Ольминский

Википедия дан

Ольминский (чын фамилиясы — Александров) Михаил Степано­вич [3(15). 10. 1863, Воронеж —8. 5. 1933, Москва] — Россиядагы рев-ячыл кыймылдын ишмери, публицист, тарыхчы, адабият сынчысы.

Майда чиновниктин үй-бүлөсүнөн. 1898-жылдан Компартия мүчөсү.

  • 1893-ж. «народо-волецтер тобунун» мүчөсү.
  • 1894-ж. 5 жыл түрмөгө кесилип, кийин Якутияга айдалган.
  • 1904-ж. Швейцарияга эмиграцияга кетип, В. И. Лениндин жетекчилиги менен «Вперёд» жанa «Про­летарий» газегаларында иштеген.
  • 1905-ж. большевикчил «Новая жизнь». «Волна», «Казарма» газеталарынын редакция мүчөсу.
  • 1915-ж. Саратовдо ачык чыккан «Наша газетанын» ре­дактору.
  • Февр. рев-ясынан кийин Москванын большевикчил «Социал-демократ» газетасында, кийин Петроградда «Правда» газетасында редак­тор жанa РСДРП (б) БК Бюро мучөсу. 1928- жылдан В. И, Ленин ин-тунун дирекция мүчөсү, Г. В. Плехановдун жана В. И. Лениндин чыг-ларын жыйнап жарыкка чыгарууда көп эмгектенген.
  • М. Е. Салтыков-Щедрпндин чыг-лыгын изилдеген, А. С. Пушкиндин, Н. А. Некрасовдун, Н. Г. Чернышев- скийдин чыг-ларын пропагандалаган.
  • Коминтерндин 2-конгрессинин (1920) делегаты.
  • Сөөгү Кызыл аянттагы Кремль дубалына коюлган.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.