"Барбол" Ата-Мекендик өндүрүш

Википедия дан

Барбол ― кондитердик жана нан азыктарын өндүрүүгө багытталган жергиликтүү Ата-Мекендик өндүрүштүк компания.

Компания жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Барбол компаниясы 2008-жылы жаш ишкер Канатбек Акаев тарабынан негизделген.Жетекчибиз компанияны ачууда бир гана өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн гана кызыкчылыгын ойлобостон, миграциянын азайышына аз да болсо салым кошуу максатында, жумуш орундарын түзүүгө потенциалы чоң деп эсептелген өндүрүш тармагын тандап алган. Компания түзүлгөндөн тарта максатына карай 13 жылдык сапарында көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Көптөгөн жумуш орундарын түзө алдык. Азыркы учурда өлкөбүздүн түштүгүндө жайгашкан Ош, Жалал-абад, Ноокат шаарларында жайгашкан 10 фирмалык дүкөнүбүз иштейт. Ошондой эле, түштүктө бир нече соода түйүндөрү менен кызматташабыз. Кардарларыбызды сапаттуу, даамдуу азыктар менен камсыздоо максатында, көп ирет Голландиялык, Орусиялык, Казахстандык технологдорду чакырып, ассортименттерибизди кеңейтип, өндүргөн азыктарыбыздын сапаттарыны жакшырттык.Ал жемиштүү кызматташуулардын жыйынтыгы катары азыркы күндө Барболдун өзүнүн күчтүү технологдору пайда болду. Кызматкерлерибиз компаниябыздын ички академиясында билим алып, карьералык тепкичтерден өтүп келүүдө. Ишканабызга эффективдүү, заманбап менеджмент системасын орнотуу аракеттерибиздин натыйжасында персонал, финансы, маркетинг, PR, соода, өндүрүш багыттарында келечектүү жаш менеджер кадрларыбыз өсүүдө.

Барболдун максаты:
Элибизге мейман-достук сезимдерди жана майрамдык маанай тартуулоо.

Барболдун жыйынтыкталган баалуу өндүрүмү:
Кардарларыбызга өз убагында, кечиктирилбестен жеткирилип турган, сылык сатуучуларыбыз тарабынан тез жана жакшы сатылган, даамдуу, жаңы, адал кондитердик жана нан азыктары.

Барболдун максатка жетүү жолдору:

  1. Биз шайкештик сертификаты бар торт, токоч, кекс сыяктуу шириндиктердин түрлөрүнү жана кара буудайдан жасалган нандарды өндүрөбүз.
  2. “Кыргыз Республикасындагы Халал индустриясыны өнүктүрүү борбору” менен тыгыз байланышта болуп, алардын окууларынан, сертификациялоо кызматтарынан өтүп турабыз.
  3. Голландиялык, Орусиялык, Казахстандык тажрыйбалуу технологдор менен кызматташып, ассортиментибизге жаны азыктардын түрлөрүнү кошуп, өндүрүп жаткан продукцияларыбыздын сапаттарыны тынымсыз жакшыртып турабыз.
  4. Ишканабыздын ички академиясында компетенттүү инструкторубуз эмгектенет жана анын кызматы аркылуу кызматкерлерибиздин билим деңгээлдерин жогорулатып турабыз.
  5. Өндүргөн продукцияларыбыз фирмалык дүкөндөрүбүз, супермаркеттер, минимаркеттер, азык-түлүк магазиндери, базарлардагы соода түйүндөрү аркылуу жаңы бышырылган абалда, сактоо мөөнөттөрүнө жеткирилбестен сатылып турат.