Султан Ибраимов

Википедия дан

Султан Ибраимов (1927, Чүй району , Алчалы айылы – 1980, Бишкек) — мамлекеттик жана партиялык ишмер. 1978-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун төрагасы. 1943-жылдан колхозчу. Чүй райондук сугат системасы башкармасында гидротехник. Ташкент айыл чарба ирригация жана механизация инженерлер институтунун бүткөн соң (1954), Кыргыз ССР ИАнын суу чарба институтунда кенже ил. кызматкер. 1957-жылдан партиялык иштерде, 1961–66-ж. Кыргыз ССР суу чарба жана мелиорация министри. 1966-жылдан Кыргызстан КП БКнын катчысы. 1968–78-ж. партиянын КП Ош обкомунун 1-катчысы. 1978–80-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы. Эки Ленин, Октябрь Революциясы ордендери, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]