Неопифагореизм

Wikipedia дан

Неопифагореизм – б. з. ч. 1 к. – б. з. 3 к. байыркы грек философиясындагы ортоңку платонизм менен тыгыз байланышкан багыт.

Неопифагореизм математикалык символизм методуна өз алдынча маани берди жана өзүнүн ой жүгүртүүсүндө төмөнкүдөй түшүнүктөргө таянды: жеке – көп, монада – диада, теңдештик – айырма, так – жуп, чекит – сызык, тегиздик – тело ж. б. Ошондой эле аскетизм жана катартика идеалдарынын этикасы мейкиндигин өнүктүрдү.

Александр Полигистордун пифагордук окууну баяндоосу боюнча (Диоген Лаэртий УШ 24–33) жана Секст Эмпириктин («Физиктерге каршы» (орус. Против физиков) 11 248–284) ортоңку платонизмден айрмаланып, түпкү башталышты акыл (нус) эмес, монада – диада деп эсептешти. Евдор монада – диададан жогору Модерат (б. з. ч. 1 к.) бирдиктүүнү жайгаштырды, анын концепциясынын баяндалышынан неоплатониктер болмуштуулуктан сырт башталыш деп түшүнгөн.

Модераттын экинчи бирдиктүүсү – бул идея-парадигмалар, жан – биринчи экөөнө тиешелүү үчүнчү бирдиктүү. Модераттын бул Платондун 2- «Каты» менен күчөтүлгөндөй концепциясы «Пармениддин» идеясы менен космогониялык миф «Тимейдин» кошулушунун натыйжасында келип чыккан. Нихомахтын (2-к. 2-жарымы) биринчи кудай (монада) диаданы тууган демиург катары, жана акыл – болмушту жана бардык нерселерди таануу принциби берилет. Нумений «атасы» (биринчи кудай акыл) менен «жаратуучунун» (экинчи кудайдын) айырмасын – Платондун «Тимейиндеги» бирдиктүү демургдун эки эпитетин тапкан. Сөз Плотиндин устаты (окутуучусу) Аммонийдеги кудуреттүү акылгөй экстазда жетүүчү кудуреттүү жашагыч бирдиктүү ж-дө болуп жатат. Неоплатонизм пифагореизмдин бүт комплексин (математика, аскетика, катартика, мугалимдин «ыйык» статусу, мектептин негиздөөчүсү, тандалма «ыйык» тексттердин тегерегинде түшүндүрмө) неопифагореизм аркылуу өздөштүргөнүнө карабай неопифагореизм бара-бара философиялык ойдун өз алдынча агымы болуусун токтотот.




Колдонулган адабияттар[оңдоо]