Тазабек Саманчин

Википедия дан
Саманчин, Тазабек‎»‎ барагынан багытталды)

Тазабек Саманчин — адабиятчы, котормочу, сынчы, драматург.

Өмүрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тазабек Саманчин 1909-жылы Кемин районундагы Жол айылында туулган. Ал эми 1979-жылы дүйнөдөн кайткан. 1921-жылы Токмоктогу жетим балдар үйүнө кабыл алынат.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1923-1924-жылдары Алма-Атадагы казак-кыргыз эл агартуу институтунун даярдоо класстарында окуп жүрүп 1925-жылы Пишпектеги ачылган педтехникумга которулуп,аны 1929-жылы бүтүргөн.

Кызматы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1929-жылы Жалал-Абаддагы педтехникумга мугалим болуп иштейт.1930-жылы Москвадагы Ленин атындагы мамлекеттик педогогика институтуна кирип,аны 1939-жылы бүтүп келгенден кийин педтехникумда мугалим,окуу бөлүмүнүнбашчысы болуп эмгектенген.

Чыгармачылык ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1936-1949-жылга чейин тил жана адабият боюнча илим-изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштеп жүргөндөкөп илимийэмгектерди жаратып,Молдо Кылычтын чыгармаларын изилдеген.1946-жылы "Молдо Кылыч жазгыч акын" деген темада кандидаттык диссертациясын жазып, филология илиминин кандидаты деген илимий даражага жеткен.1949-жылы СССР жазуучулар Союзунун пленумунда "Кыргыз адабиятчысы Тазабек Саманчин "Молдо Кылычтын чыгармалары" аттуу илимий ишинде улутчул ката кетирген" деген жалган жалаа менен 1950-жылдан 1955-жылга чейин түрмөдө болгон.1956-жылы акталып келгенден кийин кесибин өзгөртүп,котормочулукка өткөн.Партияга мүчөлүгү калыбына келтирилген,1938-жылдан баштап СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.Чыгармачылык ишмердиги согуш жылдарынан мурда башталган."Берметтин уландары","Абышкалардын жоругу","Тоо арасында" деген пьесаларды жазган.Ал В.Г.Белинскийдин тандалмалуу чыгармаларын,М.Горькийдин чыгармаларынын үч томун,Л.Н.Толстойдун "Анна Каренина" романын, Рабиндрант Тагордун аңгемелерин,Цао Юйдун,"Тайфун",В.Духовичныйдын,М.Слободскийдин "Үйлөнүү саякаты",А.П.Чеховдун"Ваня таяке",А.Мирзагатовдун "Энемдин буурул чачы",М.Поповдун "Үй-бүлөө"пьесаларын кыргыз тилине которуп,өзүн илимпоз жазуучу катарында гана эмес,чебер котормочу катарында да жалпы журтчулугубузга кеңири таанытты.

Тазабек Саманчин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тазабек Саманчин (1909-1979) - кыргыздын көрүнүктүү илимпозу, адабиятчы, котормочу, драматург.

Тазабек Саманчин (Tazabek Samanchin) (1909–1979) - Кыргызстандагы 20-кылымдагы көрүнүктүү илимпоз, адабиятчы, котормочу, драматург. Сталиндик доордун запкысын жазыксыз жерден тарткан айдың. Кыргыздардын ичинен алгачкылардан болуп филология илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тазабек Саманчин Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Жаңы-Жол кыштагында 1909-жылы туулган.

1921-жылы жетим балдар үйүндө, 1923-жылы Алма-Атада, 1925-жылы Фрунзеде ачылган педтехникумда окуйт.

Эмгек жолун 1929-жылы Жалал-Абад педтехникумунда мугалим болуудан баштайт. Москвадагы Ленин атындагы пединститутту 1934-жылы бүтүрүп чыгат да, эки жыл эл агартуу тармагында иштейт.

1948-жылы биринчилерден болуп филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.

1936–1950-жж. Тил жана адабият институтунда, 1974-жылга чейин педагогикалык илим изилдөө институтунда улук илимий кызматкер болуп иштеген.

Негизсиз айыптоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандык сталинчил сынчылар Г. Нуров, П. Балтин, Ж. Самагановдордун «Космополитизм и рецидивы буржуазного национализма в работе Т. Саманчина» деген макаласы Советская Киргизия газетасынын 1949-жылдын 10-апрель күнкү санына жарыяланган.

Макалада Тазабек Саманчиндин «Манас» дастанын даңазалаган, манасчыларды изилдеген, Молдо Кылычтын мурасын иликтеген эмгектери кескин сынга алынган. Партиялык сын жаргылчагынан кийин буга чейин үзүрлүү эмгектенип, мазмундуу чыгармаларды жараткан Т. Саманчиндин ишине бөгөт коюлган жана андан кийин ал изилдөөчүлүк шугулдануусун дээрлик токтоткон.

1950-жылы Т.Саманчин айыпсыз куугунтукка алынып, 10 жыл эркинен ажыратылган. Аны менен кошо манас таануучулар Ташым Байжиев менен Зыяш Бектенов жазыксыз жерден абакка кесилишкен.

1955-жылы толугу менен акталып, камактан бошотулган.

Бирок кийинчерээк да Саманчин эч бир олуттуу кызматка орношо албай калган.

Т. Саманчин 1979-жылы Бишкекте каза болгон.


Чыгармачылык ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Т.Саманчиндин «Чоңдор үчүн алиппеси» 1935-жылы басылып чыккан.

Т.Саманчин кыргыз адабиятчыларынын ичинен биринчи болуп кыргыз элинин революцияга чейинки адабият чыгармачылыгынын өнүгүшүн изилдеген.

Т.Саманчин филология илимдеринин кандидаты, 1938-жылдан СССР Жазуучулар Союзуна мүчө болгон.

Т.Саманчин 1938-жылы «Берметтин уландары», Ата Мекендик согуш мезгилинде «Абышкалардын жоругу», «Too арасында» пьесаларын жазган.

Бир канча сын-макалалар жана адабий эмгектердин автору.

В.Белинскийдин, М.Горькийдин, Л.Толстойдун, А.Чеховдун чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалдары менен сыйланган.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.


Ал тууралуу кыскача адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.
  • Перелистывая книги ученого, изобретателя, педагога, энциклопедиста: К 80-летию академика У.А.Асанова / Составители И.А.Ашымов, Т.К.Чоротегин, А.З.Жуманазарова, Г.У.Асанова. - Бишкек, 2013. - 376 стр., илл. - ISBN 978-9967-14-114-8.
  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. У.А.Асанов. - Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии, 2002. - 544 стр., илл., карты. (ISBN 5-89750-142-4) [U.A.Asanov, A.Z.Jumanazarova, T.Chorotegin. Kyrgyzskaia nauka v litsah: Kratkiy istoricheskiy I bio- bibliograficheskiy svod / Otv. Red. U.A.Asanov. – Bishkek: Tsentr gosyazyka I entsiklopedii. 2002. – 544 pages, ill., map. (ISBN 5-89750-142-4)]


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

Чоңдор үчүн алиппе. – Ф.: Кыргызмамбас, 1935. – 80 б. (1937. – 80 б., 1938. – 59 б.)

Кыргыз адабиятынын тарыхынын очерктери. – Ф.: Кыргызмамбас, 1943. – 279 б. (М.Багданова, Ө.Жакишев, К.Рахматуллин менен бирге).

Молдо Кылыч. 1949. – 200 б.

Бир туугандар. Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1946. – 92 б.

Биздин адабият. 8-класс үчүн. /Түзгөндөр: Т.Саманчин, Б.Алымов. – Ф.:Кыргызокуупедмамбас, 1964. – 293 б.; 1965. – 296 б.; 1967. – 296 б.; 1968. – 296 б.; 1970. – 296 б.; 1971. – 356 б. 1972. – 356 б.

Кыргыз адабияты. Орто мектептин сегизинчи классы үчүн хрестоматия. – Ф.: Мектеп, 1973. – 266 б. (А.Мамбеталиев менен бирге.)

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кассиль Л. Көк муз, темир аяз: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1935. – 27 б.

Белинский В. Г. Гогольго кат. Китепте: В. Г. Белинский. Тандалган чыгармалары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1948. 3 – 15 б.

Горький М. Чыгармалар жыйнагы. I т. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 525 б.

Горький М. Чыгармалар жыйнагы. II т. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 626 б.

Толстой Л.Н. Анна Каренина: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 568 б.

Рабиндранат Тагор. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 151 б.

Горький М. Тандалган чыгармалар. III т. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 485 б. (К.Эшмамбетов менен бирге.)

Чехов А. П. Ваня таяке: Пьеса. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 54 б.

Толстой Л. Н. Анна Каренина: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1978. – 539 б.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тазабек Саманчин, Кылыч жазуучу, акын, Ала-Тоо.-1989.-№8.-Б.138-150
  • Саманчин Тазабек, Кекликов Т., Достор арасында:Адабияттык эскерүүлөр.-Ф.,1990.-Б.-135-140;
  • Кеңешбекова Б., Тагдыры татаал инсан, Кыргыз Туусу.-1995.-11-март; Артыкбаев К.Таза татыктуу өиүр, Советтик Кыргызстан.-1989.-20-декабрь.;
  • Бектенов З., Асыл достукту эскерип..., Кыргызстан маданияты.-1989.-7-декабрь.-№49.-Б.10
  • Кекиликов Т., Унутулбас Тазабек, Кыргызстан маданияты.-1989.-7-декабрь.-№49.-Б.10.]]