Чагылган

Википедия дан
Чагылган.

Чагылганатмосферадагы өтө чоң учкундуу разряд болуп эсептелет. Негизинен кара булут каптап, катуу жаан жааганда көп байкалат. Бир нече жүз метрден бир нече километрлерге чейин созулуп, жаркыроо жана катуу күркүрөгөн үн менен коштолот. Жарыктын ылдамдыгы 300 000 км/с, ал эми үндүн ылдамдыгы 331 м/с болгондуктан, алгач жаркыроо көрүнүп, андан кийин үнү угулат.

Чагылгандын электрдик талаасын ачкан биринчи адам ― америкалык физик Бенжамин Франклин болгон. Көптөгөн тажрыйба жүргүзүүнүн натыйжасында 1752-жылы батпаректин жардамы менен жүргүзүлгөн тажрыйбасы тууралу жазып чыккан. Андан бери технологиянын өнүгүшү менен чагылган тууралуу көп нерселер изилденген, көптөгөн теориялар айтылган.

Чагылгандын келип чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чагылгандын пайда болушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чагылган.

Чагылгандын пайда кылуучу негизги аймак булуттар болуп эсептелет. Булуттар бир нече катмардан турат. Жерден 3-4 километр бийиктикте суу буусу жана майда тамчылардан, андан бийигирээк болгондо алар муз бүртүкчөлөрүнө айланган абалда болот. Жерден тынымсыз көтөрүлүп турган жылуу аба агымынын натыйжасында майда тамчылар жана муз бүртүкчөлөрү да тынымсыз кыймылда болуп турат. Майда бүртүкчөлөр жеңил болуп, жылуу агым менен жогору көтөрүлүп, жолдо чоңураак бүртүкчөлөр менен кагылышып турат. Мындай тынымсыз сүрүлүүдөн улам майда муз бүртүкчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү оң, ал эми төмөн жакта калган бир аз ири бүртүкчөлөрү терс заряддалат. Ошентип, булуттардын жогорку катмарында оң заряддалган талаа, төмөнкү катмарында терс заряддалган талаа пайда болот. Бул талаалардын разряддалышынан улам булуттар арасындагы чагылгандар пайда болот. Булуттар арасындагы чагылгандардын узундугу 1-150км ге чейин болот.

1-баскыч[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мындай чагылгандар кээде жамгыр жаабаган учурда да байкалат. Ал эми жайкы жамгырдын убагында булуттардын төмөн жагында так эле ошондой кубулуш болуп турат. Мында, чагылгандын пайда болушу үчүн зарыл болгон чөйрөнү жаратууда негизги ролду тамчылар ойнойт. Булуттун төмөнкү катмарындагы суу буусунун малекулалары биригип отуруп, массасы кескин абалга жеткенде тамчы түрүндө төмөн карай түшөт. Суу буусуна каныккан булуттардын арасынан анын массасынын артышы менен ылдамдыгы өсөт. Булуттардын арасында абага сүрүлүүдөн улам суу тамчысынын атомдору электрондорун берүү менен оң заряддалат да анын айланасы, башкача айтканда, булуттагы талаа терс заряддалат. Ошентип, жамгырдын же кардын жаашы менен булуттардын арасында терс заряддар көбөйөт. Ал эми жерге жакындаганда абанын тыгыздыгынын көбөйүшүнөн жана буулануудан улам тамчынын ылдамдыгы азаят. Ал эми Жер бетине жакындаганда тамчы бууланат да, терс заряддалат. Демек, чөйрөдө оң заряддардын артышы келип чыгат.

2-баскыч[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Талаалардын разряддалышы.

Биринчи баскычта электрдик талаа кескин абалга жеткенде, алгач абадагы бош жүргөн электрондор тарабынан иондоштуруу башталат, б.а. электрдик талаанын таасири менен алар оң заряддалган талааны (жерди) көздөй өтө чоң ылдамдык менен учуп түшөт да жолундагы абанын атомдорун иондоштурат. Тактап айтканда, электрондук агым сызыктуу электрдик разряддарды – стримерди, өткөрүмдүүлүгү чоң болгон термоиондошкон жаркыраган каналды пайда кылат. Андан соң ал канал менен чагылгандын «лидер» деп аталган негизги соккусу өтөт. Лидер чагылгандын узундугу 50-100 км ге чейин болуп, ылдамдыгы ~ 108 м/сек га чейин жетет. Ушундай зор ылдамдыкта диаметри 2-3 см (диаметри 5-6 метрдик таажысын, б.а. өзөктүн айланасындагы электризацияланган аймактын диаметрин эске албаганда) болгон иондошкон аба катмарынын каналы аркылуу өткөнү менен температурасы Цельсий б-ча 25 000 -30 000° (Күндүн бетиндеги температурадан 5 эсе жогору) жетет. Чагылган өтө чоң жаркыроолор менен коштолот. Ошону менен бирге кубаттуу ультрафиолет жана рентгендик нурлануу кубулушу да жүрөт. Окумуштуулардын эсептөөлөрүнө караганда, чагылгандын энергиялык жаркыроосу Айдан да көрүүгө мүмкүн боло тургандай күчтүү болот.

Бирок, «сызыктуу» болгону менен биз чагылгандын изин бир калыпта түз сызыктуу болбогонун билебиз. Бул эмнеден келип чыгат? «Баскычтуу лидер» деген термин бул кубулушту белгилөө үчүн колдонулат. Мында ар бир баскыч – бул жарыктын ылдамдыгына барабар ылдамдыкта кыймылга келген электрондор абанын молекуласына урунган жерге чейинки аралык болуп эсептелет. Мында разряддын траекториясы өзгөрөт. Ошентип, чагылганда канчалык абанын молекуласына кагылышса, ошончолук багытын өзгөртүп кете берет.

Чагылгандын күчү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чагылгандан пайда болгон токтун күчү 10 000-20 000 Амперге чейин жетет. Жердеги нерсеге чагылган тийүү мүмкүнчүлүгү анын канчалык бийик жайгашканына жана электр тогун өткөрүмдүүлүгүнө жараша болот. Чагылгандын термикалык жана электродинамикалы таасиринен тышкары электромагниттик жана жарык нурдануусу менен коркунучтуу. Чагылган тийген бута, эгер жерге өткөрүп жиберүүчү нерсе жок болсо, чоң зыянга учурайт. Материалда чагылгандын зарядынан пайда болгон ток жүрүүчү тар каналдар түзүлөт. Ал каналдарда температура өтө жогору болгондуктан, чагылган тийген моментте нерсении кандайдыр бир бөлүгү эрип, кээде бууга айланып кетет.

Өтө кубаттуу чагылгандар кумга түшкөн убакта аны эритип жибергендиктен, дарактардын тамырына окшош формадагы айнек түтүкчөлөрдү – фульгуриттерди пайда кылат. Мында кумдун эрүү температурасы 1600-2000 градус Цельсий. Фульгуриттер ар кандай формада жана узундукта болот. Эң узуну 5 метрге чейин болгон.

Чагылгандын издери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чагылгандын издери (Eucalyptus caliginosa).

Жалгыз бактын чагылгандын бутасы болуу мүмкүнчүлүгү жогору, бирок, айрым токойлордо дээрлик ар бир экинчи даракта чагылгандын койгон белгиси болот. Чагылган башкаларга караганда эмен багына көп түшөт. Анын себеби, сөңгөк курамындагы электр каршылыгы көп болгон заттардан улам болору изилденген. Даракка тийген чагылгандын жолу электрдик каршылыгы аз болгон багытта болот да, андан бөлүнүп чыккан жылуулуктун өтө көп өлчөмүнөн улам суулар бууга айланып, дарактардын сөңгөктөрүн жарып чыгат. Дарак кургак болсо ошол замат өрттөнүп кетет.

Көпчүлүк учурда бийик дарактар, курамында сууну камтыгандыктан, чагылгандарды «тартып» алат да, жерге терең кирген тамырлары менен табигый чагылган тоскуч кызматын аткарып калат.

Шар түрүндөгү чагылган жана анын касиеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шар түрүндөгү чагылган.

Бул чагылган түрүнүн чыгышынын 200дөй теориясы каралган. Шар түрүндөгү чагылган кадимки сызыктуу чагылгандын натыйжасында пайда болгон, чектелген интенсивдүү жарык көбүгү – плазма десе болот. Шар түрүндөгү чагылгандын абада пайда болушу үчүн күчтүү газдык разрядды жаратуучу электрдик талаа болушу шарт. Анын ичинде жарыктандыруучу өтө чоң температура болушу мүмкүн. Себеби, газ Келвин б-ча бир нече миң градус температурада гана плазма түрүнө айланат да жаркыроону пайда кылат.

Шар түрүндөгү чагылган негизинен жаан-чачындуу, булуттуу аба ырайында, кээде күн тийип турган учурда да пайда боло берет. Ал көбүнчө өткөрүүчүлөрдөн же булуттун арасынан «суурулуп чыгат». Шар түрүндө болуп, диаметри 12-25 см ден 1 м ге чейин болот. Жерден бир метр бийиктикте горизонталдуу багытта 0,5-1 м/с ылдамдык менен учуп жүрөт. Кичинекей көзөнөктөрдөн, жылчыкчалардан өтүп кетүү же тоскоолдуктарды айланып өтүү касиетине ээ.
Шар түрүндөгү чагылган дале болсо табигаттын табышмактуу кубулуштарынын бири болуп келе жатат. Окумуштуулар ага мүнөздүү болгон айрым өзгөчөлүктөрдү түшүндүрүү менен гана чектелип келет. Шар түрүндөгү чагылган интенсивдүү электромагниттик нурлануунун булагы болуп эсептелет. Жогорку жыштыктагы электромагниттик нурланууну пайда кылган чагылгандар радиотехниканы, телефондорду жана трансформаторлорду иштен чыгарса, төмөнкү жыштыктагылары адамдын психикасына таасир этип, башын оорутуп, коркууну жаратып, галлюцинацияны пайда кылат.
Ошентсе да анын «өмүрү» өтө эле кыска, башкача айтканда, бир нече секунддан бир нече мүнөткө чейин абада калкып туруп, андан кийин жарылып, айрым учурда кичирейип отуруп абага сиңип кетет. Жөнөкөй абалында мындан жылуулук өтө аз чыгат. Бирок, жарылгандан чыккан энергия сууну буулантып же жанындагы нерселерди эритип жиберүүгө жөндөмдүү.

Мындан тышкары, шар түрүндөгү чагылгандын формасы козу карындын, тамчынын жана алмуруттун формасында да кезигери байкалган. Жер шарында бир убакта 100дөн 1000ге чейин шар түрүндөгү чагылган пайда болот, бирок, адамдын аны өмүрүндө бир жолу көрүү мүмкүнчүлүгү 0,01%ды түзөт.

Адам жана чагылган[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ачык жерлерде абадагы оң жана терс заряддар бирдей өлчөмдө болушат. Бирок, антеннага, электр зымдарына жана башка буталарга тийген чагылгандын 95% ы терс заряддардан улам болот. Чагылгандын разряды өтө кыска убакта 80 мкс (секунданын миллиондон бир бөлүгү) эң жогорку чекке жеткендиги менен өзгөчөлөнөт.

Чагылганга туш болгон адам токко тартылгандай эле патологиялык өзгөрүүлөргө дуушар болот. Эсинен танып, колу буту карышып, оор болсо дем алуусу жана жүрөгү токтоп калышы байкалат. Денеде токтун белгиси - «кирип чыккан» жерлери кызарып так болуп калат. Ал – чагылган тийген жердеги капиллярлардын кеңейип кетишинин натыйжасы. Чагылган тийгенде биринчи медициналык жардам өтө тез көрсөтүлүүсү керек. Абал оор болсо (дем алуусу же жүрөгү токтоп калган болсо) реанимация кылуу керек. Окуянын күбөсү алгачкы 10-15 мүнөт ичинде жардам көргөзбөсө, реанимация да жардам бербей калат.

Чагылган менен кездешүү тууралуу кызыктуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чагылгандын «каардуу» мүнөзүнөн башка табышмактуу сырлары көп. Алсак, кандайдыр бир адамга болгон ашыкча «арзуусу» менен да таң калтырып келет. 1950-жылы «Фейд» журналында төмөндөгүдөй баян жарык көргөн. Бир адам 1899-жылы Торонто шаарында (Италия) өз короосунан чагылган тийип өлөт. Туура 30 жыл өткөндөн кийин так эле ошол жерден ал адамдын баласы чагылгандын курманы болот. А 1949-жылдын 8-октябрында чагылгандык кезектеги сапары биринчи адамдын небереси, экинчисинин баласына туш келет. «Ата жолун жолдогон» ал адам да чагылгандан ажал табат.

Ошол эле журналда майор Саммерфорддун тарыхы жазылган. Ал 1918-жылы чагылган тийип, аттан учуп түшүп, денесинин ылдыйкы бөлүгү кыймылдабай калган. Майыптыгынан улам армиядан кетип, Ванкуверге барат. 1924-жылы чагылгандын дагы бир сокуусуна туш болот да, бу жолу денесинин оң жагы кыймылдабай калат. Эки жылда майор жакшы болуп, акырындап тиричиликке кошула баштайт. Бирок, 1930-жылы «ашык болгон» чагылган аны издеп таап үчүнчү жолу «кездешүүгө чыгат». Бул жолкусунда аны толук кыймылдан алат. Эки жылдан кийин каза болгон майордун тарыхында бул окуялар таң каларлык кокустук катары кала берет эле. Бирок... 1934-жылы Ванкувердеги көрүстөнгө чагылган түшөт. Чагылгандын соккусу Саммерворддун мүрзөсүнө тийип, аны талкалап кеткен.

Ал эми Жапонияда тоого чыккан жаш натуралисттер катуу жаанда калып, коопсуздук үчүн альпинисттердей арканга тизилип алышкан. Ошол маалда аларга чагылган тийген. Эң кызыгы, бир арканда тизиле жетелешкен балдардын биринчи, үчүнчү, бешинчиси чагылгандын курманы болгон. Калган жуп катарда тургандарга эч кандай зыян келген эмес.

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаар үстүндөгү кубаттуу чагылган.

Кадимки чагылган чейрек секундага созулат.

  • Чагылган 10-40 миң ампер ток күчүн алып жүрөт да болжол менен секундасына 56 000 км жол басып өтөт.
  • Бардык заряддардай эле каршылыгы төмөн жолду тандайт. Ошондуктан, бир түшкөн жерге бир нече жолу кайра түшкөн учурлар көп кездешет.
  • Статистикалык маалыматтарга караганда, дүйнөдө ар бир мүнөт сайын 6000 чагылган түшүп турат. Ал эми бул жалпы чагылгандардын 20 % ын гана түзөт. Калган 80% ы булуттар арасында болуп турат.
  • Чагылгандын орточо узундугу 9,5 км болот.
  • Чагылгандын температурасы 30 000 градус Цельсийге жетет. Бул Күндүн кыртышынын температурасынан 5 эсе ысык.
  • Айрым эсептөөлөргө караганда, ар жылы Россияда 550 адам, АКШда 200 адам чагылгандын курмандыгы болот.
  • Чагылган тийгендердин болжол менен 50% ы курман болот.
  • Статистикалык маалыматтарга караганда, чагылганга кабылган эркектердин саны аялдарыкына караганда 6 эсе көп болот. Мунун себеби эркектердин ачык асман алдында көп жүргөндүгү менен аныкталат.
  • Чагылган Венера, Сатурн, Уран жана Юпитерде да байкалат.
  • Кумга түшкөн чагылган кумду эритип, айнек түтүкчөлөрүн пайда кылат.
  • Орустардын ишеними боюнча жамгыр жаап жатканда уйдун жанында турбаш керек. Себеби, ал жерден чагылганга кабылуу мүмкүнчүлүгү чоң. Көптөгөн уйчулардын чагылгандан өлгөндүгү мунун далили катары эсептешкен. Статистикалык маалыматтарга караганда Францияда ар жылы миллион жолу чагылган түшөт жана андан бир нече ондогон адам, 10 миңге жакын уй өлөт.
  • Чагылгандардын дагы бир табышмагы – нерселерди тандап алгандыгы. Мисалы, сырткы кийимине тийбей, ич кийимин күйгүзгөнү, капчыктагы тыйындарды эритип, жабыштырып, алар менен кошо болгон кагаз акчаларга зыян келтирбеген учурлар көп катталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мезенцев В. Энциклопедия Чудес. - Фрунзе,1990.

Интернет шилтемелери[түзөтүү | булагын түзөтүү]