Муратбаев Бакыт Бакасович

Википедия дан
Муратбаев Бакыт Бакасович
Жалпы маалымат
Аты-жөнү:Муратбаев Бакыт
Туулган жылы: 1966-жылдын 3-июль
Туулган жери: Ош областынын, Өзгөн району
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Илимий чөйрөсү: Педагогика
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Педагогика жана дене тарбия факультети
Илимий даражасы  :Педагогика илимдеринин кандидаты (2007)
Илимий наамы: доцент

Муратбаев

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балалыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Муратбаев Бакыт Бакасович 1966-жылдын 3-июль айында Кыргыз Республикасынын Ош областына караштуу Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында кыргыз улутундагы үй-бүлөдө төрөлгөн. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын эң кичүүсү.

Жетилген курагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мектепти мыкты аяктаган соң 1983-жылы билимин жогорулатуу учун ОМПИнун педагогика факультетине тапшырып, 1987-жылы аяктаган. 1987-жылдан тартып 1989-жылга чейин озгон районуна караштуу №18- Ийри-Суу атындагы 8 жылдык мектебинин орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген. 1989-1991-жылдары А.С.Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын мугалими, ал эми 1991-жылы ОМПИнун ЭТФ кафедрасынын улук лаборанты, ошол эле жылдын сентябрь айынан тарта Ош Мамлекеттик университетинин БББПП кафедрасынын окутуучусу болуп эмгектенген. 1994-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнин юридика факультетине тапшырып 1996-жылы аяктап экинчи кесиптин ээси болгон.

Эмгек жылдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1997-1998-жылдары кыргызстан эл аралык университетинин Оштогу филиалынын админстративдик-чарбалык иштери боюнча директордкн орун басары болуп эмгектенген. 1998-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин Оштогу филиалынын кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы болуп иштеген. 1999-жылдан баштап ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин БББПП кафедрасынын окутуучусу, улук окутуучусу, доценти. 2006-жылы ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин деканынын сырттан окуу бөлүмү боюнча орун басары болуп эмгектенген. 2012-жылдан тарта ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин деканы болуп эмгектенүүдө.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • МУКтун Оштогу филиалынын "Ардак грамотасы" (1998-жыл).
  • ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин "Ардак грамотасы" (2005-жыл).
  • ОшМУнун "Ардак грамотасы" (2008-жыл).
  • Кыргыз Республикасынын президентинин "Ыраазычылык каты".
  • "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы" төш белгиси (2009-жыл).
  • ОшМУнун "Ардак грамотасы" (2014-жыл).

Эмгектери (макала)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Содержание и структура профессиональной готовности учителя к трудовому воспитанию младших школьников на традициях народной педагогики. - Бишкек: КИО,1997
  • Идеи трудового воспитания в кыргызских пословицах и поговорках. - Бишкек: КИО, 1998.
  • Народная педагогика в профессиональной подготовке будущих учителей начальных классов. - Известия вузов. - Бишкек, 2004.
  • Подготовка студентов к трудовому воспитанию младших школьников средствами этнопедагогики. - Вестник ОшГУ. - Ош, 2004.
  • Трудовое воспитание младших школьников на народных традициях. - Вестник КНУ им. Ж.Баласагына: - Бишкек, 2004.
  • Формирование у будущих учителей готовности к трудовому воспитанию младших школьников средствами кыргызской этнопедагогики. - Высшая школа Казахстана. Алма-Ата, 2004.
  • Кыргыз элинин фольклорунда эмгек жана эмгекке тарбиялоо маселелеринин чагылдырылышы. - Вестник ОшГУ. - ОШ, 2006.
  • Төкмө акындар эмгек тарбиясы жөнүндө. - Вестник ОшГУ. - Ош, 2006.
  • Эмгек - элдик тарбиянын изги каражаты. - Вестник ОшГУ. - ОШ, 2006.
  • Элдик педагогиканын негизги каражаттары болгон макал-лакаптарда, жаңылмачтарда жана табышмактарда эмгек тарбиясынын чагылышы. - ОшМУнун Жарчысы. - Ош,2010.
  • Адабий окууну окутуунун методикасы боюнча түзүлгөн курстук иштердин темалары жана аны аткаруу боюнча методикалык сунуштар. - Ош: "Билим" редакциялык басма борбору, 2010.
  • Этнопедагогизация учебно-воспитательной работы начальной школы (окуу усулдук колдонмо). - Ош: "Билим" редакциялык басма борбору, 2011.
  • Кыргыз этнопедагогикасынын каражаттары аркылуу кенже мектеп окуучуларын эмгекке тарбиялоого болочок мугалимдердмн даярдыгын калыптандыруу. - ОшМУ, Ош 2014.


Илимий даражасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент.