Мүнөздөп тамактануу

Wikipedia дан

Мүнөздөп тамактануу (диета менен дарылоо)(грек тилинен δίαιτα — жашоонун мүнөзү, тамактануу тартиби) — атайын белгиленген тамактануу рационун жана режимин ооруну дарылоо жана алдын алуу максатында пайдалануу.

Кант диабетине сунушталган тамактар

Көрсөтмөлөр[оңдоо]

Мүнөздөп тамактануу демейде өзүнчө дарылоо ыкмасы эмес, ал дары жана башка дарылоо ыкмалары менен бирге сунуш кылынат. Кээ бир ооруларда мүнөздөп тамактануу (гастрит, колит, жара оорусу, холецистит, бөйрөк оорулары жана башкалар) дарылоонун негизги ыкмасы болуп эсептелет. Мүнөздөп тамактанууга байыртан эле чоң маани берилген, бирок анын илимий негизи 19-кылымдын 2-жарымында гана иштелип чыккан. Мүнөздөп тамактануунун тамактануу рационун аныктоочу жекече жагдайы, тамактануу тартиби жана тамак даярдоо ыкмасы, оору процессинин мүнөзүнө жараша азык заттын сандык жана сапаттык туура келүүсү, кээ бир заттарды рациондон чыгарууга туура келген учурда мүнөздөп тамактануунун физиологиялык толук (белок, май, углеводдор, минерал заттар жана витаминдери жетиштүү) рационун түзүү сыяктуу принциптери бар. Мүнөздөп тамактануу врачтын кеңеши менен анын көзөмөлүндө берилет. Мында тамакты сандык жана сапаттык жактан өзгөртүп туруу маанилүү. Мүнөздөп тамактануу рациону натыйжалуу дарылоо менен бирге, организмдин азык жана биологиялык активдүү заттарга муктаждыгын толук канааттандырышы керек. Туура тамактануу организмдин оору менен күрөшүүсүнө жардамдашып, жабыркаган системанын тез калыбына келишине түрткү берет, организмдин зат алмашуусун жана жалпы абалын жакшыртат. Мүнөздөп тамактануу ооруканада, санаторий-курортто, амбулаторияда дарылоодо колдонулат. Мүнөздөп тамактанууда өтө жеңил тамак ичкен күндөр кеңири колдонулат.

Пайдалуу тамактар

Бул күндөрү врач бир гана тамак менен (мисалы, алма, быштак, айран, сүт) белгилүү өлчөмдө тамактанууну сунуш кылат. Суусу жана тузу аз өтө жеңил тамак семирүүдө, жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларында, гипертония ооруларында жана башкалар берилет. Тамактын өлчөмүн кескин азайтуу ооруканада, мындай дарылоо ыкмасын жакшы билген врачтын көзөмөлүндө гана жүргүзүлөт. Өзүн өзү дарылоо, ошондой эле арыктоо үчүн тамак ичпей коюу организмге зыян келтирип, кээ бир системанын (боор, мээ жана башкалар) иштөө кызматын бузат. Ачкалыкты организм ар кандай көтөрөт. Тамактын сапатын өзгөртүүдө тамак сиңирүүчү органдарга механикалык жана химиялык таасир этүүчү заттарды азайтууга туура келет. Механикалык таасир этүүнү азайтуу үчүн тамак рационунун клетчаткалуу өсүмдүк продуктуларын (труп, капуста, бадыраң, чанактуулар), кесек акшактан (кара күрүч) жасалган ботко жана башкаларды алып таштайт, ошондой эле тамакты майдаланган жана эзилген түрүндө пайдаланат. Ичеги-карындын жана тамак сиңирүүчү бездердин кызматын күчөтүүчү тамакты азайтып, химиялык таасирди четтетүүгө болот. Бул учурда ынак сорпо (эт, балык жана башкалар), куурулган (котлет, бифштекс, куурулган картошка жана башкалар), майлуу тамак, өткүр татымал жана соустар тамак рационунан чыгарылат. Жүрөк жана бөйрөктүн айрым ооруларында тузсуз тамак сунуш кылынат. Ага шекер, бал, лимон кислотасын, мөмө-жемиш кошуу керек. Мүнөздөп тамактанууда режимдин мааниси чоң. Ал оорулуунун абалына, кыймылына жана оорунун мүнөзүнө жараша болуп, суткасына 4—5 жолу тамактануу сунуш кылынат. Чийки өсүмдүк продуктуларында организмге керектүү витамин, фермент, фитонциддер, микроэлементтер, органикалык кислоталар, канттар (фруктоза) жетиштүү болот. Чийки жашылча биологиялык активдүү заттарга өтө бай болгондуктан оорулуу жана дени соо кишинин тамагынын негизги составдык бөлүгү болуп калды.
Оорулуунун абалын жакшыртуучу биологиялык активдүү заттар сүт, кефир, каймак жана быштакта көп. Уйдун майсыз эти, тоок жана коён эти, боор мүнөз тамак-ашка кирет. Жашылчалардын кээ бир түрүнөн (труп, чанактуулар) башкасы бүт мүнөз тамак болуп эсептелет. Тамактын ысык, муздактыгы да маанилүү. Ысык тамак 60° С болгондо жагымдуу келет. Өтө ысык же өтө муздак тамак кызыл өңгөчтүн жана карындын былжыр челин дүүлүктүрөт. Ар бир мүнөз тамак бирдей номер менен белгиленет.

Кээ бир ооруларда үйдө мүнөздөп тамактануу.[оңдоо]

№ 1 диета[оңдоо]

№ 1 диета карын жана он эки эли ичегинин жара оорусунда, карын маңызынын кычкылы ашыкча болгон гастритте берилет. Тамак сууга же бууга бышырылып, майдаланып даярдалат. Күнүнө 5—6 жолу тамактануу талапка ылайык. Сунуш кылынган тамактар: каткан буудай нан, кургатылган ак нан (сухарь), майсыз печенье, кургак бисквит, бышырылган жашылча (ак капуста, козу кулак, шпинаттан башка), күрүч же кесме кошулган сүт сорпо, уйдун майсыз этинен бууга бышырылган тамак, сүткө эзилте бышырылган ботко, бышырылган жашылчадан пюре же суфле, чала бышкан жумуртка же бууга бышкан омлет, жарым-жартылай ысык суу кошулган таттуу жемиш ширеси, дарбыз, эзилген компот, бышырылган алма (таттуу сорту) жана алмурут, кант, бал, кыям, ынак, коюу, кургак сүт, камкаймак, каймак, жаңы быштак жана андан жасалган бууга бышкан тамактар, жаңы айран, сүт жана каймак соустары, тузу аз сыр, доктор колбасасы, сүттөгөн чай, суррогат кофе, ит мурун маңызы, тузсуз ак май жана өсүмдүк (зайтун, жүгөрү, күн карама) майы.

Сунуш кылынбаган тамактар[оңдоо]

Сунуш кылынбаган тамактар: куурулган, туздалган, ышталган, сүрсүгөн, маринаддалган, ачуу жана кычкыл тамактар, чийки жашылча жана жемиштер, кесек ундун наны, май жана жумуртка кошуп жуурулган камырдан жасалган тамак, куймак, жашылча, эт, балык, козу карын сорпосу жана чыгы, ак капуста, мөмө-жемиш ширеси, консерва, анын ичинде үйдө даярдалганы, көпкө сакталган компот.

№ 2 диета[оңдоо]

№ 2 диета карын маңызынын кычкылы аз гастрит, колит, гипертония оорусунда (бул оорулар кабылдабай турган мезгилде) берилет. Тамакты сууга же бууга бышырат (кээде айрымдарын куурса болот), өтө майдалап берилет. Тамакты күнүнө 4 маалдан кем эмес ичүү керек. Сунуш кылынган тамактар: каткан буудай нан, майсыз печенье, кургатылган нан (сухарь), эт, күрүч, эзилген жемиш менен жасалган майсыз пирог, майы жана эти аз же такыр этсиз, ошондой эле бальж сорпо, түрдүү акшак жана майдаланган жашылчадан жасалган сорпо, сууга, бууга бышырылган майсыз эт, балык жана куш этин бир аз кууруп колдонсо болот; ботко (буудай жана арпа акшагынан башка), пудинг, вермишель, макарон, сууга же майга бышырылган жашылча, эзилген картошка, сууга бышырылган кызылча (оорулуу көтөрө алса), чала бышкан жумуртка, омлет, ынак сүт (тамакка кошулат), кефир, айран жана башкалар, жаңы быштак жана андан жасалган тамактар, жаңы каймак (тамакка кошулат, 1 аш кашык), жашылча кайнатмасынын жана эт сорпосунун соусу (каймак менен томат ширеси кошулган), сүт жана жемиш соусу, тузу аз сыр, сууга чыланган сельдь, доктор колбасасы, уйдун боору жана куш этинен жасалган котлег, килкилдек, помидор, бадыраң, сабизден, бышырылган жашылча жана жемиштен жасалган салат, бышкан мөмө жана жемиштин таттуу сортун (кызыл өрүк, кара өрүк жана коондон башка) чийки же компот, кисель, жем, мусс, кыям түрүндө, сүттөлгөн чай жана кофе, ит мурун кайнатмасы, тузсуз ак май, өсүмдүк майы (тамакка кошулат), эт, балык жана жашылчадан тамак бышырганда бир аз лавр жалбырагын, тоголок кара мурч кошсо болот, пиязды куурбай сууга бышырып пайдаланат.

Сунуш кылынбаган тамактар[оңдоо]

Сунуш кылынбаган тамактар: чийки пияз, сарымсак, козу кулак, шпинат, шалгам, труп, уксус (ачык суу), горчица, мурч, хрен, ышталган, туздалган, маринаддалган азыктар.

№ 3 диета[оңдоо]

№ 3 диета өнөкөт ичи каткандарга берилет. Тамакты суу майга же малдын майына кызарганча кууруп даярдоо сунуш кылынат (эгерде башка оорусу болбосо), чачылма ботко пайдалуу. Күнүнө 4—5 жолу тамактануу керек. Сунуш кылынган тамактар: кесек ундан жасалган нан (өзгөчө кара нан), жашылча (алардан жасалган салат) жана жемиш. Чийки жашылчаны ач карын жеген пайдалуу, ачыган кефир, айран, жуурат, ацидофилдүү сүт, кант жана канттуу азыктар (бал, кыям). Туздалган, маринаддалган жана консерваланган жашылча жана лимонад, майлуу тамак, өсүмдүк майы, балыктын майлуу консервасы, буудай жана кара күрүч (гречка) боткосу сунуш кылынат.

Сунуш кылынбаган тамактар[оңдоо]

Сунуш кылынбаган тамактар : кисель, коюу чай, какао, майдаланган тамактар, эки-үч күндүк кефир, айран, кургатылган нан (сухарь), манка ботко, эзилген картошка, жумуртка (чийки, бышырылган), ак нан, майда ундан жасалган кондитер азыктары.

№ 4 диета[оңдоо]

№ 4 диета. Катуу кармаган жана өнөкөт ич ооруда (колит), ич өткөктүн ар кандай түрүндө берилет. Айыга баштаганда сууга бышырылган, бууга же ороп бышырылган майдаланбаган тамак берилет. Аз-аздан күнүнө 4—5 жолу тамактануу керек. Сунуш кылынган тамактар: каткан буудай нан, кургак бисквит жана жумасына 1—2 жолу майсыз печенье! жакшы бышкан нан, бышкан эт, күрүч, жумуртка, алма, кыям менен жасалган пирог, кара кесек эт же балык сорпосуна акшак же кесме кошулат, эзилген картошка, сабиз, кабак, ашкабак, гүлдүү капуста, майдаланган эт же балык кошулган сорпо, сууга же бууга бышырылган эт, балык жана куш эти, бышырылган жана эзилген көк буурчак (оорулууга жакса), сүт же 10%түү камкаймак кошулган, сууга эзилте бышырылган ботко, сууга бышырылган кесме же макарон, жумуртка, жарым-жартылай суу кошулган мөмө-жемиш ширеси, кисель, эзилген компот, мусс, желе, мармелад, зефир, кыям, жем, ынак сүт (тамакка кошулат), кефир, айран, жаңы каймак (күнүнө 1 — 2 аш кашык тамакка кошулат), жаңы быштак, сүт жана жемиш соусу, килкилдек, балык, доктор колбасасы, майсыз чочко эти, сүткө чыланган сельдь, эт, алма жана каймак кошулган, бышырылган жашылча салат, сүт же камкаймакталган чай жана кофе, ак майды тамакка кошот, эт жана балыктан жасалган тамактарга лавр жалбырагын кошсо болот. Чийки мөмө жемиш жана жашылчадан — алма, алмурут, бүлдуркөн, дан куурай, ошондой эле помидор сунуш кылынат.

Сунуш кылынбаган тамактар[оңдоо]

Сунуш кылынбаган тамактар: жемиш жана мөмө ширеси, ынак сүт, калемпир, ачык суу, горчица, хрен, куурулган өткүр жана кычкыл тамактар, туздалган, маринаддалган азыктар.

Зыяндуу тамак

№ 5 диета[оңдоо]

№ 5 диета негизинен боор жана өт жолдору ооругандарга берилет. Тамак сууга же бууга бышырылып, майдаланып даярдалат. Күнүнө 4—5 жолу тамактануу керек. Сунуш кылынган тамактар: каткан буудай нан, кургатылган нан, майсыз печенье, кургак бисквит, майсыз пирог жана бөлкө нан (сууган, жумасына 1—2 жолу), жашылча кайнатмасына бышырылган акшак кошулган сорпо, жашылча жана жемиш сорпосу, майсыз уй этинен жасалган тамактар, балык, куш эти, бышырылган жана чийки жашылчалардан ар кандай тамактар, чачылма жана коюу ботко (геркулес, кара күрүч акшагынан), жумуртканын агы тамакка кошулат, ар кандай мөмө жана жемиштин таттуу сорттору, алардын ширелери (клюква, кызыл карагат, цитрустан башка), кисель, компот, желе, ынак сүт, быштак жана андан жасалган тамактар, каймак жана камкаймак (1—2 аш кашык) тамакка кошулат, сүт, каймак, жашылча жана мөмө-жемиш соустары, ачуу эмес сыр, доктор колбасасы, килкилдек эт жана балык, сүттөлгөн чай, суррогат кофе, ак май жана өсүмдүк май тамакка кошулат.

Сунуш кылынбаган тамактар[оңдоо]

Сунуш кылынбаган тамактар: куурулган, майлуу, ачуу жана кычкыл, туздалган жана маринаддалган тамактар, эт, балык жана козу карын сорпосу, кой, чочко, каз, өрдөк этинен жасалган тамак, мээ, пияз, сарымсак, шалгам, труп, ачык суу, томат, эт жана балык консервалары, өттүн таш оорусунда кант, кыям, бал жана кондитер азыктарын аз пайдалануу керек.

№ 8 диета[оңдоо]

№ 8 диета семирип кеткенде берилет. Тамак рационунда углевод, май жана тамакка табитти ачуучу заттар чектелет, жалпы калориялуулук азайтылат. Тамак көбүнчө тузсуз жасалат. Күнүнө 4—5 жолу аз-аздан тамактануу сунуш кылынат. Рационунда углевод, кайнатма туз азайтылат. Сунуш кылынган тамактар: кара буудай жана буудай нанын күнүнө 200гдан, эт, балык жана жашылча кайнатмасында түрдүү жашылча менен жасалган сорпо, майсыз эт жана балык азыктары, чийки же бышырылган жашылча (ак капуста, бадыраң, кабак, шалгам, төө буурчак, помидор, спаржа); картошка, кызылча, сабиз, брюква, ашкабак жана башкалар углеводу көп жашылчалар аз пайдаланылат; сүт, айран, кефир, майсыз быштак, каймак (тамакка татымал түрүндө), чай, кофе, май (тамакка кошуу үчүн бир порцияга 5 гдан гана керектелет).

Сунуш кылынбаган тамактар[оңдоо]

Сунуш кылынбаган тамактар: акшактар, макарон азыктары, ар кандай пирогдор, кант, бал, кыям, компот, жүзүм, дарбыз, банан, инжир, ошондой эле бардык татымалдар, ышталган, маринаддалган, кычкыл жана ачуу тамактар.

№ 9 диета[оңдоо]

№ 9 диета кант диабетинде берилет. Тамактануу рационунан углевод менен май азайтылат. Күндүк рациондун химиялык составы дарылоочу врач берген атайын таблицада эсептелинегг. Күнүнө 4төн кем эмес жолу каалаган тамакты ичсе болот. Азыктын түрү, саны врач сунуш кылган углеводдун, майдын өлчөмүнө жана калориялуулугуна жараша болот. Канттын ордуна ксилит жана сорбит колдонулат. Кант диабети менен ооругандар үчүн атайын кебектүү нан чыгарылат. Картошка, сабиз, кызылча, шалгам жана башкалар углеводу көп жашылчалар аз пайдаланылат. Жашылчаны майдалап, 8—12 саат сууга чылап коюп, сууну алмаштырып турат. Бул крахмалдын өлчөмүн азайтат. Канттан башка бал, кыям, жүзүм, инжир, дарбыз пайдаланылбайт.

Туура тамактануу пирамидасы

№ 10 диета[оңдоо]

№10 диета жүрөк-кан тамыр системасы, бөйрөгү ооругандарга берилет. Тамак рационунда туз жана суюктук кескин азайтылат. Тамак сууга же бууга бышырылып, майдаланып даярдалат; тамакты такыр куурбаш керек. Тузсуз тамактын даамын жакшыртуу үчүн тузду көп керектебеген азыктар — сүт, быштак, жемиш соустары пайдалуу; тамакка кант, бал, лимон кислотасын, томат ширесин, ванилин, жыттуу кабык кошсо болот. Эт жана балык тамактарын күнүнө 2 жолудан ашык пайдаланууга болбойт. Калий тузу көп азыктарды (мейиз, как, өрүк, инжир, картошка, капуста ширесин) колдонуу керек. № 5 диетадагы кара нан, капуста жана андан жасалган тамактар рациондон чыгарылат.

№ 11 диета[оңдоо]

№ 11 диета туберкулёз оорулары менен узак, катуу ооругандарга (өтө арыктаган, каны азайган жана башкалар) берилет. Тамакты күчтүүлөп берүү үчүн андагы белок, май, углевод, кальций жана фосфор туздары көбөйтүлөт. Сүттү көп берүүдөн жаныбар белогунун саны толукталат. Күнүгө витаминге, айрыкча С витаминине (жашылча, жемиш, ит мурун кайнатмасы), В тобундагы витаминге бай (боор, ачыткы суусундары) тамактар, кальций (быштак, сыр жана башкалар), фосфор (негизинш балык) туздарына бай тамактар, табитти арттыруу үчүн өткүр., туздуу, кычкыл тамак-аш жана татымалдар берилет. 40 жаштан өткөндөргө күчтүү тамак өтө алсыраган учурда гана белгиленет. Тамакты күнүнө 4төн кем эмес ичүү керек.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8