Эндометрит

Википедия дан

Эндометритжатындын ички былжыр челинин (эндометрийдин) сезгениши.
Эндометрит аборт жана төрөт учурунда жатынга инфекциянын кириши, ошондой эле жугуштуу оорулардын (мисалы, сүзөк, кургак учук) кабылдашынан пайда болот. Козгогуч кирген жер сезгенип, эндометрий гана эмес жатындын булчуң катмары да жабыркайт. Эндометрит катуу кармашы жана өнөкөт түрүндө өтүшү мүмкүн. Оору катуу кармаган учурда оорулуунун алы кетип, температура көтөрүлөт, ичтин төмөн жагы ооруйт, жатындан кан аралаш суюктук бөлүнөт.
Оорунун өнөкөт түрүндө эти ысыбайт, ооруган жери сезилбейт. Көпчүлүк учурда энелик бези, жатын түтүгү кошо сезгенет. Жатын булчуңунун жыйрылышы начарлап, этек кир көп келет. Мындай учурда аялдын боюна болбойт. Дарылоо ооруну пайда кылган инфекцияга жана оорунун стадиясына жараша жүргүзүлөт.
Эндометриттин алдын алуу үчүн аялдар тазалыкты сактап, жатынга, жыныс органдарына суук тийгизбей, сезгенүү ооруларын өз убагында дарылоосу керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8