Психикалык оорулар

Wikipedia дан
А. Гаутье, психикалык оорулар менен ооруган кишилердин сүрөтү

Психикалык оорулар мээ ишинин бузулуусунан келип чыгат.

Оорулуу тууралуу[оңдоо]

Бирок бардык эле бузулуу психикалык ооруларды пайда кылбайт. Мисалы, айрым нерв ооруларында (шишик, сезгенүү, травма) мээ жабыркаганы менен психиканын бузулуусу байкалбайт. Психикалык ооруларда оорулуу чөйрөнү туура эмес кабылдайт. Эгерде адам көнүмүш абалды түшүнбөй чаташтырса, айланасындагы адамдарды душман көрүп шектенсе, башка адам сезбеген нерселер көзүнө көрүнүп, кулагына угулса, себепсиз катуу коркуп же ашкере шайырданса, анын чындыкты бурмалап жаткандыгынан шек саноого болбойт, ошого ылайык жүрүш-турушу да өзгөрөт, душман көргөн адамдарынан качат же ага кол салат, өзүн өзү өлтүрүүгө аракеттенет жана башкалар.

Түрлөрү[оңдоо]

Психикалык оорулар формасы жана даражасы боюнча ар түрдүү. Оорулуу көбүнчө өз оорусун мойнуна албайт, бирок анча-мынча сезиши да мүмкүн же оорусуна эки жактуу, башкача айтканда оорумун да, соомун да деп мамиле кылуусу ыктымал. Психикалык оорулар ошондой патологиянын кеңири тараган формаларынын бири, бүткүл жер шарында психикалык оорулуулардын саны 150 миллион адамга жетет.
Калктын курактык структурасынын өзгөрүшү, жашоо мөөнөтүнүн узарышы менен алардын көбөйгөндүгү байкалууда.

Пайда болуу себептери[оңдоо]

Психикалык оорулардын пайда болуу себептери ар түрдүү.
Алардын ичинен тукум куугуч факторлор маанилүү роль ойнойт. Мисалы, олигофрениянын, психопатиянын, маниядепрессиялык психоздун, талманын, шизофрениянын пайда болушунда бул факторлордун. мааниси чоң.
Бирок кээ бир учурларда психикалык оорулардын пайда болушу жана өнүгүшү тышкы жагымсыз факторлор (жугуштуу оорулар, травма, уулануу, психикага доо келтирген кырдаалдар) менен тукум куучулуктун айкалышынан да болот.
Кош бойлуу аялдын ооруга чалдыгуусунан жана травмадан курсактагы баланын жабыркашы баланын психикасынын бузулуусунун себеби болушу мүмкүн.
Ошондой эле ата-эненин аракечтиги, мас кезде (жубайлардын биринин эле) бойго бүтүү же боюнда бар кезде ичкилик ичүү тукумга терс таасир тийгизери белгилүү.

Уулануу, аракечтик, баңгилик жана башка ооруулар тууралуу[оңдоо]

Уулануу, баштын травмасы, ички органдардын оорулары, жугуштуу оорулар көпчүлүк учурда психикалык ооруларды пайда кылат.
Аракечтик жана баңгилик психикалык оорулардын бирден бир себеби болуп саналат, ал эми психозду пайда кылган жугуштуу ооруларга энцефалиттер (мээнин сезгениши), мээ котон жарасы, бруцеллёз, таксоплазмоз, баш келте, грипптин айрым түрлөрү кирет.
Психикалык оорулардын пайда болушунда ага себеп болгон факторлорго адамдын жеке өзгөчөлүктөрүнүн кошулуп кетиши белгилүү мааниге ээ. Мисалы, котон жарадан жапа чеккен адамдардын бардыгында эле котон жара психозу өнүкпөйт жана мээ кан тамырлары атеросклерозго чалдыккандардын айрымдарында гана кем акылдык же галлюцинациялык жөөлүмө психоз пайда болот.

Адамдын жашынын жана жынысынын мааниси[оңдоо]

Шизофрения менен ооруган бейтаптын саймасы

Психикалык оорулардын өнүгүшүндө адамдын жынысы, жашы белгилүү мааниге ээ. Мисалы, аялдар эркектерге караганда психикалык дарттан көбүрөөк жапа чегет. Эркектерде травмалык жана алкоголдук психоздор, ал эми аялдарда — мания-депрессиялык психоз жана карылык психоздор, депрессиялар көп учурайт. Бул кыязы, жыныстын биологиялык касиеттерине гана эмес, ошондой эле социалдык факторлорго да байланыштуу болот. Эркектер ичкиликти көбүрөөк иче тургандыгы, ошол себептүү алардын арасында алкоголдук психоздор көп байкалары табигый нерсе. Травмадан болгон психоздор эркектерде социалдык шарттардан улам келип чыгары талашсыз.
Айрым оорулар, мисалы, шизофрения 20 жаштан 31 жашка чейинки куракта көп учурап, улгайган сайын кескин азаят. Оорунун чыгышына себеп болгон фактор канчалык көп болсо психикалык оорулардын формасы менен түрү да ошончо көп кезигет.
Алардын айрымдары: уулануудан, жугуштуу оорудан травмадан болгон психоздор капысынан кармайт да, өтмө мүнөзгө ээ болот. Айрымдары билинбей башталып, өнөкөткө өтөт да, оор психикалык бузулууга дуушарлантат (шизофрениянын айрым формалары, карылык жана кан тамыр психоздору).
Кээси бала кезинде эле байкалат, ал акырындан билинбей өтөт, мындан пайда болгон оору (олигофрения) айыкпайт жана өзгөрүүсүз калат. Бир катар психикалык оорулар капысынан же кез-кезде кармайт, андай оорулар таза айыгып кетет. Ошентип психикалык оорулардын акыры жаман бүтөт деген пикирге келүүгө негиз жок. Бул оорулар диагнозу жана прогнозу боюнча бирдей эмес; кээси жеңил өтөт, инвалиддикке жеткирбейт, айрымдары анча жеңил болбогону менен дарылоо өз учурунда башталса толук же жарым-жартылай сакайып кетүүгө мүмкүн. психикалык оорулардан уялып, жаман көрүнүш катары кысынууга жол бербөө керек. Дал ушундай жаңылыш түшүнүктүн кесепетинен психикалык оорулуулар кырсыкка учурайт, ошондой эле оору өтүшүп, дарылоого кыйынчылыкты туудурат. Психикалык оорулардын белгилерине көбүнчө галлюцинациялар, жөөлүү, жадатма абал, аффект, аң-сезимдин, эске тутуунун бузулушу, кем акылдык кирет.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8