Эшимбеков, Касымаалы

Википедия дан
Эшимбеков, Касымалы
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Эшимбеков, Касымалы
Туулган жылы: 1907-жыл
Туулган жери: Кара-Жал айылы, Кара-Кол уезди, Кыргыз ССРи
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр жана кино артисти
Наамдары: Кыргыз Республикасынын эл артисти
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1926-жылдан баштап
Театр: Кыргыз мамлекеттик драма театры

|Эшимбекков, Касымалытеатр жана кино артисти.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эшимбеков Касымаалы (1907, Каракол уезди, Каражал айылы — 1957, Фрунзе) — артист, Кыргыз ССР эл артисти (1939). Кыргыз профессионал театрын негиздөөчүлөрдүн бири.
Сахна ишмердигин 1927-ж. Кыргыз музыкалуу драма студиясынан баштаган.
Эшимбеков улут мүнөзүн, эл турмушун жана чыгармачылыгын терең билген артист болгон.
Heгизги ролдору: музыкалык драмаларда — Калыбек (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз»), Султанбек (У. Гажибеков, «Аршин мал алан»), операларда — Толтой, Кыргылчал, Нурбай (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Айчүрөк», «Манас», «Көл боюнда»), Трике (П. Чайковский, «Евгений Онегин»), Суворов (М. Бехтерева, А. Разумовский, «Кол башчы Суворов»), Шульга (А. Фадеев, «Жаш гвардия») жана башка.
1939-ж. Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүгунө катышкан. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.