Муратбек Кожобеков

Википедия дан
Муратбек Кожобеков
Ишмердүүлүк тармагы:

Тарыхчы

Туулган датасы:

14 -октябрь 1958(1958-10-14) (65 жаш)

Туулган жери:

Кум-Арык , Панфилов району, Чүй облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Атасы:

Чалаке Кожобеков (1910—1990)

Апасы:

Тойбүбү Болотбек кызы (1928—1991)

Жубайы:

Гүлзат Кожобекова

Муратбек КожобековКыргызстандын заманбап тарыхчысы, Эне-Сай кыргыз каганатынын тарыхы боюнча адис, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Муратбек Чалаке уулу Кожобеков 1958-жылы 14-октябрда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Кум-Арык айылында туулган.

Атасы - Чалаке Кожобеков (1910-1990). Башка маалыматка караганда, 1906-жылы туулган делет. Кыргыздын накай уруусунан болот. Энеси - Тойбүбү Болотбек кызы (1928-1991) - кыргыздын суумурун уруусунан.

Атасы - заманбап кыргыз тарыхчысы Жаныбек Жакыпбековдун бир тууган агасы болот.

Жакыпбек менен Чалаке - накай уруусунан чыккан Кожобектин балдары.

Мурат Кожобеков 1976-жылы Кум-Арык айылындагы орто мектепти аяктаган.

Ошол эле жылы Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетине тапшырган.

1980-82-жылдары Советтик аскерлердин катарында Сахалинде кызмат өтөгөн. Аскерден келип, окуусун уланткан.

Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган.


1987-1992-жылдары Кыргыз Илимдер академиясынын кол жазмалар бөлүмүндө илимий кызматкер болуп эмгектенген.

1992-1996-жж. – КУУнун тарых факультетинде ага окутуучу.

1997-жылы кандидаттык диссертациясын белгилүү чыгыш таануучу, кыргыз таануучу, профессор Өмүркул Караевдин жетекчилиги астында Бишкекте Кыргыз УИАсында коргогон.


Диссертациясынын темасы: «Орто кылымдагы кыргыздардын этносаясий тарыхынын өнүгүү баскычтары».

Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын мүчөсү болгон. Азыр Кыргыз Тарых Коомунун мүчөсү.

1996-99-жылдары “Азаттык” үналгысынын жергиликтүү кабарчысы.

1999-2005-жж. - "Манас" атындагы Кыргыз-Түрк университетинде ага окутуучу.

2005-2011-жж. - "Манас" атындагы Кыргыз-Түрк университетинде Гуманитардык факультеттин тарых бөлүмүндө доцент болуп иштеген.

Учурда "Манас" атындагы Кыргыз-Түрк университетинде профессор болуп иштейт.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү.

Жубайы - Гүлзат.

Эки уул, бир кызы бар.

Илимий жана агартуучулук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Энесай кыргыздарынын этностук-маданий тарыхы боюнча адис.

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент. М.Ч.Кожобековдун илимий изилдөөчүлүк багыты кыргыз тарыхынын Энесай дооруна багышталган.

Автордун калемине Энесай кыргыздарынын (5-12-к.к.) этностук тарыхына, этногенезине, материалдык жана руханий маданиятына байланышкан эмгектер таандык.

Изилдөөчүнүн байыркы кыргыздардын Тан доорундагы Кытай, Тибет, Түрк каганаттары, түргөштөр жана башкалар менен болгон саясий-дипломатиялык, чарбалык уклады, жазма маданияты боюнча эмгектерин белгилөөгө болот.

Мындан сырткары, автор байыркы кыргыздардын салттуу маданияты, каада-салты, тамак-ашы, диний жөрөлгөлөрү, философиялык-диний көз караштары, уруулук курамы, мамлекеттик тузүлүш структурасы боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүдө.

Илимий жетекчилик кылган доктордук (PhD) диссертациялар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Aбдыкулова Роза, XIX к. экинчи жарымы XX кылымдын башталышындагы Орто Азия менен Осмон мамлекеттеринин байланыштары тууралуу архивдик документтер. - KТМУ 2006.

Илимий жетекчилик кылган магистрдик диссертациялар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарых илим. канд., доцент Муратбек Чалакеевич Кожобеков. Бишкек шаары. 2012-жылдын 28-октябры.

1. Taлканбаева Мария, Памир кыргыздарынын этникалык жана маданий тарыхы. - КТМУ 2005.

2. Aбыкеева Гүлжан, Kыргыз уруучуларынын саясий түзүлүшү. - KТМУ, 2007.

3. Максат Исраилов. Кыргыздардын ири мүйүздүү малды асыроо салты. – Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi, 2012.

4. Сebrail Nergiz. Eski Türklrede ölü gömme geleneklerininin antropolojik yönden incelenmesi, Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi, 2012. [1]

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1989-жылы июндан 1995-жылга чейин Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын (1995-жылдан 2010-жылга чейин - Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун) мүчөсү болуп келди.

1990-жылдары кыргыздардын орто кылымдардагы тарыхына байланыштуу ар кыл илимий эмгектерин, макалаларын жарыялады, дарстар окуду, тарыхый жүрүмдү пост-советтик доордо калыс чагылдыруу жараянына салым кошту.

Кыргызстандын тарыхын жаңыча иликтөө боюнча бир катар макалалары жана маектери “Азаттык” үналгысы аркылуу обого чыкты.

Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жарыяланган эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кожобеков, Муратбек Чалакеевич. Кыргыз каганатынын тарыхы / Илимий ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Университет» басмаканасы, 2013. - 188 б., карта, сүрөттөр. - “Тарых жана мурас” түрмөгү [Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” кору; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБ.] - ISBN 978-9967-02-942-2.
  • Кожобеков М.Ч. Тарыхый уламыш, салттуу санжырадагы кыргыз этногониясы // Кыргыз-түрк «Манас» университети. Коомдук илимдер журналы. - 2001. - № 1.
  • Кожобеков М.Ч. Орто кылымдагы Кыргыз каганатындагы билим туурасында // Кыргыз-түрк «Манас» университети. Коомдук илимдер журналы. – Бишкек, 2002. - № 3.
  • Кожобеков М.Ч. Улуу державанын сонундагы Кыргыз мамлекетинин абалы // Кыргыз-түрк «Манас» университети. Коомдук илимдер журналы. - 2003. - № 8.
  • Кожобеков М.Ч. “Oсмонаалы Сыдык уулунун өмүр баянына айрым тактоолор” // Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi. Sosyal Bilimler Enstitüsü, 2005, - № 14. - s. 13-28.
  • Кожобеков М.Ч. Орто кылымдардагы кыргыздардын этносаясий тарыхынын негизги өнүгүү баскычтары (V—X кк.): Тарых илим. канд. ... дисс. авторефераты. — Бишкек, 1997. — 23 б.
  • Караев О.К., Кожобеков М.Ч. О переселении енисейских киргизов на Тянь-Шань // Вопросы этнической истории киргизского народа / Отв. ред. О.К.Караев, И.Б.Молдобаев. — Фрунзе: Илим, 1989. — С. 41—66.

Редакциялаган эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Осмонаалы Сыдыков. «Мухтасар тарых Кыргызиа», «Тарих кыргыз Шадманиа» / Жооптуу редактор. Баш сөз, комментарийлер жазган жана түзүүчү. – Бишкек: «Турар», 2014. – 230 б.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маркум профессор Өмүркул Караевдин (1930-2002) мүрзөсүндөгү эстеликтин жанында. Анын шакирти Муратбек Кожобеков. Көк-Жар кыштагынын чыгышы. 06.10.2015.


  • Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын изилдеген илимпоз Муратбек Кожобековдун 60 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз каганаты тарыхы жана кыргыз таануу маселелери” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары (КМУ, Бишкек, 23.11.2018) / Илимий редакторлор Т.К.Чоротегин, О.К.Каратаев. – Бишкек: MaxPrint басмасы, 2018. – 378+ii б., сүрөт. – И.Арабаев атындагы КМУ. – “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – “Мурас” фонду. – “Тарых жана мурас” түрмөгү. – ISBN 978-9967-12-767-8. (Материалы международной научно-практической конференции, посвященной 60летнему юбилею ученого Муратбека Кожобекова, исследующего историю Кыргызского каганата на Енисее: (КГУ, Бишкек, 23 ноября 2018 г.) / Науч. ред. Т.К.Чоротегин, О.К.Каратаев. – Бишкек: Изд-во MaxPrint, 2018. – 378+iiс., илл. – Кыргыз. гос. ун-т им. И.Арабаева. – Международное общественное объединение «Кыргыз Тарых Коому». – Фонд “Мурас” при Аппарате Президента Кыргызской Республики. – Серия “История и наследие”. - The Proceedings of the international scientific conference devoted to the 60th anniversary of Dr. Muratbek Kojobekov, the scholar who studies the history of the Kyrgyz Khaganate in the Yenissei basin: (KSU, Bishkek, 23 November 2018) / Edited by T. Chorotegin, O.K.Karatayev. – Bishkek: MaxPrint Printing House, 2018. – 378+ii p., ill. – The Kyrgyz State University named after I.Arabayev. – The Kyrgyz History Society International Public Association. – The Muras Foundation under the Office of the President of the Kyrgyz Republic. – The History and Heritage Series.)
  • Улуу Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: Кыргызтаануу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференциянын материалдары: (2012-жылдын 15-16-ноябры). 1-бөлүм. Материалы Международной научной конференции «Кыргызский каганат в контексте тюркской цивилизации: Проблемы кыргызоведения», посвященной к 1170-летию образования Великого Кыргызского каганата (15-16 ноября 2012 г.): Часть 1. / Редколлегия: С.А.Раев (төрага), Б.М.Жумабаев, Т.К.Чоротегин, А.Р.Бикбулатова (катчы), Н.Момошева, Т.Сырдыбаев. – Бишкек: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети; Кыргызский национальный университет им. Ж. Баласагына, 2012. - 170 бет. - ISBN 9967-21533X.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 12 -октябрь (тогуздун айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 29 -сентябрь (аяк оона) 2018.