Ооруга ылайык тамактануу

Википедия дан

Ооруга ылайык тамактануу диетотерапия — түрдүү ооруну дарылоодо тамактануу эрежеси.

  • Аны диетология изилдейт. Оорулууга мүнөз тамак жекече белгиленет. Ичегинин өнөкөт ооруларында кайнатма тузду, ичеги-карындьн рецепторлорун дүүлүктүрүүчү, пчегидеги ачуу жанa чирүү процесстерпн күчөтүүчү азыктарды азайтуу менен диета кармоого болот.
  • Боордун өнөкөт оорула­рында белок, липотроп заттары (быштак, соя ж. б.) жанa өсүмдүк майлары тамактын составында көбөйтүлөт. Атеросклероздо мал майы, холестериндүү заттар. глюкоза, фруктоза, кайнатма туз, Д. витамини тамактын составынан азайтылат.
  • Бул диета ли­пид алмашууну, кан уюу жанa уютпоочу системаларды жөнгө салат.
  • Гипертония жанa өнөкөт жүрөк кан-тамыр ооруларында тамак-ашка ка­лий, магний туздарын. витаминдерди көбүрөөк кошуп. кайнатма тузду 2—3 гдан ашырбоо керек.
  • Кан басымын төмөндөткөнгө кээде магний диетасы колдонулат. Нефрит катуу кармаганда ачка бодуу же тузсуз тамак, эгер өнөкөткө өтсө, белогу аз тамак; ар кандай сезгенүүлөрдо аллергияга каршы диета (углевод, кайнатма ту­зу аз) берилет. Кант диабетинде тамакта кант, глюкоза азайтылып, канттын ордуна ксилит же сорбит колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.