Мазмунга өтүү

Капай уулу Арслан

Википедия дан
Койчиев, Арслан Капай уулу‎»‎ барагынан багытталды)
Капай уулу Арслан
Туулган датасы:

29 -сентябрь 1965(1965-09-29) (59 жаш)

Туулган жери:

Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Кетмен-Төбө өрөөнү, Токтогул кыштагы

Чыгармаларынын тилдери:

кыргыз

Капай уулу Арслан (мурунку аты-жөнү: Арслан Койчиев) — кыргыз тарыхчысы, жазуучусу, журналисти жана публицисти[1][2].

Арслан 1965-жылы 29-сентябрда Кыргызстандын азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда жайгашкан Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Токтогул кыштагында айылдык тарыхчы мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган[1].

1986-1991-жылдары Арслан Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүндө билим алып, артыкчылык диплому менен тарыхчы жана тарых менен коомтаануу сабактарынын окутуучусу адистигин алган. 1991-1992-жылдары ошол эле бөлүмдө тажрыйбачы-изилдөөчү болуп иштеген. 1992-1995-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Тарых бөлүмүндө аспирантурада окуган. 1996-жылы Тынчтыкбек Чоротегиндин илимий жетекчилиги астында жазган илимий эмгегин ийгиликтүү коргоп, тарых илимдеринин кандидаты илимий наамын алган. 2002-2003-жылдары Лондон университетинин Чыгыш жана Африка изилдөөлөр мектебинин (School of Oriental and African Studies) укук жана социалдык илимдер бөлүмүндө эл аралык жана азыркы укуктук изилдөөлөр боюнча магистратура программасын бүтүргөн[1].

1991-1993-жылдары Арслан Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) активдүү мүчөсү болгон. Ал 1994-1996-жылдары Бишкектеги «Азаттык» үналгысында кабарчы болуп иштеп, ошол эле учурда 1995-жылы «Кутбилим» гезитинде баяндамачы катары эмгектенген.

1996-2010-жылдары Лондондо жашап, Би-Би-Си дүйнөлүк кызматындагы Кыргыз кызматынын продюсери болуп иштеген. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалган[3].

Чыгармачылыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын «Мисмилдирик (Беделдеги каргыш)» романы 1916-жылкы кыргыздын улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн тарыхына арналган. Бул роман 2009-жылы Бишкек шаарында кыргыз тилинде жарыкка чыкты[1].

«Айта бар менин кебимди» деп аталган роман жазуучунун «Ысык-Көл Форуму», «Жаңы Ала-Тоо» журналы жана «Турар басмасы» уюштурган «Арча» адабий сынагынын жеңүүчүлөрүнүн катарына кирип, 2012-жылдын 23-мартында экинчи даражадагы адабий сыйлыкка татыган[4].

Романда совет доорундагы саясий жана моралдык кыйынчылыктарды башынан өткөргөн Турар Атаевдин кейиштүү тагдыры аркылуу Кыргызстандын 20-кылымдагы атуулдарынын коомдук жана моралдык күрөшү көркөм баяндалат[5].

2014-жылы «Бакшы менен Чынгыс хан» аттуу романы үчүн «Арча» адабий сыйлыгынын баш байгесине татыган[6].

Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Добул-таштык Заратустранын аңгемеси» жана «Мисмилдирик (Беделдеги каргыш)» түрк тилине которулган[8][9].

  1. 1.0 1.1 1.2 1.3 Чоротегин, Тынчтыкбек. Арслан Капай уулу: Калемгердин замандашка айтчу кеби арбын (29.9.2015).
  2. В Бишкеке презентовали роман Арслана Капай уулу, переведенный на турецкий язык, kabar.kg (20.09.21).
  3. Арслан Койчиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды, ЭлТР телерадиоберүү компаниясы (21.12.2022).
  4. «Арча» адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды, BBC кырыгыз кызматы (23.03.2012).
  5. Капай уулу, Арслан. Айта бар менин кебимди (PDF). 
  6. Ботобеков, Уран. Айтматов, тарыхый аң-сезим жана Арслан Койчиевдин мифологемасы, Азаттык үналгысы (25.7.2016).
  7. Эрмек Шоруков: “Добул-таштык Заратустранын аңгемеси” повестине ой-пикир, Рухэш (18.06.2022).(жеткиликсиз шилтеме)
  8. Түрк окурмандарына сенсация жараткан кыргыз жазуучу, BBC Кыргыз кызматы (20.09.2021).
  9. Абдылдаев, Айбек. Арслан Капай уулу: "Мисмилдирик" - майдаланып кетүү, азыр дагы ушундай коркунучтабыз, BBC News кыргыз кызматы (29.1.2020).