кытай элинин ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн "Кыргызстандын алтын үнү" грамотасынын ээси;
  • Кыргыз-Кытай мамилелеринин бекемделишине кошкон салымы үчүн диплом менен сыйланган;
  • Кыргыз-Өзбек достугуна кошкон салымы үчүн Өзбекстандын "Саодат" аялдар журналынын Ардак грамотасынын ээси;
  • Кремлдеги концерти үчүн жана Орусиянын мамлекеттик Думасынын ыраазычылык катынын ээси;
  • Кыргыз Республикасын президентинин сааты менен сыйланган.
  • Телерадиокомпаниялар, гезит, журналдар тарабынан өткөрүлгөн жыл жыйынтыгы боюнча "Жылдын мыкты ырчысы", "Жылдын ыры", "Сахна жылдызы", "Сахна ажары", "Жылдын алтын үнү", "Жыл адамы" жана башка 100дөн ашуун сыйлыктардын ээси ( 2012-2020);

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Жаңыл Ныязбекова. Ырчы Самара Каримова өзбек сериалына тартылып жатат (кырг.). Super.kg (25.05.2023). Текшерилген күнү 26 -май (бугу) 2023.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]