Жаш манасчылар

Википедия дан
"Жаш манасчылар"‎»‎ барагынан багытталды)

“Жаш манасчылар” (“Юные сказители”) — бир бөлүмдүү, кең экрандуу, кыска тасмалуу даректүү тасма. 1980-ж. тартылган. Фильмдин режиссёру Р. Байтемиров, оператору С. Макекадыров, үн оператору В. Лысенко, редактору С. Карымшаков, фильмдин сценарийин жазган Б. Сарыгулов, директору Д. Иманалиева. Фильм белгилүү илимпоз-философ А. Салиевдин кириш сөзү менен башталат. “Манас” эпосун , анын “Семетей”, “Сейтек” жана башкалар бөлүмдөрүн Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу сыяктуу эпостун негизги сюжеттик өзөгүн сактап, көркөмдүк сапатын арттырып, өнүктүрүп, молуктуруп айткан таланттуу айтуучулар эми чыкпайт го деген суроого жооп катары тартылып жана “эл ичи өнөр кенчи” экендигин, дагы далай таланттар жарала турганына көрүүчүлөрдү ынандырат. Жаш манасчы 6 жаштагы Асылбек Сыйдановдун “Манас” айтуу манерасы Саякбай Карала уулун элестетет. Ал тогуз баланын кенжеси, 5 жашынан эле “Манас” айта баштаган. Оттук 8 жылдык мектебинин 4-классынын окуучусу Бапа Турганбаев, “Манасты” Асылбек айтып токтогон жерден улайт. Бападан кийин анын курбусу Төлөш Омокеев андан нары узартат. Бул экөөнүн “Манас” айтуу ыкмасы Сагымбай Орозбак уулун элестетет. Бул үч манасчы көл кылаасынан. Ал эми таластык 11 жаштагы Бактыбек Акиев “Манасты” Төлөш токтогон жерден улап бир топ айткандан кийин, кезектеги Ключевка орто мектебинин окуучусу 15 жаштагы Узейин Эсенамановго берет. Жаш манасчылардан чечендикти, чыгармачылык кудуретин, чеберчилигин талап кылган эмес. Кино тартуучулардын максаты алардын “Манас” айтуу ыкмаларын гана көрсөтүп, бири баштап токтогондон кийин, экинчиси, үчүнчүсү улашын, такалбай, жаңылбай айтышын көздөгөн. Фильм А. Салиевдин элдик эпосту айтуу муундан-муунга өтө тургандыгына ишенген сөзү менен аяктайт.