Өпкөнүн сезгениши

Wikipedia дан
Өпкөнүн сезгенишинин ар кандай түрлөрүнүн схемалык көрсөтүлүшү: 1—өпкөнүн соо тканы (салыштыруу үчүн); 2— бронх тегерегинин сезгениши; 3— бөлүктөр арасынын сезгениши; 4— очоктуу сезгенүү (бронхопневмония); 5— крупоздуу сезгенүү.

Өпкөнүн сезгениши (пневмония) — өз алдынча же башка оорулардын кабылдоосу катары инфекция пайда кылуучу өпкөнүн оорусу.

Пайда болгон себептери[оңдоо]

Өпкөнүн сезгениши жукпайт, бирок аны бактериялар (пневмококк, стрептококк, стафилококк) жана вирустар (грипп, аденовирустар) козгойт. Козгогучтар адатта бронхтор аркылуу кирет. Суукка урунуу (айрыкча нымдуу жерде), кара күч жана акыл эмгегинен ашыкча чарчап чаалыгуу, өпкө оорулары, жетишсиз тамактануу, тамеки тартуу сыяктуу факторлор дем алуу жолундагы микрофлораны активдештирип, өпкөнүн сезгенишинин пайда болушуна түрткү болот.

Бөлүнүшү[оңдоо]

Өпкөнүн сезгениши катуу кармаган жана өнөкөт болуп бөлүнөт.

  • Катуу кармаган өпкөнүн сезгенишинин клиникалык формалары крупоздук жана өзөктүү (же бронхпневмония) болуп айырмаланат. Өпкөнүн тутумдаштыргыч ткандарынын сезгенүүсүн пайда кылуучу формасы да болот, алар грипп жана ага окшош оорулардын кабылдоосу катары учурайт. Өпкөнүн сезгенишин пневмококктор пайда кылат; ал адатта суук тийгенде болот. Оору кокусунан чыйрыктырып башталат, дененин темпрасы 39—40° Сге чейин көтөрүлөт. терең дем алганда жана жөтөлгөндө көкүрөк көөдөнү күчөп ооруйт. Биринчи суткада кургак жөтөлүп, андан соң илээшкек, кээде кан аралаш какырык чыгат. Эринге, мурундун тегерегине учук чыгып, бети албырат, демигет. Оорулуу адатта ооруканада дарыланат. Өз убагында дарыланса, бир нече күндөн кийин сакайып кетет.

Өзөктүү өпкөнүн сезгениши[оңдоо]

Өзөктүү өпкөнүн сезгениши (бронхпневмония) көп учурда башка оорулардын кабылдоосунан болот. Жөтөлөт (кургак же какырыктуу), дем алганда жана кыймылдаганда капталы оорушу мүмкүн. Дененин температурасы 38°Сге чейин көтөрүлүп (кээде андан да жогору), 3—5, кээде 10 күнгө чейин төмөндөбөйт. Оорулуунун алы кетип, көп тердейт, айрыкча түнкүсүн демигет. Өпкөнүн сезгениши демейде вирустар пайда кылат. Оору акырындап күчөп, организмди начарлатат. Өпкөнүн сезгенишин өз убагында туура дарылаганда 3—4 жумада оорулуу толук айыгат. Антибиотиктерди туура эмес пайдаланып, өзүн өзү дарылоодон оору улаарып, өнөкөт түрүнө өтөт.

  • Өнөкөт өпкөнүн сезгениши катуу кармаган өпкөнүн сезгенишинен кийин өпкө ткандарынын иштөөсү жана структурасы толук калыбына келбей калганда же өнөкөт бронхиттин кабылдоосу катары келип чыгат. Ошондой эле дем алуу жолундагы, мурундун кошумча коңулундагы инфекция, организмди начарлатуучу жана аллергиялык таасир этүүчү өнөкөт инфекция жана интоксикация, аракечтик, чөйрөнүн суук, газдуу, чаңдуу жана башкалар факторлору да түрткү берет. Өнөкөт өпкөнүн сезгениши жакшы болуп, кайра кармайт. Анын белгилери катуу кармама өпкөнүн сезгенишине окшош (какырыктуу жөтөл, демигүү, көкүрөктүн оорушу, дененин ысышы) болуп, бирок катуу кармама өпкөнүн сезгенишинен айырмаланып бул белгилер акырын басаңдап, бирок толук айыгып кетпейт. Оорунун кайталап кармашы оорулуунун организминин өзгөчөлүгү жана чөйрө шартына жараша болот. Оорунун тез-тез жана узакка кармашы өпкө тканынын склерозуна (пневмосклероз) жана бронхоэктазга алып келет. Өпкөнүн сезгениши менен ооругандарды ооруканада дарылоо максатка ылайык, эгер үйдө дарыланса, төшөккө жатуу зарыл. Дарылоо натыйжалуу болуу үчүн антибиотикти туура жана жетиштүү дозада берүү өтө маанилүү. Дарыны өз алдынча беймаал кабыл алуудан микробдор ага көнүп, аны дарылоо кыйындайт. Ооруну айыктыруу үчүн дары-дармек менен катар банка, горчичник коюп, электр менен дарылоо, дем алуу гимнастикалары жана башкалар колдонулат. Ошондой эле организмдин коргонуу күчүн арттыруучу чаралар (жакшылап тамактануу, гигиеналык аракеттер жана башкалар) көрүлөт. Оорулуу жаткан бөлмөнүн абасы таза болуш керек. Какырыкты капкагы бурап жабылма идишке чогултуп, жаман жыт чыгарбоо үчүн түбүнө марганцовканын коюу эритмесинен бир аз куюп койсо болот. Бейтаптын абалына сак көз салып, чыйрыкса жылуулап жаап, ысык чай берип, бутуна жылыткыч коюу сунуш кылынат. Кан түкүрүп же демиге баштаса, дароо врач чакыруу зарыл, ал келгенче оорулууну отургузуп же жаздыкка бийик жаздоо сунуш кылынат. Айыктыруучу физкультура дене температурасы калыбына келгенде гана уруксат берилет.

Алдын алуу[оңдоо]

Өпкөнүн сезгенишин алдын алуу чараларына жалпы организмди чыңдоо, аракечтик, тамеки тартууга каршы күрөшүү, инфекция очогун жоготуу, бронхитти өз убагында дарылоо, тиричилик жана жумуш шартын жакшыртуу кирет.

Кичинекей балдардын өпкөсүнүн сезгениши тууралуу[оңдоо]

Бир жашка чейинки балдардын өпкөнүн сезгенишинин айрым өзгөчөлүктөрү бар. Айрыкча начар, ара төрөлгөн, итий, аз кандуулук менен ооруган, гипотрофия болгон балдар көп ооруйт. Балдарда өпкөнүн сезгениши өтө оор өтөт, убагында медициналык жардам көрсөтүлбөсө өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Балдарда Өпкөнүн сезгениши көбүнчө грипп, сасык тумоонун кабылдоосунан болот. Өпкөнүн сезгенишинин алгачкы белгилери: бала демигет, мезгил-мезгили менен бети, айрыкча эрди менен мурдунун тегереги көгөрүп, ичи өтүшү мүмкүн (Диспепсия), уйкусу качып, тамакка табити тартпай, эмчек эмбей кулгуйт, кусат, эмчек эмгенде бети көгөрөт, арыктайт. Кээде кыркырап, онтоп дем алып, ууртунан көбүктүү шилекей чыгып, мурдунан суу агат, жөтөлөт. Кичинекей балдардын, айрыкча ымыркайлардын өпкөнүн сезгениши опурталдуу. Дене температурасы 37,1—37,3° С, кээде денеси ысыбай эле баланын абалы өтө оор болот. Оорунун белгиси билинер замат врачка кайрылуу керек. Мындай оорулуу баланы туура багуу жана дарылоо оорукана шартында гана камсыз болот. Эгерде баланы үй шартында дарылоого туура келсе, аны тынч бөлмөгө жаткызып, жакшылап көз салуу зарыл. Ал жаткан бөлмөнүн чаңын суу чүпүрөк менен күнүнө сүртүп, тез-тез желдетип, аба өтө кургак болсо ным сүлгүнү үй жылыткычка жаап коюу керек. Балага денесин кыспаган кийим кийгизип, улам бир капталына жаткырып, колго алып туруу балага жеңилдик берет. Баланы суук мезгилде форточкасын ачып, жылуу мезгилде терезени ачып уктатуу керек. Врачтын уруксатынан кийин гана сыртка сейилдетүүгө болот. Оору 2ден 8 жумага чейин созулат. Өпкөнүн сезгениши көбүнчө ортоңку кулактын сезгениши (к. Отит) жана плеврит сыяктуу кабылдоолорго алып келиши мүмкүн. Балдардын өпкөнүн сезгенишинин тез жана так сакайышы врачтын көрсөтмөсүн ата-эненин так аткарышына жараша болот (Дем алуу системасы макаласын караңыз).